Темир Сариев

Википедия дан
Темир Аргембаевич Сариев
Темир Аргембаевич Сариев
Желек
Желек
Кыргызстандын премьер-министри
желек
желек
2-май 2015-жыл — 11-апрель 2016-жыл
Президент: Алмазбек Атамбаев
Андан мурунку: Жоомарт Оторбаев
Андан кийинки: Сооронбай Жээнбеков
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн төрагасынын орун басары
желек
желек
8-апрель 2010 — 14-июль 2010
Президент: Алмазбек Атамбаев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын экономика министри
желек
желек
24-декабрь 2011 — 30-апрель 2015
Өкмөт башчысы: Өмүрбек Бабанов
Жантөрө Сатыбалдиев
Жоомарт Оторбаев
Андан кийинки: Олег Панкратов
 
Дини: ислам
Туулган жылы: 17 -июнь 1963(1963-06-17) (60 жаш)
Туулган жери: Төш-Булак айылы, Сокулук району, Чүй облусу , Кыргыз ССР, СССР
Билими: Кыргыз мамлекеттик улуттук университети
Кесиби: экономист
 
Сыйлыктары:
3- даражадагы «Манас» орени
3- даражадагы «Манас» орени

Темир Аргембаевич Сариев (17-июнь 1963-жылы, Төш-Булак айылы, Сокулук району, Кыргыз ССР) — кыргыз мамлекеттик ишмери. Кыргызстан убактылуу өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, каржы министри, «Ак-Шумкар» саясый партиясынын төрагасы. 2015-ж. 2-майынан 2016-ж. 11-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп иштеген.

Биографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1963-жылдын 17-июнда Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылында төрөлгөн.

Билими – жогорку: 1989-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча бүтүргөн. 2000-жылдан 2007-жылга чейин Жогорку Кеңештин 2 жана 3-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Мамлекеттик кызматтын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ. Үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.[1]
  • 1983-жылы эмгек ишмердигин Аламүдүн тери фабрикасында экспедитор болуп иштөө менен баштап, бир катар кызматтарды аркалаган, 1987-жылы экономист кызматын ээлеген.
  • 1987-1989-жылдары комсомолдук ишинде, алгач үйрөтүүчү кызматын ээлеп, андан соң Аламүдүн райком комсомолунун эмгек жаштарынын бөлүм башчысы болуп иштеген.
  • 1989-1991-жылдары партиялык кызматта турган. Андан соң Аламүдүн райкомунун КПКсында уюштуруучу бөлүмүндө үйрөтүүчү кызматын ээлеген, Аламүдүн райаткаруу комитетинде аппарат жетекчиси, Аламүдүн райаткаруукомитетинде төраганын орун басары болгон.
  • 1991-жылдан тарта Кыргыз товар-чийки зат биржасын негиздеп анын биринчи президенти болуп, аны 1995-жылга чейин жетектеген.
  • 1995-жылы "Тотон" каржы-өнөр жай фирмасынын мүдүрү.
  • 2000-2007-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү.
  • 2005-жылы Кыргызстандын Конституциялык кеңешинин мүчөсү.
  • 2007-жылы "Реформа үчүн!" кыймылынын теңтөрагасы, катарлаш эле "Демократиялык күчтөр Союзунун "Акшумкар" саясый партиясынын теңтөрагасы.
  • 2008-жылдын июнь айында "Демократиялык күчтөр Союзунун "Акшумкар" саясый партиясынын төрагасы болуп шайланган.
  • 2008-жылдын 24-декабрында Кыргызстандын "Бириккен элдик кыймылынын" саясый бюросунун мүчөсү болгон.
  • 2010-жылдын 8-апрелинде Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, Каржы министри болуп дайындалган.
  • 12.2011-04.2015-жж. Экономика жана монополияга каршы саясат министри болуп дайындалган.[2]
  • 2015-жылдын 2-майынан 2016-ж. 11-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.[3]

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]