Нахичеван

Википедия дан
Нахичеван.

Нахчыван (азе. Naxçıvan) — Нахчыван Өзеркин Республикасынын административдик борбору. Азербайжан Республикасындагы шаар. Нахчыванчай дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 74,1 миң (2012). Темир жол бекети. Тамак-аш, жеңил өнөр жай, электр, радио-техникалык буюмдар, эмерек, курулуш материалдар өндүрүштөрү иштейт. Таш туз казылып алынат. Азербайжан ИАнын илимий борбору. Университет, музейлер, сүрөт галереясы, музыкалык драма театры жана башка бар.

12-кылымдын архитектурасынын бермети болгон Кусейирдин уулу Жусуптун жана Момине хатундун мавзолейлери сакталган. Байыркы тургун жайлар болжол менен биздин заманга чейинки 1500-жылы сопу Ной тарабынан негизделген деп (армян жазууларына таянып) божомолдонот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]