Портал:Кыргызстан

Wikipedia дан
Кыргыз туусу.png «Кыргызстан» порталына кош келиңиз! National emblem of Kyrgyzstan.svg

өзгөртүү 

КыргызстанПортал:Кыргызстан

Кыргызстан (англ. Kyrgyzstan, Kyrgyz Republic)Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк –чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Борбор шаары - Бишкек. Калкынын саны - 5 540 001 адам (111-орунда, дүйнөдө), аянты — 198 500 км². Мамлекеттик улуттук тили — кыргыз, расмий тили - орус. Акча бирдиги — сом (KGS).

өзгөртүү 

КыргызстанМыкты макала

МЫКТЫ МАКАЛА

Бишкек

Бишкек (англ. Bishkek) - Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий, өнөр жай жана маданий борбору жана өлкөдөгү эң ири шаары. Өзгөчө бир административдик бирдиги. 1878-жылы негизделген. Аянты 12,7 миң га. Калктын саны - 1022 миңге чукул (2009). Өлкөнүн түштүк аймактарына окшобой, калктын арасында орус жана орус тилде сүйлөшкөндөрүн пайызы жогору. Бишкек ш-нда 4 адм.-айм. бирдик — Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, Чоңарык шаарчасы (8,2 миң адам) жана Ортосай айылы (4,5 миң адам) бар. Кыргыз Республикасынын түндүк тарабындагы, Чүй өрөөнүндө, Теңир-Тоонун астында, Кыргыз хребетинден 40 чакырымдык алыстыкта, Казакстан чегарасындан 25 чакырымдык алыстыкта жайгашкан. Шаар аймагы 127,3 чарчы чакырым түзөт. Бишкек. Чүй өрөөнүнүн ортосунда деңиз деңгээлинен 700 - 940 метр жерде жайгашкан. Калганын окуу


өзгөртүү 

КыргызстанМыкты сүрөт

Kyrgyzstan Lakes Issyk Kul 001.jpg
Каракол шаарынан 100 км чакырымда

Ысык-Көлдүн түштүк жээги.


өзгөртүү 

КыргызстанБилесизби


өзгөртүү 

КыргызстанКыргызстан тарыхы

Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Flag of Kyrgyzstan.svg

Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212) • Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)

Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)

Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздарыАрка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория


өзгөртүү 

КыргызстанМенин жардамым

Салам курбум, Сиз Кыргызстан Порталына төмөндө көрсөтүлгөн макалаларды толуктап жазуу менен, порталдын өгүгүшүнө өз салымыңызды кошо аласыз!

Бишкек шаарынын аймактары тууралуу долбоорго жардам бере аласыз

өзгөртүү 

КыргызстанКыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни

Гимн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 18-декабрь 1992-жылы бекитилген.

  • Сөзү: Ж.Садыков, Ш.Кулуев.
  • Музыкасы: Н.Давлесов, К.Молдобасанов.


өзгөртүү 

КыргызстанИнсан

Kurmandjan.jpg

Курманджан Датка (1811-1907) Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулган. Коомдук жана мамлекеттик ишмер. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош олтуруп калат. 1832-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон. Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Алымбек датка ордодо, Кашкарда саясий маселелер менен алектенип жүргөн мезгилдерде анын милдетин да кошо аркалаган. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы эле эмес, коңшу Бухара эмирлигине, атүгүл алыскы Россия серепчилерине да дайын болгон. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Ошол эле жылы Бухара эмири Сейит Музаффар Эддин Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө максаты менен Ошко чейин аскерлери менен келген.
калганы...


өзгөртүү 

КыргызстанИчки порталдар


өзгөртүү 

КыргызстанЖакын порталдар


өзгөртүү 

КыргызстанУлуттук майрамдар

Күнү Аталышы Кошумча маалымат
1 январь Жаңы жыл ~
~
8 март Аялдардын эл аралык күнү ~
21 март Нооруз ~
1 май Эмгекчилердин тилектештигини эл аралык күнү ~
5 май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү ~
9 май Жеңиш күнү ~
31 август Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын күнү ~
Орозо айт
Курман айт

Сервер кэшин жаңылоо