Аксы району

Wikipedia дан
Аксы району
район
Аксы району
Kyrgyzstan Aksy Raion.png
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалалабат
Seat Кербен
Time zone GMT +5 (UTC+5)

Аксы району батыш Кыргызстандын Жалалабат облусундагы район. Борбору Кербен. [1].


Маалымат каяктан алган[оңдоо | булагын оңдоо]

  

Төрөбек     Оторбаев

ЖАНКУШЧУДАН ТАРАГАН ЧАЛИКЕ УРУУСУНУН САНЖЫРАСЫ

Экинчи басылышы

                                          Талас шаары 2015-жыл.

                                           ЧАЛИКЕ УРУУСУНУН  ТЕГИ

                                                  Байыркы Өгүз журту, андан тараган Жансуулук  кушчулар - Жан кушчулар, андан байыркы  Чаа журту, андан Сол Чаа, андан Чаян журтунан келген каныша - Канчаайым апа – Малике, апабыз түптөгөн Чалияр  б.а. Чалихи - Чалике хандыгы, андан кийин чыккан  Сокку уруучу бий - Цилихи (Чалике) – Индиянын падишахы, андан кийин  Жайыл тайпасынын курамында болуп, андан Миңдуулат бөлүнүп чыкканда- анын курамында болуп , андан  кийин  чыккан  Чабол Чалике падыша, андан  кийин   алп солдон – “Чалике” үйүнүн “башкы кол башчысы” чыккан.  Миңдуулаттан тараган Каратал. Селенга дайрасынын башындагы  Каратал деген өрөөндө жашаган  кушчулар, “Каратал”  деп ураан чакырышчу экен. Ал эми кушчулардын курамына кирген  Чалике  уруусу -  “Чаулуту” деген жерде жашап турушкан.  “Каратал” деп ураан чакырган  журттан – кайрадан  өрүш алган  “Жан Кушчу”, андан тараган Чалике уруусу  болуп кайра түзүлгөн  экен.

              Чаликеден Томон,  Томондон Токтоболот, андан Дорбо  (күмүш чокмор), Дорбодон Эгемберди(Сокку ур бий), андан Калча, Назарбек.     Назарбектен :Тумак, Беки, Шакар.

           Шакардан: Айтбай, Ырысбай, Үмөтбай.

           Айтбайдан: Токтор, Токтоназар, Акылбек, Таабалды, асырап алган баласы Жээнбек. Таабалдыдан: Белек, Оторбай, Кедейбай,  Кудайберген. Оторбайдан: Турсунбай, Жумабек. Турсунбайдан: Садырбек. Садырбектен: Амантур, Мукаш, Кенжебек. Жумабектен : Сагынбек, Төрөбек, Кубанычбек, Кадырбек, Болотбек. Сагынбектен: Алтынбек Шербек. Төрөбектен: Нурбек, Дуулатбек, Карахан. Кубанычбектен: Кубат, Шергазы, Бексултан, Бекболсун. Кадырбектен: Абдрасул.  Болоттон: Айбек, Адилет. Белектен: Сайрыкул, Ырысбай. Сайрыкулдан  Асанаалы, Жекшенаалы. Ырысбайдан:  Мырзабек, Султан.

                          Тумактан: Куржун ,Тагаймат, Жоош . Куржундан: Чулдук(Бото) андан  Жыргалбай , Жангил, Малдыбай. Жыргалбайдан Чомой, Жолчоро, Адос, Байкиши, Байаке. Чомойдон  Жангул,андан Талкан, андан Аламан .Аламандан Туратбек, андан Жаныш. Жаныштан Сыймык, Азамат. Жолчородон Тыныбек, Жаныбек, Кулубек,  Сагындык,  Адик. Тыныбектен  Дөнөнбай андан Авир, андан Жакый, андан Бексултан. Адиктен Исмаил, Кармышак. Кармышактан Акун, Усуп, Акмат, Дүйшөн. Акундан  Чалике(Дүрбөлөң) андан Азамат, Искендербек, Замирбек, Болотбек, Алмазбек, Саламат.  Колдо болгону азырынча ушул. Толук тизмени Бөкөнбаев айылынан күтөбүз.

                  Бекиден: Кулдугуч, Түпкүч, Кучкач. Кучкачтан: Аргын, Айдараалы, Ормош. Аргындан  Кожоназар. Кожоназардан: Муса, Токтор, Аалы, Ыстам. Мусадан: Токтомамбет, Канымбет, Кыпчакбай. Токтомамбеттен : Өмүр, андан  Сөлпү. Сөлпүдөн  Токтогул, Токтосун. Токтогулдан  Мамасаалы андан Өмүрзак,  Жанузак, Жаныбек, Темирбек. Өмүрзактан Жумамидин, Исхак. Жанузактан Камбараалы, Хусейин, Калыйнур. Жаныбектен Абаралы. Темирбектен Шералы, Шатманалы, Кутманалы. Токтосундан  Мамбетаалы, Абдиназар. Мамбетаалыдан: Бектур, Айболот, Бактыбек, Жылдыз. Абдиназардан: Абдрасул, Чойбек, Мирбек, Мирлан. Чойбектен  Байтур.

   Чаткалдагы  Токтордон : Итибай, Жээналы. Итибайдан Баймырза, Бекмырза. Баймырзадан Акылбек, Турсунбек. Акылбектен Каныбек, Алым, Дүйшөн, Бейшен, Бактыбек, Апсамат,  Чымырбай. Турсунбектен Тургунаалы Нарынбай. Нарынбайдан Тынчтык, Чындык, Чынтемир, Илиас. Тынчтыктан Кайрат, Нурсейит, Нурпаис. Чындыктан Сыймык, Тилек. Илиастан  Бекзат. Тургуналыдан Сүймөнкул, Нурланбек, Жакшылык, Теңдик, Бакыт,Райымдуу. Жакшылыктан Мурадил. Теңдиктен Данислам. Бакыттан Нурислам. Райымдуудан  Жумадил. Жээналыдан:  Кожоназар, Сулайман.
                        Беки андан Кучкач, андан Аргын, андан Кожоназар, андан Аалы, Муса, Токтор ,Ыстам. Аалыдан  Эргеш, Эргештен  Эркин  андан Бактияр.

           Сулаймандан: Чотбай, Чотбайдан: Асылбек, Алтынбек. Асылбектен: Нурболот, Бекболот. Алтынбектен: Бактияр, Элдияр, Данияр. Айдараалыдан Абылкасым андан Иманаалы, Ысманаалы, Таштанаалы. Иманаалыдан  Нарбай, Нурбай. Нарбайдан Куштарбек. Нурбайдан Кочон, Дүйшөн, Жали, Жайлоо, Канат. Таштанаалыдан  Алимбек, Алибек. Алимбектен  Эсенбек, андан Шермат, Баймат,  Калмат. Алибектен  Искен. Кочондон Союзбек, Советбек. Дүйшөндөн  Изаатбек, Исабек. Жалиден Мунарбек.  Жайлоодон  Нурсейит. Канаттан Өмүрбек, Максат. Ормоштон Кожоберген, Ногой, Кочкорбай, Кожомберди , Надырбек. Надырбектен Арстан, Мукаш, Белек. Арстандан  Максат, Муктар, Афтандил, Тариел, Бактыбек. Афтандилден Ариет. Максаттан Тынчтык, Тилек, Уран. Мукаштан Кыял. Белектен Рыскелди, Кылымбек, Илимбек. Ногойдон Кубатбек, Назал, Кутманбек. Кочкорбайдан Надырбек. Кожомбердиден Самат, Калык, Молдобай, Пайыз. Кубатбектен Сапарбек, Анарбек. Сапарбектен Абдрахман, Атантай, Абдрасул, Замирбек, Чынарбек, Тынарбек. Абдрахмандан Уланбек, Улукбек, Акматбек.Улукбектен Бактияр, Бексултан. Акматбектен Айдар. Идиристен  Мухаммед. Илиастан Алияр, Бектемир. Абдрасулдан Илгиз, Байэмир. Чынарбектен Элдос , Эржан. Анарбектен Жамалбек, Эмилбек, Алмаз, Жоодарбек. Жамалбектен Айбек. Эмилбектен  Төрөбай, Алтынбек. Алмаздан Дастан. Жоодарбектен Бекжан, Болоткан. Кожомбердиден Самат, Калык,  Молдобай, Пайыз. Саматтан Кадыр, Абдураим, Жаныбек, Алишер, Дадишер. Кадырдан Капарбек, Жамалбек. Абдраимден Керим, Сыймык. Жаныбектен Айтмырза. Алишерден Азамат. Дадишерден Бакдөөлөт, Элмарс, Марсел. Атантайдан Нурис,  Илиас, Бектур, Иманкул. Назалдан Алшер, Наркул. Алшерден Нурманбет, Нурлан, Калыбай. Калыбайдан Нурсейит, Нургазы. Нурландан Нурсултан,  Бекмамат, Бекболот, Канболот. Наркулдан  Эрнст.

           Кучкачтан  тараган  чаликелер  Чаткалда -100 түтүн. Кызыл Үңкүрдө- 30 түтүн. Ноокенде Аалиев Эргештин  туугандары   турушат- 30 түтүн.

               Эгембердиден  (Сокку ур бий)    Калча, андан Кубатбек, Кубатбектен Абайылда, Берик,   Карды, Жунушаалы, Кулмурза, Агышайбек. Агышайбектин аялы, Бүргөнүн кызы Акшербеттен бала жок. Абайылда, Берик элди Анжиандан Таласка көчүрүп келгенде, кудасы  Ажибек даткага келишип , бирото эле көчүп келишкенин айтышат. Ошондо Кубат бийдин балдарына өзүнө жакын, Кара- Арча деген   жерден конуш  берген экен. Ажыбек  датка Кубат бийдин  кызы  Аксуусарга  үйлөнүп , Нурак датка төрөлгөн  .

           Абайылдадан Алымбек, Бекебай , Утумбай.

    Алымбектен  Эрдөөлөт, Түлөкө, Кармышак.  Бекебайдан Дулат, андан Сарногой, Кайназар. Утумбайдан Өтөмбай, Калыбай,  Калак. Эрдөөлөттөн Өмүраалы, андан Казак , Токтоназар. Казактан Тилек, Тилектен Данияр, Тимур. Түлөкөдөн Ызакул. Кармышактан Назаралы, Акмат, Асан, Үсөн.  Назаралыдан Абди, Абдилла, Абисейит, Муса, Иса,  Абес, Назарбек. Абестен Абакир, андан Кубанычбек, Алихан,  Темиркан. Назарбектен Акан, андан Бакыт, Азим, Таалай. Бакыттан Элдияр, Даниел. Азимден  Элдос. Сарногойдон Балтабай андан Тыныбек, Тилек. Тилектен Мелс, Жеңиш. Кайназардан Абдразак, андан Абдул, Адыл. Абдулдан Дулат . Адылдан Султан, Субан. Өтөмбайдан Айткул. Жапаркулдан Алымкул. Айткулдан Түлкүбай, андан Убайдыула, Рахматилде, Анатай, Бейшенбек,  Алмазбек.       Убайдыуладан Токтобек, Талантбек, Турусбек. Талантбектен Алинур, Элнур. Рахматилдеден  Шумкарбек , Таштанбек. Шумкарбектен Жантөрө, Тумарбек. Анатайдан Арман. Бейшенбектен Бекназар, Бекберди. Алмазбектен Атабек, Арген, Азис, Сатыбек. Тумарбектен Андарбек, Ашырбек. Андарбектен Догдурбек, Улан. Догдурбектен Аман. Уландан  Илиас, Диас. Ашырбектен  Болотбек, Кыялбек,  Ниязбек. Болотбектен Нурбакыт, Нуралы, Нуркалый. Кыялбектен Калысбек. Калыбайдан Эгемберди. Утумбайдын Калагынан Бирман, Макулбек. Бирмандан Эсиркеп, Исманкул. Эсиркептен Майрамбек, Мейилбек, Мелсбек, Медербек. Медербектен Нурмухаммед, Мелисбектен  Дархан, Даулет. Исманкулдан Калмухаммед, Халимжан, Нуржан. Калмухаммедден  Талас, Эрнст,  Расул. Таластан Урмат, Кулмат. Расулдан Аман. Халимжандан Эрмек, Белек. Нуржандан Жамбыл Руслан, Эрлан. Жамбылдан Бектур - булар   Манас районунун  Кара Арча деген жеринде турушат.

            Кардыдан: Такежан, андан Карабараш, андан Бөлөкбай андан Артык, Нурбай, Нуралы, Байтик. Артыктан Боосун, Дөөлөталы, Керимкул, Жумабек. Жумабектен Шергазы, Алгазы. Шергазыдан  Мирбек, Айбек, Байбек, Кубанычбек, Рамазан. Алгазыдан Илиаз , Нияз.  Нурбайдан Арзыбай, Ниязаалы. Арзыбайдан Абдымомуш,  Жумабай. Абдымомуштан Ырысбай, Базарбай.  Ниязаалыдан  Токтогул, андан Эсенбек, Тойчубек, Бактыбек. Бул тукумдан  тарагандар  Манас районунун Кара Арча деген жеринде турушат. Ошондой эле Кардыдан  тарагандар Түркмөнстандын Мургаб деген жеринде бар  экендигин  угуп жүрөбүз.

        Усейин ажынын айтуусуна  караганда Абайылда, Берик  калмактар менен болгон чатак күч ала  баштаганда  элди адегенде  Анжианга , ал жерден Таласка  көчүрүп  келишкен экен. Бүгүнкү күндө Кара-Арча деген жерде   өздөрүн Кардыдан тараткан – Карды уруусу бар. Абайылдадан  тараган Алимбек, Бекебай, Утумбай дегендер болуптур. Ошондой эле бул уруунун айрым адамдары өздөрүн  Кубат бийдин Агышайбегинен  тараганбыз дегендери да бар экен. Адегенде  алардан маалыматтарды алганыбызда , Агышайбек андан Алымбек, Бекебай деп беришкен. Таластан мындан 20 жыл мурда көзү өтүп кеткен,  санжырачы Бекназаров Сагынбектин жазып кеткенине караганда Кубат бий Олуя Атага келгенде,   Хан Бүргө аны  чакырып , коноктогон экен. Ал жерде бир топ күн болуп, кетээринде Бүргөгө чоң ыраазычылык билдирип, экөөсү кудалашыптыр. Хан Бүргөнүн кызы Акшербетти Кубат бийдин уулу Агышайбек аялдыкка алган. Бирок экөөсү балалуу болбогон. Агышайбектен бала жок. Ал эми Анжиандан элди Таласка көчүрүп келген Абайылда менен Берик болгон. Бериктен тараган Күнчөй. Күнгес дайрасынан  күнчөлүк ,өйдө жерде орун алган   Күнчөй деген  жердин  атынан ал жерде жашаган эл,   Күнчөй атыгып кетишиптир. Күнчөйлөр  Кубат бийден тараарын  билишкен, бирок  өздөрүн , жердин атынан атап алгандыктан , күнчөйдүн  кушчудан тараарын билишип, Кубат бийге кайсы жерден кошулаарын унутта калтырышкан. Күнчөйдөн  тарагандар бир уруу эл болду. Кийинки санжыра айтуучулар  Күнчөйдү   мурдакы эски  уруулардын катарына  койгондору да болгон. Ал эми өздөрүн Кубат бийдин Беригиненбиз деген Үрүстөм менен Назардан  тараган Ноокендик  туугандар,   Кагазды уруусунан болуп чыкты да,  Кубат  бийдин урпагы  эмес  экендиги   белгилүү  болду.  Берик элин Таласка көчүрүп келгени анык. Абайылданын , Кардынын тукумдары  Кара Арчада, Бериктин тукуму  кайда деген суроо жаралат. Эмне себептен Күнчөйлөр  Кубат бийден тараганбыз деп олтурса, ага көңүл бурган адам жок. Санжыра эл оозунан алынат, жазылат. Алар Бериктин  тукумубуз  дегенден кийин , андай эмес дешке - акыбыз жок. Күнчөй уруусу Кубат бийдин Беригинен, Теги  кушчунун  Чалике уруусунан болот. Абайылдадан  тарагандар Алимбек, Бекебай, Утумбай болуп , ушул  үч атадан тарагандар жана  Бериктен, Кардыдан тарагандар Таластын  Кара-Арча деген жеринде жашашат. Абайылда менен Берик  элин Таласка көчүрүп келгенде жездеси Ажибек даткага ыктап, жер алып,  кошуна айыл болуп калган экен. Кубат бийдин кызы Аксуусар Ажыбек даткага турмушка чыккан экен. Ажибек датка Шералы хандын  таякеси болгон. Шералы ханды “колунун көөсү кете элек” – деп айткан сөзү үчүн Ажибектин башын алып келүүгө ал - жасоол жөнөткөн экен. Денеси орго ташталып, башын  Коконго алып  кетип, белгисиз болуп калган  болчу.

           Манас эпосунун 1000- жылдык  улуу тоюн ийгиликтүү өткөргөндөн кийин, мени Манас Ордого, орунбасарлык орунга жиберишти. Ошол жердеги Ташарык айылынын аксакал- карыялары менен  жолугушканымда айыл аксакалы бар эле, аты  эсимде калбаптыр, ошол кишинин айтуусунда, эл Ажибек датканын сөөгүн  кудуктан алып чыгышып, Манас күмбөзүнүн  жанына алып келип койгонун айткан болчу. 1995 жылдын күз айы болчу. Мен ал аксакалды чакырып сөөк коюлган жерди көрсөтүп берүүсүн өтүндүм. Ал шыпаагер үйүнүн жанындагы кичине дөңсөөнүн  бийик жерине чейин басып барып токтоду.  Сөөк ошол жерде экен. Манас Ордодо иштеген кызматкерлер, жумушчу балдар менен эстелик курууну чечтик. Проектисин мен өзүм түздүм.  Өз күчүбүз менен , мамлекеттин акчасын зарптабай ,чакан курулушту куруп  бүткөрдүк. Ажибек датканын  мааракесин өткөрүү боюнча сунушумду  жетекчиге  айтып , Бишкекке  жумуштап кеттим. Келсем  жетекчибиз:  “сен эми киришпе, мен баарын  бүткөрүп койдум”-  деди. Көрсө Досукем,   Датканын туугандары менен  сүйлөшүп, макулдашып , Манас Ордого 1  жылкы союп, 2 боз үй тигип,  Ажибек датканын  мааракесин  өткөрө салууга аракетин  баштап калыптыр.  Аста - аста деп жатып, араң токтоттук, себеби бир аз күн мурда түштүктө, Курманжан  датканын   мааракеси өтүп,  700 боз үй тигилип, 70  элден коноктор  чакырылып, зыяпатына жумурай журт  тик турган болчу.  Арбакты сыйласаң  ошондой сыйла. Калп эле сыйламыш болуп, сөзгө калтыруунун кажети  жок болчу. Кийин бул маселеге кайрылган адам болбоду. Ал жерге күмбөз куруп , 2017 жылдын август  айынын аягында , мамлекеттик деңгээлде , Алчикен уулу Ажибек датканын  мааракесин “ Манас Ордодо” -  өткөрүү ишин колго алууга убакыт келди окшойт.

            Шакардын Ырысбайынан: Солтобай, Меңдибай. Солтобайдан: Айкынбай, Теңизбай, Аргын. Аргындан: Бейшебай, Аманкул, Сулайман. Бейшебайдан : Болот, Марат, Көлбай. Аманкулдан Сарыбар, андан Нурбек, Касымбек, Мирлан.  Сулаймандан Билан. Меңдибайдан:   Тайлакбай, Жаркынбай. Тайлакбайдан:  Сакоо, Ороз,  Мати. Ороздон:  Жумабек, Касымаалы, Касымаалынын бакма баласы Өзүбек андан Марат, Мурат, Кубат, Максат. Мараттан Мирлан.

 Жаркынбайдан: Алымкул, Бузур, Дүйшөн. Дүйшөндөн: Илиас.

            Үмөтбайдан Ормон, Субан. Ормондон Орозаалы, Жумаш,  Кенжегул. Жумаштан Калык. Субандан Балкыбек Багышбек. Балкыбектен Молдобай, Молдобек, Жөкөн. Молдобайдан Мырзабек, Базарбек. Молдобектен Калман, Акматбек. Жөкөндөн Жусупбек. Мырзабектен Таалайбек, Сыргабек, Мирлан. Базарбектен Кемел. Калмандан Ислам, Муса,  Исраил, Иса. Акматбектен Улукман, Руслан, Абас,  Мурас.  Жусупбектен  Самар, Улан, Фархад, Аскар.

            Айтбайдын Токторунан : Эркинбек,  Жаныбек, Кожобек, Байбек,  Чойбек, Шайбек,

Жаныбектен:  Бокбай. Бокбайдан: Төлө,  Көкүм. Төлөдөн:  Эсенкул, Эшенкул. Эсенкулдан :Эсенжан, Бекжан,  Таласбек, Сыргабек. Эшенкулдан:  Насир, Самат.

Көкүмдөн:  Ырыскелди, Жыламыш. Ырыскелдиден: Орозбек. Жыламыштан Кушубак.

Чойбектен: Асылбек,  Жумабек. Асылбектен: Абакир, Мырзакул. Шайбектен:  Ташмаат, андан Мамыр, Темир, Бегим, Кенжегул. Мамырдан: Калмаат, Таалайбек, Турусбек.  Темирден Уранбек, Уланбек. Бегимден  Чынарбек, Самарбек,  Шабданбек.  Кенжегулдан   Баяман, Улукман,  Асан,  Үсөн.

Токтоназардан:  Керимбек, Кубатбек,  Козуке,  Бает, Акбаш,  Байсалбек,  Медетбек. Кубатбектен:  Садык андан Айылчы андан  Айдарбек, Кадырбек. Акбаштан : Түлөөберди, Беделбай. Медетбектен:   Жолдош,   Төрөкул.

             Акылбектен : Итике,  Кенжебек, Иманаалы,  Нусубаалы,  Абыке, Шамке,  Жанаалы,  Муратаалы, Кедейбай. Итикеден: Жуматай, Маматбек. Иманаалыдан : Абдылда,  Нусубалыдан Кынат, Жанаалыдан  Саадак, Саадабай. Жуматайдан: Расылкан, Мүзүркан, Мунаркан. Маматбектен: Жаныбек, Калыбек,  Каныбек, Асан, Асанбек,  Бактыбек. Абдылдадан:  Базарбек, Назарбек, Дүйшөнбек, Жолдошбек, Догдурбек, Жардамбек, Шабданбек, Нурбек, Жолборсбек. Кынаттан: Атай, Афтандил, Аблай. Атайдан Меңдикул,  Алымкул. Алымкулдан Бейшенбек.

          Чалике уруусунун  орун алышын карап көргөнүбүздө: Чаткалда-100 түтүн, Кызыл Үңкүрдө -  30 түтүн, Ноокендеги Алиевдер – 30 түтүн. Ноокендеги Шалкелер, чаликелер- 30 түтүн.  Воронцовкада- 60 түтүн.  Кара Арчада 60 түтүн. Талас шаарында – 40 түтүн. Бишкек шаарында – 100  түтүн. Ысык Көлдө – 400 түтүн. Талас  районунда- 250 түтүн. Токтогулда- 10 түтүн. Мургабда – 100 түтүн.   Аксынын Аксуу  айылында – 100 түтүн. Жизакта ? Пахта-Абадда-? Ангренде- ?   Кызылойдо - ? Каражүлдө? Акмоло обл-?  Алайдын  Күлчөсүндө- ?
                                       Баары болуп:  1310 түтүн.

                                                                                                 ЖАНКУШЧУДАН ТАРАГАН ЧАЛИКЕ  УРУУСУНУН  САНЖЫРАСЫ.   

Илгери, илгери элибиз теңирди тутунуп, жер көтөргөн көк өгүзгө сыйынып турган учуру  болгон экен. Ошондон улам  Өгүз журту атанып, жалпы саны 40 урууга жетиптир. Өгүздөрдөн бөлүнүп чыккан  кушчулар, Тибет тоолорундагы жылуу жактарда көчүп-конуп жүрүшчү  экен.  Жансуу чөлкөмүн байырлаган  кушчулар, кийин Жанкушчу  атыгып кетишкен.  Өгүз журту, замандардын  өтүшү менен: Кара ногой, Сары ногой, Кушчу, Бөрү, Чаа, Каңгы, Аз, Сак, Скиф, Шумер ( Суу мар) ж.б. элдерди жараткан. Ошол Өгүз журтунун кырк урууга өсүп чыккан учурунан баштап, “Кырк Өгүз” журту атанып, анын  атын түздөн – түз мурастап калган  тукум -  Кыргыз  эли болду. Жансуу  дарыясынын орто агымынан нары, дайранын аты, Чаа суусу\ Чанцзсы\ аталып, өзгөрүп кеткен. Азыркы кездеги аталышы  Янцзы . Жан дайрасынын атынан  келип  Чаа, Чаян - Цян, Гянгунн, хян  ж.б.   элдер  жаралган. Бул  элдер  өтө өнүккөндүктөн, батыш жакка барышканда,  аларды кудайдын тукуму, теңирден келген, “үч сүрөө” кудай үйүнөн келген келгиндер катары кабыл  алышкан экен . Булардын ”Чагаан күн”- деген майрамы болуптур. Мексикага  ооп барган эштектер ( ацтеки) бул майрамды  “чанкин “ майрамы деп коюшчу экен. Жазгы актын майрамы б.а. азыркы  Нооруз майрамы экен.  Бул айтылган ойлор азырынча менин жеке пикирим болуп эсептелет. Бир учурда Жансуу дарыясы аккан нугун өзгөртүп, чоң суу алааматы болгон. Ошондо Кушчу ханынын ордосунда кызмат өтөп жүргөн Ги деген кызматкер хан,  ошол суу каптоодо бузулган жерлерди оңдогон элди бөлүп,  Көкөноордун түндүк жагындагы ак карлуу тоолору бар, көк майсаңга элди  көчүрүп барган. Ал жердеги дайранын башкы башаты, Тибеттин жогорку тоо баштарынан башталып, Жансуу дайрасынын башкы башатына катарлаш , өз жолун чыгышка карай улачу экен.  Ошол Жансуу деген сөздөн Гянсуу деген сөзү чыккан, бүгүнкү күндөгү аты Ганьсу.  Ал эми  ошол чөлкөмдөн  өз жолун батышка карай улаган дайра  байыркы Талас суусу болгон. Ал дайра бир аз жол басып , анан  нугун  түндүккө буруп , Сол тооду аралап өтүп  Талас (Чаян) өрөөнүнө чыккан. Ал байыркы Талас суусу болгон. Азыркы күндө  ал жер алыста калды.  Т.Сыдыкбековдун Көк  Асаба романында, кыргызда - Чаа уруулар бирикмеси  болгондугу жазылган. Убакыттын өтүшү менен Чаа элинин аты Чаянга өзгөргөн. Аны бөлөк элдер Цян деп - буруп айтышкан. Эл дүркүрөп өсүп, өзүнчө падышалык куруп, эл башында Чаа Тагай Гунн болгон. (Тхай-гунн ван, шань, цянь) Ци үйүнүн б.а. Чаа үйүнүн негиздөөчүсү  1 том 23 бет. Тхай Гао Цзудан(Тагай Кара- хандан)  башталган түпкү ата-бабаларыбыз бийлик кылган.  Н.Я. Бичурин 3 китеп 33-34 бет. Ошол Чет Бейжиндин батыш тарабында дөңчө бар, Тагайдын көрстөнү  деп аталат. Кара хан өзүнүн ордосун Лоян шаарынан Чан Аньга көчүрүп келген экен. Ал шаарды кыргыздар Чет Бейжин деп коюшчу экен. Чаа Тагай  Гунн, Чаян уруусунун түп атасы, “Чаян” үйүнүн негиздөөчүсү болгон. Тагай деген сөз ал убакта “тынчтык”- деген  маанини берген. Ошол тукумдан кийин  Богорстон (Бөгү арстан) андан тараган Эштек, Чаян, Кыян, Кыпчак, Дуулат, Хазар, Калча  ж.б. тайпалар пайда болгон. Ошол Эштектен Чаа, андан Талкан, Бөлөкбай, Жоочалыш, Тата уруулары бөлүнүп чыккан. Азыркы күндө алар Чүй боорунда жашашат. Чаян тукумунан Сол Чаа бийлиги калыптанган. Мамыр, Барсакелбес чөлдөрүнүн түштүк жагындагы, б.а. сол тарабындагы элдерди баш коштуруп, күчтүү өлкө курган. Ошол Сол Чаанын бир аты - Алп Сол болгон экен.  Мамыр, Барсакелбес чөлдөрүнүн түштүк  жагындагы, сол тарабындагы тоолорду мекендеген  уруулардын жалпы аталышы  Сол тоолуктар болуп, андан уланган  Солто уруусу, бүгүнкү күнгө  чейин Кыргыз элинин курамында жашап келет.   Алп Солду тарыхта  Фу Си деп коюшкан.

Өз мезгилинде Чаян падышалыгынан Ала Тоого бир канча  жолу каныша келген.  Жаңы падышалык түптөөгө чоң аракеттер көрүлө баштаган. Онсуу элинин  башкаруучусу, кыздын калыңы деп  1000 жылкы айдап Гянь  канына барат. Ал убакта Жан Суулук кушчуларды Гянь деп койчу экен. Көрсө жан деген сөздөн гянь деген сөз чыгат тура. Ошондон улам Гян гюнь деген сөз “Жан облусу” болуп окулат. Ошол эле Гянь  сөзү да  өзгөрүп Цяньга айланган учур да болуптур.Н.Я. Бичурин 1 том 240 бет. Каныша келген учурда чаяндан келди деп эстеп калыптырбыз. Тарых Кан - ча-айым апабызды Си-гюнь деп жазды. Си дегени  Ча-айым, Ча элинен келген каныша деген маанини билдирип турган. Ошол кезде Ча , Чаян мамлекетинин үстүнөн башкарган тукумдун өкүлдөрүнүн бири болгон  Жансуулук Кушчулардын кол башчысы Гян - дунун кызын, Он Суу элине жөнөткөн экен.    Ошондо Кан-ча-айым апабыз барган Он Суу элинин башчысы , боз үйдө жашап, эт, сүт менен тамактанчу экен. Гуньмо  өзү жашы өтүп калган адам болуптур. Апабыздын келиши менен Он Суу элине  бак келген. Чоң бийлик келген. Мурда ал элде андай деңгээл болбогон. Ошол Гуньмодон башталган бийликти  кийинки урпактар Роман  тукуму деп айтып калышты. Роман  сөзү менин байкоомдо Манас эпосундагы Ырамандын тукумдарынан болушу да мүмкүн. Роман сөзүнөн Ромей деген сөз келип чыгат. Андан Ростор калыптанат. Мына ушулардын баарынын башталышында турган Кан- Ча- айым апабыз болгон.  Кан-ча- айым Апабыз “Кызыл өзөн” деген жерде өзүнө атайын ордо курдуруп, жанында карманган 500 бала, 500 кызы менен  өзүнчө турчу экен.  Башкаруучу Гуньмо үч айда   бир келип , көрүшкөнгө  акысы болуптур. Башкаруучу  жашынын өтүп калганына байланыштуу, Кан-ча-айым апабызга, өзүнүн оордуна - небересине нике кыйууну  айтат экен. Көп кеңешип жатып макул болушуптур. Ошол учурда   башкаруучу каза болуп калып, башчынын небереси Лйегя-оми бийликке келип, каныша ошого турмушка  чыгыптыр. Менин болжолумда Лйегя – дегени Илелик(Н.Я. Бичурин 2 том 315 бет.) б.а Или жеринен деген маанини түшүндүрсө, оми - дегени , илгеритен эле  өмүр деген  сөз болуп, Амур дайрасын  билдирип турган. Ошол  Или дайрасын Иля деп аталганы Н.Я. Бичурин 3 китеп 179 бетте жазылат. Өмүр деген сөздүн кыскарган түрү оми болсо, анда орустардын Илья Муромец  деген баатырынын атына  окшош болгону көрүнүп турат. Усунь элинин биринчи Гуньмиси ушул адам болгон. Ошондон улам Канча- айым апабыз Илья Муромецке турмушка чыкканбы деген ой келет.  Кан-ча-айым апабыз  бир кыздуу болгон экен. Көп өтпөй апабыз каза болуп калган экен.  Андан соң   Чаяндар  Башчыга Чу элинин улуу ханынын  небере кызын канышалыкка жиберген. Андан Башчы бир  балалуу болгон.  Башчы каза болоордо,  бийликти атасынын инисинин баласына өткөрүп кеткен экен. Бул окуялардын өткөн жери Ыссык Көлдүн алдында калган  Чигу (Кызыл өзөн) деген жер болуптур.Төрөбек Оторбаев. Тарыхка чейинки Русь. 306 -  бет.

Ал эми үчүнчү келишинде, Чаяндардан (Цян) Алтайга келген каныша - Манастын энеси Чыйырды болгон. Н.Я.Бичурин 1 том 240 бет. Ошол себептүү Манас эпосунун 48-вариантында, Чыйырды апабыздын аты Чаакан деп берилип келет. Б.а. Чаа кандыктан келген каныша болгон. Ошол тушта, Чоң Ала Тоодо- Сак деген эл жашаган. Айрым бөлөк  элдер аларды Ли деп коюшкан. Ошентип, Чаа хандыгынан келген биринчи, экинчи каныша, Сак элине келип кошулуп, жаңы курула баштаган өлкөнүн  аты “Чали” болуп , ал сөзгө түпкү тектери болгон, Жан Суулук Кушчу падышасынын тукуму эске алынып, Жан деген сөз уланган. Ча Ли Ян деген сөз келип чыккан. Манас эпосунда : ...” ушу  турган  Бейжинге, Чалиярдын чамасы келбеген” – деген ыр саптары кездешет. Ошол эле учурда Чаа деген сөз чыгышта Си, Ци деген маанини  туюнтуп, жаңы ордо куруп жаткан Чалиян өлкөсүн - Силиян деп атагандар да болгон. Ала Тоодо Цигу деген эл жашаганы окумуштууларга белгилүү. Ча сөзүнүн Си, Ци деген түшүндүрмөсү бар экендиги тууралуу ойду, өзүмдүн изилдөөлөрүмө таянып айттым. Cи хан дегени Ча хан болуп окулат. Ошол эле сөздүн  Цянь хан экени Н.Я. Бичурин 1том 25 бетте айтылат. Мына ушул сөздөрдүн түшүнүгү  белгилүү болгондон кийин, илимде чоң алга жылуу болоорун, алдын ала айтып коюну эп  көрдүм.  Орустар Миндуулаттан  бөлүнүп кеткенде, өздөрүн Силиян чөлкөмүнөн келдик деп айтышкандыктан, Славян атка конуп кетишкен. Орус элинин  түпкү тектери Сей элинен болоорун  өзүмдүн ”Тарыхка чейинки Русь” деген китебимде жазган болчумун.   Или дайрасынын баш жагынан,  ага келип кошулган  дайранын аты, ал мезгилде “Каркыра Суусу”- деп аталчу. Тарыхка Хурь-хара-усьусь дайрасы  деп кирген. Н.Я. Бичурин 3 китеп 61 бет.  Ал жерде жашаган элди кытайлар Шуан-хэ деп аташчу экен. Адегенде Гйешуанна(Анна)- сөзүнө көңүл бөлүү керек. Андан Гуйшуан андан өзгөрүп  Шуанхе болуптур. Котормосу Кушчу  экен. Бир бөлүгү  Венгр болуп кеткен экен.  Хурь- хара- усусьтан  хара деген сөз түшүп калып, Хурусь  болуп кыскарып , андан  Русь деген сөз жаралган. Орус окумуштуулары  Русь деген  сөздү Русло деген  сөздөн чыгарышат. Каркыра Суусу деген сөздөн Русь сөзү  чыгаарын билишкен эмес.   Жакындап барышкан - бирок так эмес.  Мына ушул суунун боюнда , ал мезгилде жашаган эл - орустар болгон.  Төрөбек Оторбаев, “Тарыхка чейинки  Русь” китеби  305-319 бет. Бишкек. 04 03  2015 жыл.

Ошол тушта Чоң  Ала Тоодо жашаган Сактардын, Каңгылардын ж.б. элдердин үстүнө мурда Жан Суудан бөлүнүп кеткен Кушчулардын оң канаты, байыркы Талаш (Чжанйе) чөлкөмүндө көп кылым жашап, анан Өгүз хандын тушунда, ага баш ийген” батыш акылман хан” тарабынан, байкоосуз жерден чабылып, жер которуп, Cыр дайранын түндүк  жагына, Тажик жерлерине , Алатоого, Или дайрасынын аймагына чейин  тарап, б.з.ч. 174 ж. көчүп келиптир. Он Суу элин каратып, б.з  6 кылымына чейин  бирге жашап турду. 630-650 жылдарда болуп өткөн согуштан кийин , Миңдуулатты жуңгардагы уйгурлар басып алган экен. Кытайлар аларды Юйебань деп койчу экен. Алар Илиде турганда Юйебан, Йе-Йе аты менен аталганы тарыхка түшкөн. Юйебань  убагында мамлекет түрүндө болуп, “Бан үйү” деген маанини берип турган. Бань деген сөз, көз каранды(вассал)  мамлекет дегенди билдирген. Н.Я.Бичурин 2 том 68 бет. 1 том 355 бет. Андан соң ал өлкөнү  Туулга үйү каратып алган .  Кийин Туулга үйү да чыгыш- батыш болуп  экиге бөлүнүп кеткен болот. Падышалык адегенде кушчулардын колунда болуп, кийин Чаян кандыктан келген канышадан тараган тукумга өтө баштаган экен. Ал жерди орустар Чубань ,  деп атап келсе, кыргыздар ал үйдүн ээсин - Чубак дешти. Манас эпосунда - “Бандыуулунан канча жан, урушуп өлдүк Манастан” - делет. Орустардын  Йева энеси, Йе-Йе жеринен чыккан деген ойду  изилдеп таап, китебиме да жаздым. Бул  жерде жашаган цян б. а.  Чаян журту байыркы Талашта, б.а Байыркы Чжанйеде жашаганы тарыхка түшкөн.  Менин жеке пикиримде Йева, Усуньдардын падышасы Кара дайралык  Күнбайга,  Чайан кандыгынан аялдыкка келген  канчаайым - Малике(Чалике) болгон деп айтууга негиз бар. Ошондо болгон кыргын согуш , Хан-ча-айымды талашуудан келип чыгыптыр. “ Чоң үй ээси билги”(Тажик жериндеги кушчулар)  – Чаян кандыгынан келген канышанын , “Чоң үйгө” ылайыктуу экенин айтып, канышаны алып койуу аракетин баштаган. Ошондо каныша Канчаайым апабыз , атасына чоо жайды айтып,  түшүндүргөндөн кийин , Чаян кандыктан  көп аскер келип, Талашта, анын айлана тегерегинде олтурган  кушчуларды  чаап , батышка сүргөн.  Усундардын башкаруучусу батыш жагынан  кол менен каршы аттаныптыр. Ошондо  кушчулар Или дайрасынын түндүк жактарына , Ала Тоо чөлкөмүнө, Дахьяга   сүрүлүп  келишкен экен.

Он Суу элине Цилими (Чалими) бийликке келген. Ал көтөрүлүшчүлөрдүн колунан каза болгондо, анын оордун тартып алган эмеге  алтын мөөрдүн оордуна жэз мөөр берилген экен. Көп өтпөй эле кушчуларды чапканда катышкан  “ Он суу элинин” велможасы өзү чабылып, Или дайрасы,  Жетисуу, Чу чөлкөмүнө  сүрүлүп келген. Алар келгенге чейин эле Или, Жети суу аймагын, батыштан – чыгышка, андан  мурда , Юлий Цезарьдын убагында  Рур  бассейнинен  чыгышка жер ооду болгон  Рюриктер - жердеп калган болчу. Чыгыш бөлүктү түзгөн : Ди, Динлин, Пуллей, И, Мохе- чернореченские, Гуси, Синло, Мо, Сушень, Лимо,  Гуньми, Мин(Миң), Дили, , Чернагорцы, Белогорцы, Лобдуктар,  Ичжы,  Цзюйми,  Йеди,  Идань, Балты, Чуван, Прусы ж.б.  тайпалардын курамында  орус тектүүлөр басымдуулук кылган. Тайпалар   Рюриктерге кошулуп , орус тектүү элдердин күчү арта баштаганы байкалат. Албетте айрым тайпалар сак уруулары менен  аралаш  жашаган.  Эгерде ошол аймакта  жашаган:  кушчуларды, түргөштөрдү, Тарбагатайдагы карлуктарды, кыпчактарды, жүйүттөрдү, бгуларды, булгаарыларды, чаяндарды, рюриктерди андан тышкаары  көптөгөн майда  урууларды эсепке алганда , түзүлгөн” Он суу” элинин  каганаты,  Усунь  каганаты зор күч менен  тарыхый мейкиндикке чыккандыгы көрүнөт. Адегенде алар түзгөн падышалык Чалияр (Силиян) болсо, кийин Дулу, Нушиби болуп бөлүндү болду. Дулу тарабындагы орус тектүү элдер Силиян сөзүн өздөрүнө   алып калышкан. Ошондон Славян атанып кетишкен.   Туулга үйү  жалпысынан  Дулу деп аталган болчу. Мына ушунча элдердин биригишине биринчи из салган , Чаян элинен  келген каныша  апабыз  Канчаайым  болгон экен. Арабдар аны Малике болгон деп жазышыптыр.  Кийин “ Он Суу” элине каныша болгондо Йе сөзүнө ван деген сөз уланып, өзүнчө бир даражаны билдирип туруптур. Даражасы жагынан  падышадан кийинки   орунда болгон б.а. Кушчу падышалыгынан кийинки орунда болгону билинет. Ошентип Йеван деген сөздөн- Йева аты  келип чыккан экен. Орустар  Йе-Йе ден б.а.  Байыркы Талаш болгон жерден келген каныша - деп айтканы көрүнүп турат. Башында  байыркы Талашта(Таласта) турган “ Он суу” элинин башчысынын аялы болуп, кийин эли чабылганда  Или,  Жетисуу аймагына келгенде -  Йе ден келген каныша дешип, анын аты Йева болгону байкалат.Н.Я. Бичурин 2 том 322 бет. Бул аталыш орустар  тарабынан болгону билинет. Канышанын, мурда  Чаян элинен келгени унутулуп калган экен.  Ошондой эле шартка Иван деген сөздүн келип чыгышын айтууга болот. Бул сөз  И элинин улуу ханы деген маанини берет. Или дайрасынын аты эки сөздөн  турган: И жана Ли.  И - мамлекеттин аты, орустардын өлкөсүнүн аты. Ли – Сактар болгон. Бир учурда  ушул аймактын элинин атынан чыккан Илья баатыр болгон. Или дайрасы  чек ара  болуп , түндүк жагында орус, карлук, түргөш, кушчу, кыпчак, жүйүт ж.б. элдер болсо, түштүк жагына  Чу-Талас- Тяньшань чөлкөмү туура келген.  Бул жердеги тоолорду , ал мезгилде “Небесные горы”- дешсе,  Падышалыкты” Небесные  царства”- дешкен. Онсуу элинин айрымдары, өлгөн адамдарды: “царства ему небесное”- деп  узатышчу  экен. Эки тарабында тең орус тайпалары болгон экен.

Ошентип батыш аймакта  көптөгөн элдер чогулуп ,чоң хандык пайда болгон. Ошондон улам, кийин  Катта хан (Катаган) деген  эл аты келип чыккан. Санжыра бул элди Кара Теңеш, кытайлар “Чоң үй ээси билги” - деп атады. Тарыхта “Большой  Юечжы” деп аталып, ошол аталышты кытайлар өзгөрткөн эмес. Биз “Чоң үй ээси-Билги”-деп айтуунун оордуна , Катта хан б.а. Катаган деп айтып калдык.  Бул ой  биринчи айтылып олтурат. Ошол күндөн баштап, мурда  Чалихи падышалыгы түптөлүп жаткан болсо, катагандардын күч алышы  менен падышалыктын аталышына, хандык деген сөз уланып айтыла баштаган. Мурда падышалыктын атына кошулуп айтылган Хи, Ян, Ми деген сөздөр, Хэу деген сөз  менен алмаштырылган. Ошентип: Чалияр, Силиян, Цилихи, Чалиян, Цилимий деген сөздөр Чалике деген сөзгө өзгөрүп - токтогон. Бул өзгөрүүлөр Манас атабыздын тушунда ишке ашырылган эле. Ке тыбышынын Кыргыз атуулдарынын атына уланып айтылуусун - Манас өзү  Жолойго айтып - кийриген экен. Н.Я. Бичурин. Байыркы заманда Орто Азияда жашаган элдердин тарых жыйнагы. 1- том 102 – бет. Ошондон улам, Асанбек-Асаке, Үсөнбек-Үсеке болуп айтылып калган экен.  Ке деген сөз Хэу деген сөздөн кыскарып, хан деген  маанини билдирип турган. Бул тууралуу айтканыма көп болду, бирок  окумуштуулар ишене бербеди окшойт. 1992 - жылы Манастын тарыхый инсан экендиги тууралуу “Манас Ата тарыхы”-  китебимде  да көп жаңылыктарды  айткан элем. Ошол кездеги окумуштууларыбыз бир сыйра дүрбөлөң  болушуп, анан  ой  өзүнүкү  болбогон  соң,  тынч  алып  калышкан  болчу.

Кийин ,Чаа Тоо, Зашаң Көл, Кызыл Ой, Чаян деген жерлерде жашаган, Чаян эли да, кушчудан тараган журт болгон. Алгачкы белгилүү болгон учуру, Жансуу деген чөлкөмдө жашаганы үчүн - “Жанккушчу”- деп коюшкан. Бир заманда, гунндардын улуу падышасы Тагайдын Чаян элинен, Ала Тоодогу   Усунь элине, менин чечмелөөмө ылайык “ Усунь” деген  сөз “Он Суу”  эли –“ Он Суу” элинин  падышасы Күнбайга аялдыкка  каныша келгенде, Чаян уруусунан 500 бала, 500 кыз - каныша менен кошо келишип, Ала-Тоодо өзүнчө мамлекет куруу аракети көрүлө баштаган. Алар келгенге чейин Ала-Тоодо, Сак деген эл жашап турган. Канышанын тегерегине   Рюрик, Кыпчак, Карлук, Кушчу, Түргөш, Жүйүт (Фуфоло) –Уйгурлардын курамында болгон эл.  Орус тектүү элдер келип бириккен. Cеленга дайрасынын башынан   ооп келген  жүйүттөр , Иртыш дайраларынын бойлоруна көчүп келгенде, ага жергиликтүү Миңдуулаттын  башчылары:  “Хэу- лэу-Фуле” б.а. “Теги бөлөк - Бөрү  ханы”- атагын беришкен. Жүйүттөр эврейлердин ата бабаларынан болушкан. Ал мезгилде  Жүйүт, Фуфоло – атында жүргөнүн өзүмдүн изилдөөлөрүмө таянып жаздым. Фуле- Фоло деген сөздөр Бөрү деген сөз. Ошондо Фуфоло деген сөз , Солго тиешелүү Бөрү тайпасынан болуп чыгат. Мурда  мындай көз караш  болбогон . Менин жаңы чыккан  китебимде , Эврей элинин түпкү теги жөнүндө  кенен  сөз козголот.  Көлөмдүү  очерк   китебимден  орун  алды.

630 жылдарынан баштап,  Кытай тарыхы Нушиби деп койгон  Чу-Талас-Тяньшан тарап өзүнчө бөлүнүп, борбору Талас болгон. Буларды  “Он Ок” тукуму деп койгон. Он уруудан туруп, ар бир уруу бирикмесинин башчысы – кагаанга чогулушка келгенде колуна, өзүнө баш ийген канча уруу болсо –ошончо жаанын огун  ала жүрчү экен. Ошондон Он Ок аты келип чыккан.  Он Ок деген сөздү кытай тилине которгондо  Шеху   болот. Б.з. 555- жылы Таластын Миңбулагын  жердеп, журт башкарган Шегуй кагаанды эске алганда, ал түзгөн өлкө , он уруудан турганы  көрүнүп турат.

Ал эми экинчи тарап Туулга тукуму атка конгон. Ошол туулга деген сөздү, айрым элдер дулуга деп айткандыктан, ал сөз кийин  Дулу болуп өзгөрүп, тарыхка түшкөн экен. Дулуну Тукюйе дейт. Н.Я. Бичурин 3 китеп 176 бет. Санжырада Миңдуулат болуп айтылып калган .  Кийин Миң тукуму - Хазар деген атка көчкөн. Жайыл менен  Миңтуулга тайпасынын ортосунда болуп өткөн 20 жылдык граждандык согуштан кийин,  Миндуулаттан бөлүнүп кеткендер да болгон. Алар мамлекетин Хазар б.а “Миң” деп атап алышкан экен. Данапар дайрасынын куймасына жакын жерде, байыркы Киев шаарын кура башташкан. Баштапкы чагында ал калаанын төрт тарабында  эшиги болуптур. Эл аны  “Өгүзкана” деп коюшчу экен. Шаарды курганга  хан тукумунан болгон үч адам ынтымак куруп, иш баштаган.  

Аларга, Кий- Чоң Ала Тоодон болгон Ки- хэу, падыша тукумунун өкүлүэкен.  Шеху - Он Ок падыша  тукумунун өкүлү- Шегуйдун тукуму болуптур. Н.Я. БИ. 2 том 68 бет.

Хориф -  Кутуустун урпактары, Манас эпосундагы  Алооке хандын урпактары, б.а  “Чыгыштын кароол ханынын”   тукумдарынан  болушкан. Алгачкы король тукумдарынын урпактарынан болгон. Булардын кароль деген сөзү , Хунндардын”чыгыш менен батыштын кароол кандарынын”  атынан келип чыгат -  деп чечмеледим. Жогоруда айтылган ой толгоолор азырынча менин жеке оюм,  кийин бул айтылган ойлор  туура болуп чыгаарына мен ишенемин.

Учурунда Чаян элинен канышаны ээрчип келип кошулуп, бийлик башында болгон  чалике тукуму, Миндуулаттын башкаруучу төбөлдөрүнөн болушканы   белгилүү болот. Түпкү журту Жан Суулук  Кушчу экендигин башта айткан элек.

Дуулат тайпасынын башчысы  Шехуну,  Ябгу\хи- хэу\ деп атап коюшкан, кытай  “Йеху”деп атап алыптыр. Ошол Туулга, үйүн Кытай тарыхчылары “Тугю”, “Тукюе”  деп атаган  дейт. Бул аталыштар баштапкы чагында Түрк , Түрк үйү деген мааниде болгон. Айрым  тарыхчылар алыстагы эл деп, болжоп, которуп койгондору да болгон. Тугю, Тукюе  деген сөздөрдүн эң алгачкы мааниси Туулга, Туулга үйү деген маанини түшүндүргөнүн өзүмдүн 2015 жылы чыгарган китебимдеги  изилдөөлөрүмө таянып айттым. Түрк деген сөздүн түп мааниси -  Туулга болуп чыгат, мындан мурда мындай чечмелөө болгон эмес. Ушул элдердин тарыхын кытайчадан которуп жазып чыккан Н.Я.Бичурин да, эмне себептен бирде Тугю болсо, бирде Тукюе болгонуна түшүнө бербегенин өз эмгектеринде айткан болчу. Түрк деген сөздөн Тугю чыгат деп болжогон болчу. Чындыгында Тугю сөзү Туулга деген сөздөн чыгат. Ал эми Тукюе дегени Туулга  үйү деген манини билдирет. Или дайрасынын түндүк жагындагы жер чөлкөмүнүн түзүлүшү туулгага окшош болгону үчүн -  Туулга аты келип чыккан экен. Ойду андан ары улаганда ,Түркия деген сөздүн чечмелениши Туулга экендиги эми белгилүү болот. Ал эми орустар батышка бөлүнүп кеткенде , барган жеринде “Биз  туулганы таштап келдик” - дегени тарыхта калып калган. Батышка оогон Рюриктен тараган тайпа  Новгороддун түндүк батышынан орун алган экен. Бул тарыхый шарт Рюриктин сегизинчи урпагы болгон, Ярослав Мудрыйдын тушунда болгон. Америкадагы  Славян тукумдары, Ярослав  Мудрыйга арнап  чиркөө салышып, анын ичине  жолум үйдөй болгон чоң туулга  жазашып, анын бет маңдайына  Ярослав Мудрыйдын сүрөтүн тагып коюшкан. Орустар ушул күнгө чейин  эмне себептен Туулганы таштап келген эл экендигин- билбей келишет. Ошол тушта  түндүк жакта качкынга айланган элди “Варяг” деп коюшкан. Бул сөздү Миңдуулатта жашаган элдин орток тили болгон Кыргыз тилине которгондо  “Жапайы топоздор” болуп чыгат. Ошондой эле Волга дайрасынын аты да Вол  деген сөздөн  чыгып, “Өгүз” деген маанини берет экен.  862 – жылдардан тарта  бирдиктүү Русь мамлекети түзүлө баштаган экен. Бул жерде улуу ачылыштар  бизди күтүп турганы талашсыз. Ушул менин айткан оюмду жерге таштабай изилдөөнү  уланта турган адамдар табылаарына мен ишенемин.

Ортодон бир топ убакыт өткөндө, бул куралган өлкө экиге бөлүнүп кеткен болот. Түндүк тарабы туулга б.а. “дуулат” тайпасы болуп,  түштүк жагы  “он ок” б.а. “жайыл” тайпасы болуп кайра  түзүлөт. Ар тарабында  бештен уруу болот. Адегенде, журтту канышанын ага туугандарынан чыккан,  “сол үйүнүн улуу  жолбашчысы” Чалими падыша б.а. Чалике убактылуу башкарган болот. Ми деген сөздүн чыгып калышынын себеби, каныша Он суу (Усунь)  велможасына турмушка чыкканын эске алганда , ми деген сөз, орустун бир тайпасынын аты    экендигин байкоого болот. Ал тайпанын башчысы , Или дайрасынын оң куймасы болгон,  “Чилка” суусунун боюнда олтурчу экен. Балибай- туулга падыша  өлгөндө, анын аялы ордодогу  туугандары  болуп, бөлөктөргө айтпай анын баласын - Чабол Чалихини  туулга падыша кылып көтөрүп жиберишет. Салт боюнча  падишах  кайтыш болсо, такка иниси олтуруш керек болчу. Ошондон  улам чатак чыгып,  эл бөлүнүп кетти. Жайылдан Миндуулат бирото эле  бөлүнүп чыкты. Санжырада Жайылдан тараган Миңдуулат болуп айтылганы ушул себептүү болот.  Ушул эки тууган эл 630  -  650 жылдар аралыгында,  20 жыл бою согушуп, жер ээн калган экен. Ошондо,   Дөлөнкан күчтөн тайып,  алсырап турган кыпчак, кесек, найман, тейит, карлык, кушчу, аба-ар, саруу, фуфоло, сабир, уар сыяктуу Миндуулатка тиешелүү урууларды тыйпыл  чапкан. Тарыхта , Дөлөн кандын аты  -Тули хан  деп жазылыптыр. Бул жаңы көз караштарды өзүмдүн изилдөөлөрүмө таянып айттым. Курманбектин  өткөнүнө 500 жыл болду деп той берип таштады элек , эми кандай болоорун билүү кыйын. Бул учур Курманбектин заманы болгон экен. Элдин бир бөлүгү болгон-  Аккан достун эли , орус тектүү элдер - батышка  ооп кетти. Миң тукуму  түштүк тарапка ооп, Хазар мамлекетин түптөөгө киришти.  Жаңы түптөлүп жаткан  Булгаары тайпасы,  ушул баш аламандыктан  пайдаланып, миңдуулаттан бөлүнүп кетти. Түндүк жакка Дуулаттын улуу колбашчысы -  солдун уулу Чабол Чаликени ээрчиген  кушчулар -  Cеленга, Энисейге чегинип кетишти. Ал жерде:  Ча көл, Чаган суусу, Каратал, Каракушчу, Чаулуту, Эдер, Эгин, Буксуй(Суук Суу),Улактай көл,  деген жерлерде, эчен кылымдап  күн кечиришти. Тарыхка  алар  Алтай, Энисей кыргыздары катары жазылган. Кыргыздардын 6-8 к. аралыгындагы жашаган  учуру , тарыхка  “Чаа таш” маданияты -  деп түшкөн. Алар мурда “ хилер”  атанып жүрүшсө, кийин Кушчу атына көчүп  алышы  б.з 662 жылдары болгон экен. Бул учур Енисейдеги кушчулардын Жайыл тайпасына болгон  көзкарандылыктан кутулганын билдирип турган. Хи деген сөз Ала Тоолук  падышаларга б.а. Жайыл тайпасына  тиешелүү  падыша деген сөз экен.

Ошол учурда Алатоодон Японияга  Химико аттуу каныша  турмушка чыккан. Японияда  Кансай деген жерде Сематай аттуу шаар болгон.Так айтканда Сйе-матай, бул сөздөн йе сөзү бар , Байыркы Талаштын атында- Чжан- йе  да ал сөз бар. Өмүр(Амур- Амибей) дайрасынын(Бей) түндүк тарабынан келген  Дөөлөстөрдөн чыккан Агабийлер (Абейгими)  бийлик кылган.

Башында падыша тукумунан келген каныша, ошол тукумдан канышаны ээрчип келген 500 бала, 500 кыздын  теги    падыша тукумунан болсо, кийин катаган атка көчкөндөн кийин ,  эл бийлеген тектин, жөнөкөй  хан тукумунан болуп калганын , Ке - сөзүнүн уланып айтылышынан  байкоого болот. Катаган атына көчүү  кушчулардын  байыркы Талаштан чабылып, Сыр дайранын түндүк  жагына, Тажик жерлерине көчүп келгенден кийин, Ала Тоодогу Сак эли менен бириккенде Катта ханга айланган деп болжоого болот.   

Болуп өткөн так талашуу   согуштары миңдуулатты телчиктирбей, кулоосуна шарт түзгөн. Адегенде Шегуй тактан кулатылган соң миңдуулаттан бөлүнүп чыккан  Түргөштөр, Чоң Кемин суусунун боюндагы  Суябды борбор кылып, Чүй, Таласка көчүп келишкен экен. Андан кийин  751 жылдагы чоң согушта  түргөш тарабы жеңилип калган соң - алар,  Синцзянга ооп кетишти. Бошоп калган жерге, Тарбагатайдан мурда көчө албай калып калган 200000 миң адамдан уланган,  Халлук эли көчүп келишкен экен.

Чалике уруусу кушчулар менен бирге Энисейдин бир куймасы болгон , Селенга дайрасынын  бойлоруна жер которуп,  10 кылымдан баштап, 17 кылымдын 80 жылдарына чейин,  Энисей менен  Үчтурпандын  аралыгында орун алган   жерлерде, көчүп-конуп  жүрүшүп, күн кечиришкен  экен.

Эми чалике уруусунун  аксакал, карыяларынын  айтканына кайрылсак,  Чалике уруусу башында турган кутчулар, Үчтурпан бизге жер болбой калды, уй түгүндөй көп калмак ме­нен согушуу акылсыздык -  деп, Үчтурпандан түштүккө – Баркөлгө көчкөн экен. Андан кийин Акчийге, Какшаалга көчүп келишиптир. Кушчулар Какшаалды мекендеп турганда, Kубат бийдин  уулдары   Абайылда, Берик деген адамдар , Кара Чийди борбор катары тутушуп, ошол жерде жашашчу экен. Элибиз ал жерде көптөгөн жылдар жашашкан.  Кийин өз ара чактакташып бөлүнүп кетишкен . Чырдын башы Үч-Меркечте турган Абайылда, Бериктин аталаш туугандары Чоко менен Токтокүчүк, аштыктан салынган салыкты, “ушул деле жетишет” - дешип, толук төлөбөй коюшат. Аштыктын чени жерге орнотулган ,  бийиктиги 3 метр келген казык экен. Аштыкты ошол казык көрүнбөй калганча төгүүлөрү керек болгон. Айтылган чен толбой калыптыр. Берик айткан сөзүн жерге таштап койгону үчүн кек сактап калат. Кийинки жылы бир ашта Чокону  конокко алып, чоң селкинчек орнотуп , колуна бүркүтүн карматып ”селкинчекти таң аша тепсең, бүркүтүң алгыр болот”- деп,  түн бою Чокону ыргакка  түшүрүп, ыза кылат. Чоко таарынып, ашка күтпөй бастырып кетет. Жаз да келет. Чоко Меркечтен аттанып, бүркүтүн колго кондуруп алып, Кара Чийдеги -  Кара Сегин деген жерде, элге арык чаптырып жаткан Берикке атайлап барып жолугат.  Берик, бүркүттү алып көрөйүн  дегенде, Чоко: “Бул кара кашка тынар, муну көрүнгөн эле киши кармай бербейт”-деп, элдин көзүнчө  Бериктин шагын сындырган экен. Берик өзү баатыр адам болгон. Арык чапкандар  Чокону кармай турган болгондо, ал күңгөй тарап менен качып, Үчтурпанга барат. Ал кезде Үчтурпан кичирээк шаарча  экен. Баш Чакмадан тартып, суунун бою кең жайлоо болуп, ал жерде Калмактардын бутканасынын кудаят – делген, 400 -дөй аты багылчу экен. Чоко бул аттарга сырттан көз салып жүрүп, бир күнү Жаркөпүрөдөн айдап өткөрүп, Отбашыга чогултат. Ал күнү, Какшаалдан Үчтурпанга бара жаткан жолоочулардан, “буткананын аттарын Абайылда менен Берик айдап кетти”- деп кабар айттырат. Андан кийин ал, жылкыга тийип,  уурдалган жылкыларды  жиниккенче катуу айдап , баспай калгандарынын  башын кылыч менен кесип, тумшугун аттын чатына тыгып коюп, жүрүп олтурат. Артынан чыккан калмак куугунчулары, өлгөн аттарды көрүп таң калышат. Андан соң: “Калмактарды да ушинтип башын кесип, артына тыгам деген белгиси - деп түшүнгөн”- калмактар, элине кабар кылышат. Ошондо Чоко калган аттарды андан ары айдап, Чал деген жердеги кашаттын башына өргүтүп коюп, эки жолдошунун бирин Абайылда, Берикке жиберип, Калмактардын атынан: “согуша турган жериңди айт”- деп кат жазып жөнөтөт. Чоко өзүнүн  жакын туугандарын  көчүрүп, Тешикчапты ашып Ыссык Көлгө көчүп кеткен экен. Азыркы Бөкөнбаев айылындагы Кутчулардын айрымдары,  ошондо бөлүнүп кеткен  туугандарыбыз болгон. Ал эми К. Сыдыкова айткан сарбагыштардын  40  үй-бүлөсү, кушчуларды ээрчип кеткен. Ал учурда 5000 ге  жакын сарбагыштар , Ыссык Көлдү тегеренип көчүп-конуп жүрүшкөн. Үркүндө алардын көпчүлүгү  Анжиан тарапка ооп кеткен эмес. Чоко менен Токтокүчүктөн тарагандар Жан Кушчунун Чалике уругунан болушкан.  Ал эми Чулдук, Жыргалбайдан тарагандар , кийинчирээк Таластан барган, Жан Кушчунун Чалике  уруусунун  адамдары болчу.

Калмактар менен башталган чатак уланды. Эми Какшаал да жер болуп бербеси ачык болгондо,  Дуулат тайпасынын кушчулары, Абайылда, Берик, элди Анжианга, андан соң  Таласка  көчүрүп келип жайгаштырганын -  Усейн ажы айтат. Талас чөлкөмүнө көчүп  келгендердин  бир бөлүгү , ушул күндө  Кара- Арча деген жерде   жашап жатышат. Ыссык Көлгө баргандары да болду. Элдин басымдуу бөлүгү Талас өрөөнүнө 1680 жылдары  көчүп келди. Ортодон бир топ убакыт өткөндө, чачылган кушчулар, ар кандай ат менен кайрадан чогулган экен. Көк кушчу, кара кушчу, лалым кушчу, сары кушчу,  таз кушчу ж.б. аттарга конушуп ,  элге кошула баштаган. Кушчу уруусунун генеалогиясын  аңдап, карап көргөнүбүздө, эң байыркы катмарды - Өгүз журтунан бөлүнүп чыккан,   Жансуулук кушчулар аты  менен белгилүү болгон -  Жан кушчу уруусу болуп чыгат. Эми санжырадан түбөлүктүү өзүнө тешелүү оордун ээлейт.  Андан кийин Көк кушчу –Көкөноорго барган кушчулардын конгон  аты, Кара кушчу  - Суйчжефу, Ганчжефу, Ляньчжеуфу  ж.б. облустарда болуп келгендиги тууралуу маалыматтар  көп. Анын бири Н.Я. Бичурин. 3- Китеп 16 бетте айтылат, “элдин зору кушчу” - атына конгон   кушчулардын аты. Анын ичинен Ганчжеу фу - Байыркы Талаш.  Андан кийин Лаалым кушчу – Илеге барган кездеги  аты. Андан кийин чыкканы Кутчу  - Ысык Көлгө баргандагы аты. Андан кийин  жакынкы мезгилдерде аты жаралгандарга:  Таз кушчу, Сары кушчу, Дондор  кушчу, Аман кушчу, Айрым  кушчу, Чөл  кушчу, Дашказан кушчу, Тынай  кушчу, Али  кушчу, Ашагы  кушчу, Сарт  кушчу  ж.б.кирет.

Кутчу атынын пайда болушу тууралу, өзүмдүн жеке оюмду айткым келет. Кытайдын төрт облусун  кыдырып келген кушчулар, кийин Чоң Ала Тоого келгенде , тоо арасынан  “кут” издөөнү билишкен. Менин жеке көз карашым боюнча алганда, кут деп  маралдын мүйүзүн айтышкан. Маралдын мүйүзүнө кан толгон мезгилде, мүйүздү түшүрүүгө марал абдан аракет кылат. Мүйүзүн  ташка сүрүп олтуруп түшүрөт.  Мүйүздү таап алгандар чоң олжого ээ болгон. Ошол мүйүздү эл “кут” деп койчу экен. Кытайдан келген соодагерлер бир кило мүйүзгө, бир кило алтын берип кетишчү экен. Кут тапкан үйгө кут  кирген, байлык кирген. Куттун сыры мына ушундай. Ошондон улам  Ыссык Көлдөгү  кушчулар , Кутчу атына  көчүп кетишкен. Бүгүнкү күндө  мүйүздөн пантокрин деген дары  жазалат.

Ортодон көп убакыт өтпөй  кыргыз жерлерине калмактардын чабуул  койуусу күч алган . Элди чаап кетмей,  жылкы тийип кетмей - деген жагдайлар  күндөлүк болуучу окуяларга айланган экен. Согуштар башталып,   1690 – жылдардан баштап  эл түштүккө кете баштаган. Элдин артка, өз  мекенине  кайтышы, Кубат бий өлгөндөн кийин - болгон. 1756-1780 жылдарга туура келген. Таласка, өз ата мекенине кайтып келген кушчу  уруулары Каракушчу, Көккушчу, Тазкушчу, Чалике, Чилжуут, Сакалды, Чейне, Оңочор, Кагазды. Жанкушчуга тиешелүү уруулар деп бүгүнкү күндөгү Чалике, Чилжуут, Сакалды, Чейне, Оңочор, Күнчөй  урууларын  атоого  болот.

Кушчу уруусунан чыккан  Сокку ур бийлер Үчтурпанда  турганда, канчанчы Сокку уруучу бий экенин так айтууга мүмкүнчүлүк болбоду. Сокку ур бий Үчтурпан жакта жашап турганда, Куртка бий менен койлору короолош, өздөрү ынтымак  курушкан экен. Моголдордун Махмуд султаны менен куда болгон. Махмуд султан, Султан Бабырдын  атасы Омор Шейхтин улуу агасы болгон. Сокку ур бийдин кызы Махмуд султанга турмушка чыккан. Махмуд султандын Нойгут эли койгон аты Кылыч кан болгон. Ортодо Махмуд султан менен Ахмед хандын ортосунда так талашуу болгондо,  Сокку ур бий,  кушчу менен чаадан  7 миң аскер курап, Ахмед хан олтурган Жаркентти 20 күн курчоого алып турганда, Кашкарлыктар кетип калышып, Сокку ур бийдин аскери артка кайтышкан экен. Аны эл Сокку- улук деп аташчу экен. Кийинки жылы болгон чабуул ийгиликтүү болгон. Ошол так талашуу мезгилдеринде, Сокку ур бийдин күйөө баласы Кылыч канды, ууландырып өлтүрүшкөндө, анын   уулдары Дайыр менен Көкөнү жана кызын   - Сокку ур бий өз колуна алган болчу. Эки баланы качырып жиберген.  Балдар  Ак Дөбө деген жерге келишкени тарыхта айтылат. Ал эми санжырада айтылган Айтбай балалуу болуп той берип жатканда, той үстүнөн чыккан эки баланы Айтбай бала кылып алган.  Экинчи бала кетип калган делет санжырада. Тарыхта Дайыр таарынып  казактын жалайыр уруусуна туруп калганы  баяндалат. Ошол мезгилде Казак элине  биринчи хан болгон Тахир болгон.Ал балдардан тараган тукумдун Таласта бар, жок экенин билбедим. О. Сыдыковдун айтуусуна караганда, Кылыч кандын Болот кан деген уулунан Көкө, Тахир деген уулдары  Ак Дөбөдөн келгенин баян этет. Санжыра боюнча  Дайыр Таластан таарынып кеткен. Бул окуя 1636-жылдары болгон.  

Андан көп өтпөй Сокку ур  бий Таластагы кушчулардын  уруусуна тиешелүү Калба жайлоосунда олтурган, чоң атасынын конушуна келген. Ушул мезгилге чейин окумуштууларга, илимпоздорго, санжырачыларга белгисиз болгон бир нерсени айта кетейин: Ал “Сокур бийдин” аты тууралуу. Ушул күнгө чейин белгилүү болгондой Сокур бий десе, көзү сокур болгон адамды элестетебиз. Чындыгында андай болбогон. Кушчу уруусунда Сокку ур бий деген наамдын пайда болуу тарыхы, алыскы тереңге кетет. Илгерки заманда, Манастын көзү өткөндөн кийин, Ала-Тоолук Кыргыз эли, анын ичинде кушчулар, элди бириктирүүчү деңгээлге өсүп жеткен. Кушчулардын башында, Канишке деген  падыша  турганы тарыхка жазылган. Канишке деген сөз, менин чечмелөөм боюнча, Кылыч падыша болгон. Илгерки заманда курал болгон  кылычты –“ каничме” деп  атагандар болгон экен.  Үчтурпандагы Нойгут уруусунан  чыккан  Кылыч падыша Чадолунун: Бугу, Кушчу, Мунгуш,  Басыз,  Мундуз, Саруу, үч уруу Карлык, Нойгут,Саяк,Тейит, Кесек,  Найман урууларынан турган аскери каңгыларды чаап, Оогон жерине жеткенде,  өзү ал жерде калып,  кол башчысы Тагайга  (Тарыхта Цилихи иначе Чалике) “Сокку уруучу бий” наамын берип, Индияны чабууга жөнөткөн. Н.Я Бичурин 2-том 228 бет.  Ал Ашуулардан ашып өтүп,ортоңку Индияны каратып, калган 4 Индияны өзүнө кошуп, бирдиктүү мамлекет куруп, өзү ошол элге падишах болгон. Ортоңку  Индиянын  ээсин Цилихи б.а. Чалихи(Чалике) деп аташкан. Ордо курган жери  Ча-Абанын –Калаасы деп аталчу . Тагай түстүү айнектен жасалган тактыда олтурчу экен. Үчтурпандагы  Сокку уруучу бийлердин  санжырадан орун алуусу ушул себептүү болот. Кийин  Үчтурпан аймагында  сокку уруучу бийлерден тараган  бир урпак  өздөрүнүн тегин  Сокку-улуктан таратып алышкан экен. Бул тууралуу  Осмонаалы Сыдык уулунун  Уфа шаарында чыккан китебиндеги санжырадан кездештирүүгө болот. .  “Сокку  урчу бий” наамы, ошол учурдан баштап, Үчтурпандагы  кушчунун Чалике уруусунан  чыккан бийлерге берилип келген. Уруунун өзүнө гана тиешелүү, уруулук даража болгону, илимге эми белгилүү болот. Кубат бийдин ата тегиндеги Сокку ур бийлер  ушул тектен келип чыгат.

Ошондой эле он ок тукумунан чыккан кагаандын атасы Бөгү, Таласта турганда, ал  өзүнө “Чаа бий” наамын кабыл алган.  Саруудан аял алган экен.  Тарыхта  ша деп жазылган учурлары кездешет. Ошол мезгилде жаңы көз жарып жаткан Хазар өлкөсүнүн башчылары , ша - атын-шад деп өзгөртүп  алышкан. Ошол учурдан баштап,  ал сөз кыргызда Калча  аты менен жашап келген.

Таласка келген Чалике тукумунан Томон, андан Токтоболот, андан Дорбо- күмүш чокмор , андан тараган Эгембердинин Сокку ур бий деген  наамы  болгон. Андан Калча, Назарбек туулган. Калча бийдин Кубатбек деген  уулу болгон. Назарбектин Тумак, Беки, Шакар деген үч уулу болгон. Тумактан Куржун, Тагаймат, Жоош . Куржундан Чулдук\ Бото\, Чулдуктан Жыргалбай, Жангил, Малдыбай деген үч уулу болгон. Ушул үч атадан тарагандар  кутчунун чалике уруусунан, түп атасы  Томондон тараган тукумга кирет. Ыссыккөлдүн Бөкөнбай айылында 400 түтүн эл болуп олтурушат.

Шакардан Айтбай, Ырысбай, Үмөтбай деген үч уулу болгон. Айтбайдан төрт бала  Токтор, Токтоназар, Таабалды , Акылбек - ал  эми Айтбайдын багып  алган баласынын аты   Жээнбек болгон. Токтордон  Эркинбек, Жаныбек, Кожобек, Байбек, Чойбек, Шайбек болгон. Эркинбектен  Бокбай, Төлө, Көкүм. Чойбектен  Асылбек , Жумабек. Шайбектен  Ташмат.

Токтоназардан Керимбек, Кубатбек, Козуке, Бает, Акбаш, Байсалбек, Медетбек .Кубатбектен  Садык  андан  Айылчы. Медетбектен,  Жолдош, Төрөкул.

Таабалдыдан  Белек, Оторбай, Кедейбай, Кудайберген. Оторбайдан  Турсунбай, Жумабек. Турсунбайдан Садырбек. Жумабек Чат базар  район болуп турганда, сельпонун председатели болуп иштептир. Кийин согуш аяктаганда   аман эсен элге кайтып келип, Оторбайдын  бир тууган карындашы Калыйпанын үйүндө бир ай  жүрүп калат. Ошондо апам  Сыябү менен табышып, Шейшендин үйү деген  узатасынан салынган , үстүнө күл төгүлгөн чакан тамда жашап турушуптур. Ал там көчөдөгү жалгыз чатырчасы бар  там болчу.  Көп өтпөй эле Чоңтокойдун аягындагы  откосго жакын жерден там сатып алып көчүп кетиптир. Откос дегени ат хозяйствосу деген сөз экен. Көрсө ал жерде  райондо иштеген милициялардын аттары багылчу экен.

Жумабектин  уулдары: Сагынбек, Төрөбек, Кубанычбек, Кадырбек, Болотбек.

Акылбектен Итике, Кенжебек, Иманаалы, Нусубаалы, Абыке, Шамке, Жанаалы, Муратаалы, Кедейбай.

Жээнбектен Үрүстөм, Тыныстам. Үрүстөмдөн Кудайберген , Назараалы, Ниязаалы, Танабай. Тыныстамдан Алыбай, Жумалы, Сыдык, Жаманкул. Жумалыдан Асанкул андан Иманбек.

Үмөтбайдан Ормон, Субан. Ормондон Орозаалы, Жумаш, Кенжегул. Жумаштан Калык. Субандан Балкыбек, Багышбек.  Балкыбектен  Молдобай, Молдобек, Жөкөн. Молдобайдан Мырзабек, Базарбек. Молдобектен Калман, Акматбек.  Жөкөндөн Жусупбек.  Ырысбайдан Солтобай, Меңдибай. Солтобайдан Айкынбай, Теңизбай, Аргын. Аргындан Бейшебай, Аманкул, Сулайман.  Шакардан  тарагандар  Таласта 350  түтүн эл жашайт. Түпкү  атасы Томон .

Учурунда Кубат бий Таласка байма-бай каттап,  Бердике баатыр менен болгон окуялар санжырада калган. Бүргөнүн атасы Итим бий менен достук мамилеси болгон. Хан Бүргөнүн кызы Акшербет, Кубат бийдин уулу Агышайбекке турмушка чыккан. Ажыбек датка  Кубатбектин  күйөө баласы болгон.  Агышайбектин бир аялынан тараган урпак, 300 түтүн, Акмоло деген жерде жашашат   деп угабыз. Алар өзүлөрү  кушчунун Чалике уруусунан болоорун  билишеби жокпу, белгисиз. Таластын Кара Арча деген жеринде, Абайылдадан тараган , 60 түтүн чалике бар. Бериктен тарагандар өздөрүн Бериктин тукуму деп атабастан Күнчөй атанып жүрүшкөндөрү да бар. Бул уруу  учурунда Күнгес суусунан жогору күнчөлүк өйдө жерде жашаган уруу экен. Ошондон Күнчөй аталыптыр. Абайылда менен Берик  көчүрүп келген  журт азыркы күндө Кара Арча деген жерде  үч уруу болуп олтурушат.  Алар өзүлөрүнүн чыккан уруусунун  чалике  экендигин билишет.

Айтбайдын 400 жылкысын кайрып келүү үчүн барган  Тагайматтын  каза болуп калганы уламышта айтылып калган. Кубат бийдин тууганы, калмактардан жылкыны кайрып келе жатканда, каза болгондо, сөөгүн алып келүүгө Сазан баатырды жибергени санжырада айтылат. Ошол мезгилде Саруу уруусунан Сазан деген баатыр чыгып, Тянь Шандын сыртындагы Тарагай деген жерде 10 жигити  менен  конуп-түнөп  калат. Максаты жылкы тийип келүү экен. Күн кеч кирип, көз байланганда алыстан жагылган оттун жарыгын көрүшүп, өңүп барып карашса, от боюнда алп мүчөлүү адам эт жеп отурат. Сазан жигиттерине: “Тиги отургандын  жигиттерин  матап, колун байлап, мага алып келгиле, мен бул башчысын байлап алайын”-дейт. От жанында олтурган адамдын арт жагынан келип, учунда коргошун уютулган камчысы менен жон талаштыра салып калат. Олтурган адам “Ах” –деп, колун бир сермеп, Сазанды өзүнө тартып, алдына баланы жыккандай басып жатып, “Ой кудай урган, сен кимсиң?”-дейт. Сазан аты-жөнүн айткандан кийин “Ой кудай урган, сен белең?! Мен ат тээп жибердиби деп чоочуса, көрсө сен тамаша кылып жаткан турбайсыңбы, чоочутайын дегенсиң го? Жок сынап көрөйүн дегем. Сазан: “Өзүң ким болосуң?”-Мен Кушчунун Чалике уруусунан болом, Кубатбек баатыр деген мен болом. Түпкү атам Томон, андан Токтоболот дегендер өткөн кушчудан. Мен ошолордун урпагымын. Тынч сөз угуп олтурган Сазан, эки колун шак коюп, “кокуй тиги  менин жигиттерим, сенин жигиттериңди матап койду го дейм, кокуй”-деп тура чуркап, жетип барышса, Кубатбек баатырдын жигиттери, камырабай эт жеп жаткан болот. “Ой менин жигиттерим кайда”?-дейт Сазан тынчы кетип. Анда бир жигит “тигинде эс алып жатышат”... Сазан барып караса, кийимдери жыртылуу, бети-башы канга боёлгон, жигиттеринин колу-буту таңылуу экен. Ошондо, Кубатбек жигиттерди бошотуп, бир жылкы союп, тамак тартып, ынтымакташкан болот. Тамак үстүндө шашпай олтуруп , кечээ жакында калмактар Кубатбектин тууганы болгон Айтбайдын 400 жылкысын тийип кеткенин, артынан куба барган туугандары жылкыны таап, артка кайтканда, калмак сезип калып, ортодо чабыш болгонун - Кубатбек айтып олтурду. Ошондо, Жоош Тагаймат деген туугандары каза болгонун, Жооштун сөөгү сууга кетип, Тагайматты калмактар жээкке алып чыгып өлтүрүшүп, сөөгүн кара-кузгунга жем болсун деп, талаага таштап койгонун укканын айтат. Ошол калмактарга бирге барсак кандай болот? Эсил тууганым Тагайматтын сөөгү талаада калса, башыбыздан бак учат го?! Ошондо, Сазан баатыр “Сөөктү алып келгенге мен өзүм жалгыз барам. Бул ишти мен аткарып келейин -уруксат бер!”-дейт. Кубатбек: “жылкыны кайрып бер, сөөктү бер”-деп, калмакка элчилерди жибергенин, алар сөзгө келмек турсун элчилерди бүт мууздап салганын айтып , кейип олтурду. Болуптур, кызматың дайыма эсте болот-иним. Бу калмактын салтында, өлгөн адамдарды итке талатып, этин жедирмей-деген жаман адаты  бар, өлүктү ит жебей койсо –узун сабак  сөз кылып, булардын өлүгүн ит да жебейт-дешкеничи. Анан Тагайматтын кунун куубасак болбойтко...

Сазан баатырдын  каары бетине айланып, жеке аттанаарын айтканда: “Тору күрөңдү алдына тарткыла”- деген Кубатбектин буйругу угулду.

Ортодон бир топ убакыт өткөндө,  сөөктү таап, алып келген Сазанга “Бали жигит, азамат экенсиң, жеңилдигиң болбосо, күчүң мендей болгондо, жигиттин шери болмок экенсиң”-деген экен. Ошол күндөн баштап Кубатбек менен Сазан жакын достордон болушуп, далай иштерди акылдашып кылган  дейт.

Мына ушул уламыштардан көрүнүп тургандай Кубат бий Талас жергеси менен тыгыз карым-катнашта турганы билинет. Ал учурда элди бийлеп турган  бийлердин, хандардын аялдары көп болгон. Эгембердинин , Калчанын- аялдарынан канча уулдуу болгондугу бизге белгисиз болуп калган. Кубат бийдин  толук санжырасы  Жизак, Мургап, Ангрен тарапка, чөлгө  ооп кеткен тукумдун колунда болуусу мүмкүн. Бизге белгилүү болгону, Эгембердинин Калча, Назарбек деген уулдары болгон.  Назарбек чоң атабыз олбурлуу чоң адам болгон экен. Кубат бийдин  ордосундагы кадырлуу адамдардан болгон. Кубат бийдин аскери үчүн  курал жазоо иштерин колго алган экен. Туу түбүндө турчусу болгон - деген уламыш биздин күнгө чейин  жетти. Ошол мезгилден бери эл арасында  сакталып калган уламыш кеп бар. Анда: “Намызың кетсе  Назарбекке бар, кубатың  кетсе  Кубатбекке бар” деп айтылып калган. Кубат бий цинге каршы күрөшкө аттанып кеткенден кийин, эки жылча белгисиз болгондо , ордодогу Кубат бийдин жакын адамдары  ана келет, мына келет деп жашырып коюшкан экен. Качан иштин аныгы билингенде Эрдене бий,  адегенде эле Назарбекке уу бердирип өлтүргөн экен. Ошол эле учурда Кубат бийдин  уулу Агышайбек   өлтүрүлгөн болчу.  Ордодогу Кубат бийдин туугандары түгөл качып  Жизак, Мургаб, Ангрен тарапка , чөл жакка  жер которуп кеткенин улуу муун айтып келген. Ошондон бери   кабар болбоду.   

Назарбектин  Тумак, Беки, Шакар деген уулдары болгон. Тумак чоң атабыз, Кубат бийдин тушунда, Ангрен деген жерде бий болгон экен. Тумактан уланган тукум бүгүнкү күндө  Көлдө турушат.

Калчадан  Кубатбек бий. Анын бир наамы “падышах’’ экени  белгилүү. ‘’Падышах’’ наамы Чалике уруусуна тиешелүү уруулук даража болгон. Анын себебине токтолсок, жогоруда белгилеп өткөндөй, Кушчу уруусунан чыккан Чаликеге, Ооган жеринде, Кылыч падыша тарабынан Индияга казатка аттанаарда, ага “сокку уруучу бий” наамы ыйгарылган экен. Кийин ал  ортонку Индияны каратып,  андан соң - калган төрт Үндү падышаларын өзүнө кошуп , бирдиктүү Индияны түзүп, өзү  падишах болгон. Ал өз тегинин Жан Суулук Кушчулардан болоорун  билген. Ордодогу  падишахтын тарых, таржымалын жазуучуларга , Чалике уруусунун   түпкү тегин сүрүп, тактап жазуусун тапшырган, алар өз кызматтарын  тыкан, жана так аткарып турушкан. Чаликенин, теги  Жан кушчу,  Сокку уруучу бийлердин тукуму жана Үндүнүн падишахтарынын тукуму болуп бекип калган экен. Усейн ажынын айтуусу боюнча:  “Усуньдар байыркы шахтардын урпагы, шахтар байыркы түрк урууларынын бири”-  экендигин айтат. Ошол бир уруунун аты  Чалике. Чайан кандыгынан канышаны ээрчип  келген  500 бала, 500 кыздын усуньдарга келип , туруп калуусунан улам ,Чалике уруусу калыптанган экен.  Канышанын аты Малике- Чалике  болгонун араб тарыхый маалыматтарынан  билдик. Арабдар ошол тушта усундарга келген канышанын аты   Малике  экендигин жазып калтырышкан. Келген каныша  Чалике династиясын  жаратуучу катары,  чалике канышасы аталганы табигый көрүнүш. Ошол эле чаа кандыгынан кыргызга келген каныша Чаакан энебиз экенин эстейличи.  Бир аты Чыйырды болгон да.

Андан кийин көп убакыт өткөндө,  Миндуулатка падышах болгон Чалими Юй Дафу болгон. Чечмелеп көргөндө, Юй –деген сөз Үй, Да-деген сөз, улуу кол башчы, Фу- Сол деген түшүнүктү жаратат экен. Миндуулаттын  падышасы  алып жүргөн  наамдын теги  да, Индияны караткан  Чаликеден уланаары  байкалат. Адегенде Сокку уруучу бий, андан кийин Улуу колбашчы, андан кийин Индиянын падишахы болгон Чаликенин, теги Жан Суулук  Кушчу  падышаларынан, Чалике тукумунан болуп, Кубатбек да өз учурунда  падишах наамын  өзүнө тандап алган.  Ал мезгилде  хан, эмир, велможа,  чоң бий, падыша,  датка, шад, кагаан ж.б бийлик абалдары болгонун эске  алалычы. Эмне себептен  Кубатбек падишах даражасын тандап алган? Падишах деген Индиянын төбөлдөрү алып жүрүүчү даража эмес беле? Анын кыргызга кандай тиешеси бар эле? Даражаны алып жүрүү үчүн  негиз болуш керек да.

Чалике уруусунун  санжырасы боюнча  алып караганда, Кубатбектин атасы Калча, анын атасы Эгемберди - “сокку ур бий”, анын атасы Дорбо - “күмүш  чокмор” анын атасы Токтоболот (Токтоболгу) анын атасы Томон, анын атасы Чалике, ал Жанкушчу уруусунан , андан ары миңдуулат, андан ары жайыл  болуп кылымдардын тереңине кете берет.

Кубатбек 1700-жылдары   туулган. Атасы Калча бий  Таластын Калба  деген жайлоосунун баш жагындагы Итагар суусунун боюнда олтурчу экен. Ал жайлоодон түштүккө кетүү үчүн  бир кана төтө жол  болгон экен. Эки атчан катар жүрө алчу эмес  дешет. Ошол төтө жолго жакын жерлерде,  төбөй уруусунун  байлары кыштоочу  экен. Ал жол менен  Калба жайлоосунан Бешташка өтүп, андан ары  көлдөн ашууду ашып, түштүккө кетүүгө мүмкүн болгон. Калмактар Калба жайлоосун  тартып алган соң,  Аксы тарапка эли менен көчүп  кетээр алдында  Калча элине кайрылып: “ бириң да калба , бириң да калба, бириң да калба”- деп үч жолу айткан экен. Ошондон  баштап ал  жайлоо Калба атыгып кеткен делет. Калбанын этек жагындагы  түзөңдө ал мезгилде жаңы өсүп келе жаткан кайың, тал  теректер богон экен. Бир жолку калмактар менен болгон салгылашта, эр өлүгү тал - дарактын арасына батпай кеткен экен. Ошол  жер токой болгончо эч ким басып барган эмес делет.  Калча чоң атабыз элин көчүрүп Анжиан, Алайга кеткен экен. Алайдын Кичи Арча деген жеринде, Кубатбек төрөлгөнү санжырада айтылып калган. Убагында ал Фергана өрөөнүндөгү Кушчу, Мундуз, Муңкуш  урууларынын башчысы болгон. Атасы  Калча кайтыш болгон 1743-жылы Кубатты, Сол урууларынын курултайында бий шайлашат. Анжиан  кыргыздарынын башчысы болуп калат. Сүйлөгөн сөзү орундуу, кайраты күч, чечкиндүү Кубат бий , Кокон ордосу, Букар эмири менен теңтайлашып, тең ата болуп, бардык маселелердин калыс чечилишине жетишкен. Чүй, Талас, Нарын, Ыссык-Көлдөн ооп барган эл, Кубат бийдин сүйөнөөр тоосу болгон.  Кубат бийдин өмүр баяны тууралуу маалыматтар элге кеңири  белгилүү болгондуктан, санжырага киргизилген жок.

Кашкар, Жаркентте жашаган кыргыздар, калмактардын  эзүүсүнө чыдабай жардам  сурап кайрылганда, Кубат бий Ферганадан кол курап барып, Калмактардын  40 миң аскерин талкалаган.  Ошол эле жылы Кытай аскерлери калмактарды сүрүп, Алайга кирип келгенде, Кубат бий Алайды коргоп калган. Уруштарда жеңишке жеткени үчүн, ал Кашкарга бий шайланган. Көзү тирүү кезинде, бийик мунара орноткон экен. Кашкар эли Кубат бийдин эмгегин жогору баалап, “Падышах” наамын  ыйгарган. Шах деген наам Шеху б.а. Ябгу титулуна тең келген. Ше - деген сөз кытай тилинен которгондо он деген түшүнүктү берип турган. Ал эми Ху дегени түрк деген маанини түшүндүргөн. Ошондон улам Шах деген сөз “Он түрк уруусунун башчысы” деген маанини  билдирип турчу экен. Андан мурда “баатыр бий” деген наамы болгон.          

Анжиандын    Пахтаабад районундагы Миян айылынын тургуну Мамрасул Максым уулунун колунда Кубат бийдин мөөрү, туусу ушул күнгө чейин сакталгандыгы тууралу аңыз кеп бар.

1755-жылы Кашкардагы  Жусуп кожо, Кубатбек падишахты  цинге каршы  күрөшкө чакырганда,  Кубатбек аскери менен Чыгыш  Түркестанга  барган. Ал жерлерде калмактар үстөмдүк кылып турчу экен. 1757 жылы Аблай хан менен бирге жунгар-калмак  тарабында болгон  Кожоберген, цинге  баш ийип берген. Кожоберген  1750- жылы өзүнүн Баклы Керей уруусу  менен Ишим дайрасынын боюнда  кыштаган экен. Керэйиттердин түпкү  аталары  Сарыусундан болуп, өлкөсүн убагында Таңкы Кут деп аташкан. Сарыусундан Карабий андан Абыке, андан Керэйит болгон. Керэйиттен тараган  Ачмайды менен Абакты болгон. Мына ушул тукумдан тараган  Байжигит уруусунун башчысы Байбурак -  тажаал   тарабынан чыккынчылык менен Кубат бий  колго түшүрүлүп, цин  бийлигине тапшырылгандыгы  тууралуу  маалымат, Чалике уруусунун  ата бабалары айтып келген  уламыштан  билсе болот. Кийин булар Жунгар калмактары катары белгилүү болот. Жунгар калмактарынын башчысы Кожоберген цинге баш ийип бергенден кийин, өзүлөрүнөн тараган Байжигит уруусунан чыккан  Байбуракты, тыңчы катары Кубатбекке жиберип, Кубатбекти алдап, колго түшүрүүнү тапшырган. Кубат бийдин өлүмүнө биринчи себепчи болгон калмактар болгон. Жизактык санжырачылардын айтуусуна караганда, Кубатбек падышах,  ойрот-калмактарынын адамдарынан өзүнө жансакчыларды , кызматчыларды кармаган экен. Байбурак башында болгон  ойрот- калмактар   Кубатбек падишахты  өлтүрүү планын өтө жашыруун даярдашкан. Ошону менен чектелип калбастан Кыргыздын Кушчу уруусуна тыңчыларды жиберип, болуп жаткан жагдайга  тымызын көз салып турушкан. Тыңчылар  Кубат бий тууралуу толук маалыматты билишкен. Алар өздөрүн  Кубат бий чыккан Жан кушчу уруусунун атына жамынышып,  кушчу урууларынын ичинде кирип алышкандары да болгон. Тыңчылар аркалуу,  Кубат бийди Ирдана бий уу берип  өлтүрдү деген сөздөрдү эл арасына таркатып  турушкан. Кубат бийди өлтүргөндөр, Кубат бийдин өлүмүнө түздөн түз себепчи  болгондор , белгисиз болуп калган.

Байжигит уруусу Жумук жана Токас  болуп экиге бөлүнөт. 1811-жылы алар Алакөлдүн жанында жашап турган. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” - дегендей, Кубатбек өлгөндөн 258 жыл өткөндөн кийин,  анын  өлүмүнө себепкер болгондор белгилүү болуп, ачыкка чыгат. Кубат бийдин сөөгү  атасы Калча бийдин сөөгү жаткан Алайдын Кичи Дайра деген жериндеги мазарга коюлган - делет. Күлчө  деген жерде Чалике уруусу ушул күнгө чейин жашап жатканын  угуп жүрөбүз. Цин бийлиги  сөөктү кайтарып бердиби –жокпу  аны урпактар убагы келгенде тактап алышаар - деп үмүт кылалы. Бир уламышта сөөк  Кызыл Ойдо коюлган деп айтылат.

Бизге жеткен уламыш кептерге таянсак, Кубат бийден Абайылда, Берик, Агышайбек, Жунушаалы, Кулмурза, Карды,  деген уулдары болгон . Кубат бийдин балдарынан тараган урпактардын санжырасы, ушул күнгө чейин так изилденбегендиктен  улам , эч кандай тиешеси жок адамдар, кирме уруулар , Кубат бийди өзүлөрүнө ыйгарып, жазып алууга  аракет кылып жатышат.  Кубат бийдин урпактары – кайдасыңар!  Кабарыңарды тезирээк билдиргиле -0777 52 08 82 ушул телефонго чалгыла.

Кубат бийдин уулу     Бериктен - Үрүстөм, Назар деген эки уул болгон деп, Ноокендик кутчулардын - кагазды  уруусунун адамдары    менен жолугушканда уккан элек. Алардын айтуусунда,  Үрүстөмдүн атасы Берик, анын атасы Кубат бий болуп калат экен.  Кагазды уруусунун башталышы 1598-жылы Эшим кан Көнөк уулунун  кагазчысы болгон - Айдардан башталаарын, аны убагында кагасчы - деп атап жүрүшүп, урпактары, кагазды атына көчүп кеткенин эл билет. Бул тууралуу санжыра, тарыхый маалыматтар да бар. Айдардан Кубат бийге чейин өткөн Кагазды уруусунун көптөгөн  атасын эсепке албай, түз эле Берикке текти жасалма кошуп коюга болгон аракеттер, мурдакы муундун өкүлдөрү тарабынан  болгондугу билинди.

Ал эми Тарыхка, санжырага кайрылсак, анда: илгерки замандагы Алашань б.а. Кичи Алатоодо, Талаш - Чжаньйе жеринде түзүлгөн “Алаш Ордону” түптөгөн Сабыр Чаа\Сапар- шаа\ болгон. Ошол тушта, Кырк Өгүздүн  он тогуз уулунан  тараган, он тогуз урууга  Сабыр Чаа падыша болгон. Сабыр Чаанын өзүнөн алты уул болгон дейт. Турган жери Аньси\Анжы чен\ экен. Өз учурунда кытай жактагы уруулар, Сабыр Чааны - Сауча деп атап, аны кудай деңгээлинде туткандыгы тарыхка түшкөн. Уулдарынын улуусу  Бороонду болуп, андан Алаш, Булаш  деген эки уулу болгон. Алаш он сегизге чыкканда  атасынын оордуна падыша болгон. Ал өмүрүндө алты аял алып,  Отуз уулга, кыздарга  ата болуп калган экен. Зор кандык куруп , чеги  Алтай- Чаян тоосунан – Индияга жеткен дейт. Батышы Кара Деңизге таяптыр. Отуз уулдан куралган  жүз чоро, миллионго чамалаш аскери менен Египетти чапканда, колбашчы  Бороонду  болгон. Басып алган жерде ал, Бороондунун бийлигин  түзгөн. Ошондон баштап  жергиликтүү эл, ал бийлик туткасын  Фараон деп атай башташкан.   Ал жердеги пирамидаларды курууга тиешеси болгон. Ортодо бир канча убакыт өткөндө Отуз уулдан тарагандар: Адигине, Мункуш, Карабагыш, Тагай  болуп кайрадан түзүлгөн экен.  Байыртадан эле  Наалы эже ,   Адигине, Тагай -  бир тууган экени айтылып келет. Болжолу 1127 жылдары, Долон бий өлүп, кара кытайлар дүйнө мүлкүн камчыга ченеп бөлгөн учур болгон. Кара кытайлар жаңы орун очок алып келе жаткан мусулман динин  жок кылып жаткандыгы тууралуу  кабар Халифке угулат. Ошондо  ал 400000 аскер жыйнап каракытайларды талкалоого имам Ибрахимди  жибериптир. Ал Мухаммед  пайгамбардын кыздарынан тараган  адам экен. Согуш бүткөн соң ал келип, Куулдун үйүнө  түшкөн экен. Куул дегенибиз түрк уулу болоор. Ошондо  жаңы уруулук бөлүнүш болгон . Оң, Сол болуп эл экиге бөлүнүп, эки жагына  элди башкарганга,  кыргыздан чыккан  Акуул менен Куул коюлган делет.  Ошондо Акуулдун  эр жетип калган чагы экен. Акуулдун байбичеси ,  Сурмакаш Бугу уруусунан чыккан көзү ачык, олуя чалыш аял болуптур. Ал Акуулдан Наалы эжени, Адигине, Тагайды төрөптүр. Сурмакаш учурунда  Акуулга  Атбашынын  Чечтөбөсүнөн  болгон, катагандардын  Карасакал уруусунан аял алып берип, андан Муңкуш,  деген уулу  болгон экен. Бир жолку душмандар менен болгон салгылашта Акуул кайтыш болот. Балдар жаш калып, Наалы эже аларга баш-көз болуп, чоңойтот экен. Ошондо Кебезтоонун бери жагы, Пияз тоонун аркы жагындагы Акчий деген жерде жашаган нойгуттардын Кылыч канынын - Болоткан деген уулу болот. Болоткандын аялы Үчтурпандагы кушчулардын  Чалике уруусунан чыккан “Сокку уруучу бийдин” кызы экен. Болоткан бул аялдан Көкө, Тайыр деген эки уулдуу болгон. Эки бала зирек чоңойушуптур. Көп өтпөй  балдар энесинен ажырашат. Болот кан бөлөк аялга үйлөнөт. Эрке токол балдарга тийишип , балдардын артынан ушак кеп таратып жиберет. Чатак ырбап кетет. Ошондо Сокку урчу бий : кызын, Тайыр менен Көкөнү өз колуна алып, балдарды Акдөбө деген жерге  качырып жиберген экен. Ал жерде Наалы менен Көкө таанышып, баш кошуп, андан тарагандар “ Могол” деген атка  конуп кеткен дейт. Могол дегени Мөңгүлүү Көл деген сөз. Тайыр  казактын Жалайыр деген уруусуна барып, туруп калган экен. Ал жакта алгачкы казактын  хандарынын бири болгон делет.  Могол деген сөздүн түпкү мааниси менин изилдөөлөрүм боюнча , Мөңгүлүү Көл  деген сөздөн келип чыгат. Кийин  кыргыздын Мөңгүлүү Көл деген сөзү:  Могол,  Менгу, Менгули, Мунгу,  Монгол, Мундус, Муңкуш, болуп өзгөрүүгө учураган. Алсак: 1180 –жылдары монголдор Менгули деген аймакта жашашкан. Менгули дегени – Мөнгүлүү деген сөздөн чыккан. Менгу - Улуу Монгол  мамлекетинин аталышы. Бул сөз – Мөңгү дегенди билдирген. Монгол-  бул сөз Мөнгү көл деген сөз. Мунгу - бул сөз Мункуш  сөзүнөн калыптанат, б.а.  Мөңгү деген сөз болуп чыгат. Мунду сөзүнөн  Мундус жаралып, ал уруудун жашаган жери, жашоо шарты – Кожожаштын киносунда таамай чагылдырылган. Мөңгүнүн түбүндө, ашууда жашаган эл экендиги тартылган. Мундус деген  сөз “Мөңгү суу” деп чечмеленет.

Мукрин - Чынгызкандын чыккан теги. 751- жылдагы болуп өткөн чоң согуштан кийин Мукриндердин  9  уруусу Синцянга  ооп кеткен болчу. Убагында  “тогуз өгүз” атанган журт ушулар болгон. Уйгурлар ушул баргандардын атын өздөрүнө алып, “тогуз өгүз” журту атанып жүрүшөт. Ошондон улам - Өгүз канды өздөрүнө ыйгарышып, андай болгондо түрк элдеринен чыккан падыша, кагаандар, хандар –уйгур болуп калат экен. Албетте бул жаңылыштык. Таласта калып калган мукриндер кийин “сары уруу”атанып кетишкен.   Перс, Араб тарыхчылары,Түргөш каганаты  Туулга тукумунан бөлүнүп кеткенден кийин,  Суябды борбор кылып турган мезгил убагында жазылган тарыхтан кабар берет. Түргөш мамлекети эки элден турган: Авар жана Мукрин. Мукрин дегени  Таластагы Саруу уруусу болгон. Ал эми  Япон элинин тарыхында  Чынгызкандын ата-теги Хаято уруусунан деп жазылган. Чынгыз кандын теги бүгүнкү  күндөгү илимдин көз карашы боюнча – Кият уруусунан экени көпчүлүккө маалым. Хаят менен Кият деген аталыштар  окшош. Ошол эле Хаят уруусунун  бир аты Кумохи экендиги тарыхка түшкөн. Ал эми Кумохи деген  уруу Синь-Таншу тарыхынын 219 главасынын 7а-10а беттеринде орун алган. Анда Кумохи аталган Хистердин,  Хунндардан  жеңилип, Алтай  тоолоруна көчүп келгени баян этилет. Хистердин жолбашчысы Түтүктү  өлтүрүп койгондон кийин , алар Кушчу падышалыгы атына көчүп алганы жазылган. 622 жылдары  алар кушчу атын жоюп,  кайрадан  хистер б.а. Кыргыздар атына көчкөн экен. 1-том 370 бетте жазылат.

Биз  санжыранын башында сөз кылганда , Балбай туулга падыша өлгөндө анын аялы  такка анын инисин олтургузбастан, 622 жылы баласын олтургузганы үчүн  согуш чыгып, 630 -650 жылдар аралыгында граждандык согуш болгонун айттык эле. Ошол согуш алдында , Жайыл тайпасы (Чу - Талас –Тяншань) Кушчу атынан Кыргыз атына көчкөн экен.  Дуулат тукуму  бөлүнүп Енисей, Селенга жакка кеткен экен. Демек Чынгызкан чыккан кият уруусу , кыргыздар болуп чыгат. Бул жерде тактай кетүүчү бир жагдай бар -  ал Чыңгызкандын тегинин  Мукрин жана Кият   болуп эки бөлөк аталышы. Кият  демеги  Кушчу падышалыгынын курамында турган кездеги жазылган тарыхта б.а. 622 жылга чейинки тарыхтагы -  тек.  Бул Чыңгызкандын түпкү теги, ал эми Кушчу падышалыгынан бөлүнүп чыккан Түргөштөрдүн  Чүй, Таласка көчүп келгенден кийинки  жазылган тарыхтан араб, Перс тарыхчылары  алган  тек - Мукрин болуп калган. 700-жылдары  кушчулардын падышалыгынан ооп келген  Түргөш, андан кийин 766 жылы Чүй бооруна көчүп келген Карлык элдери менен кошо Чынгыз кандын теги да  ооп келгендигинен кабар берет.  Эки учур тең Чыңгызкандын теги, Кыргыз экендигин көрсөтүп турат. Азырынча менин жеке оюм ушундай. 2015 жылы китеп чыгардым  эле,  анда Чынгыз кандын  теги Мукрин деп жазган элем.

Осмонаалы Сыдык  уулунун 1913- жылы Уфа шаарында  басылып чыккан “ Мухтасар тарых-и  кыргызия” деген китебинде :Акуулдан  Адигине, Тагай, Монкош деген уруулар тарайт экен. Адигине , Монкоштон  Анжиан кыргыздары экен. Монкош  он үч урукка бөлүнөт: Эркекашка, Төлөйкан, Маңгыт, Көкжатык, Жапалак, Кудагачин, Жоош, Жылкелди, Сарала,Тике,  Бүкүр, Татар.

Мункуштар Жагалмай тамгадан алты уул, Коштамга: бөрү тамга, күн тамгадан  алты  уул  болуп, эки бөлүктөн турган. Ушул эки бөлүктөн 12  уруу эл жаралган экен.  Жагалмайдын: Жоош, Төлөйкан, Жылкелди, Тээке, Жапалак, Кодогучуң, Эркекашка, Улуукатын, Түлөйкан  деген уулдары болгон. Эки санжырада тең Жоош уруусу бар. Уруулардын  санжырасы боюнча алып караганда , Ээнсайдагы Караталдан: Каракушчу, Жанкушчу, Жоош болуп бөлүнүп кетет . Жооштун - Балык, Кожожар (Кудаяр), Ороз деген үч уулу болгон . Кожожардын  тукумунан тарагандар кытайда да бар. Балык, Кожожар, Ороз - буларды убагында”үч куртка”- деп  аташчу экен . Ороздон: Касымсейит, Тынымсейит, Төрөсейит. Төрөсейиттен -  Айдар.  Айдардын эл койгон  ылакап аты Кагазчы , андан Кагазды уруусу тарайт             

Кагазды уруусунун түп атасы Айдар 1598-жылдары 25-30 жаштагы жигит болуп, эр Эшимди хан көтөргөндө буйруктарды жазган кагазчысы болгон. Ал мезгилде катчыны - кагазчы деп коюшчу экен.  Айдар жаш кезинде Букарадан окуган, кат тааныган, билимдүү адам болуптур.

Элдик санжырада  Айдардан тараган Каратал, Маман,  Ажыке. Караталдан –Конок, Курама, Беки, Эсенбек, Казакбай.     Коноктон- Бузурман. Бузурмандан –Жумагул. Жумагулдан –Сатыбалды. Сатыбалдыдан – Айдараалы. Айдараалыдан - Абдырахман, ,Рысбек, Абдырайым Абдырахмандан – Камчыбек. Камчыбектен- Султан. Султандан- Руслан. Ошондой эле Айдардан тараган Маман менен  Ажыкенин тукумдары да бар.

Айдардан тараган   -Каратал, Маман, Ажыке. Караталдын  бир уулу -  Курама,  Курамадан – Баймат, Куттусейит. Байматтан-Жумабек. Жумабектен – Малис, Малистен – Актан, Үрүстөм, Бузурман.., Үрүстөмдүн уулу Назар. Назардан тарагандар   Ноокендин-Сакалды  айылында жашаары  белгилүү болду. Бул маалыматтарды  Каракол айылына барып , аксакалдар менен көзмө көз олтуруп такташып алуулары керек.  Кагазды аты менен уруунун белгилүү болушу  1650 жылдардан кийин башталат.  Кагазды уруусунун негизги бөлүгү   Таластын Караколунда, экинчи биргат деген жерде, бир айыл болуп олтурушат, ошолор менен байланышып тегин  дагы  тактап алуулары   кажет. Кагазды уруусунун тегинде Эгемберди сокку ур бий, Калча бий, Кубат бий, Абайылда өңдүү    адам аттары кездешпейт.         

Кубат бийдин ата-тегин карап көргөндө, Калча бийдин атасы Эгемберди (Сокку ур бий), анын атасы Дорбо (Күмүш чокмор), анын атасы Токтоболот (айрым санжырачылар Токтоболду деп жазып коюшкан), анын атасы Томон, анын ата-теги Чалике. Чалике  Жан  Кушчудан болот. Ошентип, Кубат бийдин теги - Жан Кушчунун Чалике  уругунан экендиги тастыкталат.

Санжырачы Мамбеткасиевдин санжырасында, Кушчудан чыккан Кубатбек баатырдын түпкү теги тууралуу мындай дейт: “Куу уулдан Босого, Жайыл, Булгар, Чоро, Кандабас, Кара, Сары, Кулунчак деген балдары болгон. Мындан бизге жалгыз гана Жайылдын балдары белгилүү. Жайылдан Каратал, Каранай деген эки бала бар. Караталдан Токтоболот (Токтоболду), Томон дейт. Каранайдан Саруу тарайт- деп жазат.

Томон Кушчунун Чалике уруусунун түп атасы. Санжырачы жазган эмгегинде бир калпыстык кетирген. Кубат бийдин атасы Калча бий дебестен, “Таз кушчу” деп буруп жазып койгон. Элдик санжыра боюнча алып караганда Жайыл тайпасынын б.а тарыхтагы Большой Юечжы тайпасынын бир аты Каратеңеш болуп, андан Жоош, Миңдуулат болуп бөлүнөт.Миңдуулатка тиешеси бар урууларга: Оңочор, Таз Кушчу, Каракушчу, Көккушчу, Жанкушчу, Сакалды,  Бугу,Чалике,Чейне, Чилжуут, Күнчөй ж.б. айтылат.  Окумуштуу С.М.Абрамзон  өзүнүн Кыргыз жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тандалма эмгектер аттуу жыйнагында , 1999-ж. 703-бет. Автор  ,Талас өрөөнүндөгү Буденный районунун Карасуу айылынын тургуну Абдырахманов Насраалынын айтуусуна таянып , Жанкушчунун курамында  турган, Чалике, Чейне, Чилжуут, Күнчөй, Сакалды, урууларын , Миңдуулаттын  бир туугандары  катары жазып койгон. Албетте аталган уруулар ошол тушта Миңдуулатка карап турган,  Жанкушчуга тиешелүү уруулардын  курамын түзүп турган. Ал эми Көзүжаман менен Кагасты уруулары эле Жанкушчудан тарайт деп  китеп жазгандар да бар. Кагазды уруусу Жооштон тараарын окумуштуу байкабай калган.  Экинчиден Кубат бий Кушчу, Мундус урууларынын башчысы болгону белгилүү. Муңкуштан тараган Кагазды уруусу. Учурунда Кагазды уруусу да  Кубат бийди өз башчыбыз дегени  ачык эле  көрүнүп турат. Башчы болгону чындык.

Элдик санжыра боюнча - Миндуулаттын баласы Тазкушчудан Аралбай андан Жүндүбай, Калыбай, Бийлибай, Арыкбай, Торутал. Жүндүбайдан Жумаалы, Турдаалы, Досмамбет. Жумаалыдан Исак, Эшенкул, Асанкул, Айткул. Эшенкулдан Аманкелди, андан Руслан, Улан, Эржан болуп уланат. Таз кушчулардын санжырасында Эгемберди-сокку ур бий, Калча бий,  Кубат бий, анын балдары тууралуу кабар  айтылбайт. Санжыра жазгандар Кубат бийдин атасы Калча бий дебестен, Таскушчу болгон деп жазышы чеки болгон.

Кызыл Ой тарапта  жашаган кыргыздардын арасында, өздөрүн   Чалике уруусунан экенин билгендер да бар экен. Алар боюнча, Кубат бий Чалаке тукумунан, биз боюнча Чалике тукумунан. Кубат бийдин көзү өткөндөн кийин, Кызыл Ойдо орун-очок алып калган эли, тирүү калган жоокерлеринин  өз мекенине  кайтпай калгандары,   Кубат бийди өз ата теги катары тутунуп калышканы ачык көрүнүп турат. Ушул күндө Кызыл Ойдун өзүндө - өздөрүн Чалике уруусунан экенин билгендер бар. Кытайдан Таласка келген делегациянын  курамында, Чалике уруусунан болгон адамдар менен сүйлөшкөнүн М. Мамбеталиев  бизге айтып берди.

Чалике уруусунун  түпкү ата бабалары , Котон дайрасы куйган ойдогу, Сашаң көлдүн боюнда жашаган, Чайан деген элден,  Кызыл Ой чөлкөмүнөн , Ала Тоого  каныша келгенде, ошол канышаны ээрчип келген беш жүз бала, беш жүз кыздан тараган чалике тукуму  болгон.

Ноокен чөлкөмүндө Кушчудан тараган майда уруулар бар. Алардын ичинде Шалка уруусу, Кубат бийге түздөн-түз тиешеси бар экендиги көрүнүп турат. Бирок алар  өз тегин унуткарып коюшкан. Чалике деген аталыш Шалка болуп өзгөрүп калган.

Кубат бийдин бир уулу Кардыдан тараган Такежан, андан Карабараш, андан Бөлөкбай, андан Калыгул, Калыгулдан төрт бала Артык, Нурбай,  Нуралы, Байтик дегендер өткөн.

Кубат бийдин уулу Агышайбек түштүктө каза болуп калганда , анын аялы - Бүргөнүн кызы Акшербет, Таласка  көчүп келиптир. Ал күйөөсүнүн кыркын өткөрүп , элди чакырып, тамак берген дешет. Эл тамак ичип бүткөн соң ал элге кайрылып: Ошол жердеги коктунун атын “Агышайбек”коюп берүүсү өтүнгөн экен. Көрсө Агышайбектин - Бүргөнүн кызы  Акшербеттен уулу болбоптур. Аты калсын деп суранган тура. Эл макул болуп жердин атын Агышайбек коюп бериптир. Кийин мезгил өтүп , ал жер аты Агышай болуп  калыптыр.

Жалал Абад облусунун казысысынын айтуусунда ,Мургаб-деген жердеги үч айылдын биринде кушчунун Кубат бийинен  тараган , Карды уруусу бар экендиги белгилүү болду. Кара Арчалык туугандарга айтаарым Мургабдык туугандарды табуу керек. Алардын теги чалике уруусуна чыгаарын   аларга билгизип койгула.

Мындан 30 жыл мурда Чалике уруусунда Өзүбек деген адам бар эле. Бүгүнкү күндө анын жашы жүзгө  чамалап калмак. Ал Чалике уруусунун санжырасын Осмон тааптын кол жазмаларынан алып, ага өз көз карашын кийриген. Осмон тааптын   санжырасында кетирилген каталыктар да болгон.  Беки, Тумак деген чоң аталарыбыздын атын бириктирип “Бектума” деп жазган. Ошондой эле  Чалике деген сөздү ката жазат. “И” тамгасы жок.  Дорбо чоң атабыздын уулу Эгембердинин ордуна Бектума  деп жазып, Эгембердиден тараган бир туугандарды Калча, Назарбекти жок кылып койгон . Анын уулдары Беки, Тумак биригип Бектума болуп жазылган.

Жээнбекти Алабука жактан келип, чалике  болгон  деп жазган Осмон,  Иманбектин чон атасы болгон. Бир жолу мен Өзүбекке жолугуп,  Манасты изилдеп жүргөндүгүмдү айттым. Ошондо, ал  мага: "Сен Манасты  эмне кылат экенсиң, андан көрө өзүңдүн чалике урууңдун кайдан чыкканын билип албайсынбы"-деди. Кушчу көпкө бөлүнөт, аларга аман кушчу, тазкушчу, кара кушчу, жан кушчу,  айрым кушчу, чөл кушчу,  дашказан кушчу,  тынай кушчу, али кушчу, дондор кушчу, ашагы кушчу, сары кушчу, көк кушчу, лалым кушчу, сарт кушчу ж.б. болуп  бөлүнүп кетээрин айтты. Кагазга  жазып  алдым. Мен кайра сурадым: "Чалике уруусу кайдан чыгыптыр?"- дедим. Ал: “Чалике падыша болгон. Ата бабаңар  Үндүгө чейин барган. Таласка 16-кылымдарда келген болуу керек” - деди. Мен убагында көп маани бербептирмин.  

Жан Кушчу деген аталыштын түбү тереңге кетет. Илгээри  Тибет тоолорунан башталган чоң агын суудун аты- Жан Суу болгон. Ошол жердин атынан Жан суулук Кушчу б.а Жан Кушчу аты келип чыккан. Ортодон көптөгөн убакыт өткөндө , Кубат бий падишах болгондо, бул тек кайра козголуп, Кубат бийдин теги катары жазылган. Жан Кушчудан тараган бир нече уруулар бар. Учурунда Жанкушчуга келип кошулган уруулар да болгон. Албетте алар да Жанкушчуну тек катары тутуп калышкан.

Жан Суу деген сөз кыскарып, “жан”   уңгусу сакталып, Жан Кушчу  аты менен аталып, андан тараган уруулардын бири - чаликелер болгон. Жан кушчудан тараган Чалике, андан Томон, андан Токтоболот андан, Дорбо. Дорбодон Эгемберди ‘’Сокку урчу бий’’ болуп, Жан кушчулардын санжырасы уланган. Кушчуга уланып айтылган “жан” - деген сөз “Жан Суу” деген сөздөн кыскарып жаралган сөз.

Жогоруда айтылган Эгембердинин  Сокку урчу бий атагы болгон.  Дорбо чоң атабыз Кыргыз элинин жунгарлар менен болгон согуштарында, чоң эрдиктерди көрсөткөн адам болгон. Ал, алп адам болгондуктан, ат көтөрө албагандыктан,  уруш талаасына жөө барган. Узун саптуу, кой башындай  күмүш чокмору болгон. Эл аны "жөө чал", "күмүш чокмор", "чокмор" деп атап коюшчу экен. Тарых бетиндеги, беш баатырдын бири болгон Чокмор баатыр тарыхта жазылган. Дагы бир айта кете турган сөз, Эгембердинин баласы Назарбек, тууганы Калчанын уулу Кубатбек падышах болгондо, ал туу түбүндө турчусу болгондугун, Кушчудан чыккан  инсан, санжырачы, журт  башы  Бекназаров Сагынбектин  айтып олтурганын  уккандар, азыр деле бар. Назарбектин Беки, Тумак, Шакар аттуу уулдары  болгон. Шакардын Айтбай, Ырысбай, Үмөтбай деген уулдары болгон.

Айтбайдын  уулу Таабалды, андан Оторбай  андан тараган тукумдан Турсунбай уулу Садырбек, обончу, ырчы Кадырбек Оторбаев өңдүү эл кадырлап, тутунган инсандар, эл сыйына татыктуу болушкан.  Кадырбектин  ондогон - уккулуктуу өзү чыгарган  обондору, элдин терең катмарына  жетип  өз оордун алууда. Кадырбектин  таланты  күч алып барат. Ыйман  ызаатты элге  жеткирүү багытында талбай эмгектенүүдө. Эл башкаруу өнөрүн  буюруса Кадырбек  жакшы өздөштүрүүдө.

Айтбайдан тараган тукумдан Абдылда. Абдылданын уулдары Назарбек, Жардамбек, МЧС министринин акыл кошчусу Итике уулу Мүзүркан сыяктуу уулдарыбыз,  эл кадырлаган инсандардан болушту. Ушул эле чалике тукумунан Илиас уулу Өмүрбек ырчы, обончу, тарыхка, санжырага кызыккан инсан болду. Өзүнүн адамгерчилиги менен  теңтуштарынан айырмаланып, атасы Илиас  өңдүү  ичинде карасы жок атуул болду.

Ошондой эле, кино искусство жагында талбай эмгектенип жаткан Нурбек Оторбаев. Ал бүгүнкү күндө 5  кино тасманы тартууга үлгүрүп, Чалике уруусунун биримдикке келүүсүн,  Ыссык Көлдүк, Чаткалдык, Кара Арчалык, Ноокендик, Таластык чалике туугандардын алгачкы жолу туугандашуусун, туугандардын баш кошуп биригишин тасмага тартып , атайын кинолорду жаратууда. Урпактар үчүн көөнөрбөс казна түптөөдө.

Өз өмүрүнүн 35 жылын Манас эпосун  изилдөөгө жумшап, Манас атабыздын  тарыхый өткөн доорун  аныктаган. Өзүнүн изилдөөлөрүндө 50 ашык илимге белгисиз болгон жаңылыктарды ачкан. Манас эпосунун 1000 жылдык улуу тоюна даярдык көрүү, өткөрүү боюнча уюшулган ,Талас областык уюштуруу комитетинин мүчөсү. Аткаруу комитетинин  ответ секретары болгон. Кыргыз өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Манас Ордо”- ишкер долбоорунун башкы адиси болуп иштеген. көптөгөн жаңылыктарды ачып, немец , орус, хакас, эврей, Чынгыз хандын теги ж.б.  элдердин байыркы   тарыхын ачып, көлөмдүү 30 басма табактан турган төрт  китеп жазып, 2015 жылы басмадан чыгарган.Улуу тойду утурлап Манастын 12 канат хан өргөөсүн куруп, бүткөрүү иштерин колго алып,  жеке жетекчилик кылып, проектисин, сметасын түзгөн. Атайын топторду түзүп  баардык иштер кол менен жазатылган. 1000- миң жылдык улуу той өтүп жаткан күнү, Туркиянын президенти Демриел боз үйдө олтуруп мындай деген:”Мен дүйнүдө көп эле  жакшы нерселерди көргөн элем, бирок мындай сонун нерсени көргөн эмесмин.” 12 канат хан өргөөгө берилген баа ушундай болгон. Той аягында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик катчысы А. Карыпкуловдун жетекчилиги астында түзүлгөн атайын комиссия тарабынан  12 канат өргөөгө Башкы байге ыйгарылган. Иштин уюштуруучусу  катары Т. Оторбаев мамлекеттик сыйлыкка  ошол жерде көрсөтүлүп, комиссия толук макул болгон. Бир ниети бузук адамдын чагымынан байге да, сыйлыктар да эч кимге берилген жок. Мамлекеттин бир да жетекчиси буга кызыгып сурап да койбогонун белгилөөгө болот. Арбактуу жерде этият болушса болмок, ошол себептүү көп нерсе аткарылбай, телчиге албай, очорулганы ошондон. Ыйман ызааттуулукту өркүндөтүп, эл арасына жайылтуу - концепциясы иштеп чыгып, китеп жазып басмадан чыгарган. Бул китепте адам баласынын келечекке баруучу жолу тууралуу баяндалган. Ошондой эле , унутулуп кеткен туугандарды издеп табуу жаатында талбай аракеттенип , Томондон тараган Чалике уруусунан тарагандардын  ата - бабаларын тактап, санжырасын жазып, чиймеге түшүрүп, Чалике тукумунун басып өткөн жолу тууралуу тарыхый маалыматтарды, уламыштарды  топтоп ,  Кыргызстан боюнча чаликелердин эсебин алып, алар менен ич-ара такташууларды өткөрүп, уруунун башын бириктирүүгө аракеттенген  Төрөбек  Оторбаев  болгон.

Уламыш боюнча, учурунда  Айтбайдын 400 жылкысы, миңдеген койлору болгон экен. Айтбай Таластын Шумкар уя деген жеринде, жайлоосу да кыштоосу да келишкен жерде олтурчу экен. Ал учурда жоокерчилик заман  болуп, калмактар менен  кармаш күчөп турган мезгилде, бир жолкуда Айтбай чоң атабыздын 400 жылкысын, калмактар чаап кетет. Ошондо уурдалган жылкынын артынан Айтбай, Беки, Тумак, Ырысбай, Үмөтбай, Жээнбек, Таабалды, Тагаймат, Жоош ж.б. болуп жылкынын изин кууп жүрүп олтурушат. Ошондо Айтбайдын багып алган баласы Жээнбек жылкычы болуп жүргөн чагы экен. Ал 1760-жылдардан кийин Анжиан, Кашкардан Кушчулар анын ичинде чаликелер артка кайтканда, калып калган тукумдан болгон. Бир кырсык болуп,  балдар күнөөлөнүп, Таласка көчүп кеткен туугандарына жашыруун жөнөтүлгөн экен. Ал эки бала ошол учурда, Таластагы Шумкаруя деген жерде олтурган Айтбайдын үйүнө келишкен. Айтбай чоң  атабыздын   үчүнчү уулу Таабалды  жаңы төрөлүп,  уулуна  той берип жаткан болот. Эки бала той үстүнөн чыгышып,  Кашкардан келе жатканын  айтышат. Айтбай кубанып, туулган балам тууган тапты-деп, баланын атын Таабалды койгон. Эки баланы, балам деп жарыялаган. Кийин бир бала артка кайтып кеткен. Калган баланын атын өзгөртүп Жээнбек койгон экен. Душмандар издеп келип калса, таппай калсын деген аракет болгон. Жээнбек өз атасынын атын жашырып  жүргөндөн улам, убакыттын өтүшү менен Жээнбектин атасы Айтбай болгон -  деп эл арасында бекип калган. Жээнбектин ата теги белгисиз болуп калганы ушул себептен болгон. Кийинки урпактар  Жээнбектин атасы  Кебекбай,Токтобай, Токторбай, Элчибек  дешип убара болушту. Андай  болуунун себептерине  кийинчирээк токтолобуз. 1930 жылдарда жашаган  Жээнбектин небереси Осмон тааптын жазган санжырасында- Жээнбек Ала Бука жактан келип , чалике болгон-деп жазылып турат. Жээнбектин атасы тууралуу маалымат  жазылбаган. Себеби душмандар угуп, билип калат деген сактануудан улам болгону байкалат. Жээнбектен тарагандардан Турдубай найзакер чыккан. Амантай  эл кызматын өтөгөн, тууганга карамдуу адам эле.     Керимкул оокат ашка кенен- шаардагы  көрүнүктүү адамдардын бири болчу. Шүкүрбек – областык деңгээлдеги кызматтарда иштеген. Нурак – кушчунун кадырлуу аксакалдарынан болгон. Шайлообек  айыл ичиндеги кадырлуу адамдардан болгон.  Шаршенбай Таластагы селхозтехникумду түптөп, анын директору милдетин аркалаган. Бакиров Сүйөркулдун эмгегин баса белгилөөгө болот. Ал жаштайынан зирек чоңойуп,  мектепти алтын медал менен бүтүргөн. Эл журтка карамдуу, улууду сыйлап, кичүүдү ызааттаган адам болду. Кыштоого чейин свет тартып, айылга  трансформатор койдуруп, БСРди оңдоп, эл баккан  инсан болду. Талас областтык  Мамлекеттик администрациясынан   1000- жылдык улуу тойду  өткөрүү үчүн, Ишкер долбоорго которулган  төрт адам: Сүйөркул, Төрөбек, Ажыбаев, Нуржан болгон.     

Сөздү калмактар чаап кеткен жылкыга бурсак,  “алдырар күнү жазгырар” - деп, күтүүсүздөн жылкы жоо колуна кетти. Уурдалган жылкынын изи, Караколдон ашып, Каракыштактын ичин өрдөп, андан ары Балкашка кетиптир. Жолдо кездешкен Или дайрасынан өтөөрдө кол чаначтарын үйлөп жиберишип,аттын капталына байлап, өздөрү  аттарынын куйругун кармашып суудан өтүшүптүр.  Бөөт-чөөт көлү бар, адам жашабаган жерден жылкыны табышып, артка кайтышканда,  дайрага кире бергенде, куугунчулар   жетип келишкен экен. Ал жерде катуу чабыш болуп, Айтбайдын оң буту  сынган. Ал бутун  канжыгага таңып  коюп, чабышты уланта берген экен. Куугунчулар көбүрөөк болуп, уруш бир чай кайнамга созулган. Жарадар болгон Айтбайды, уулу Таабалды суудан өткөргөндө, атасы айткан экен - жылкыны элге тез айдап жөнө- деп. Чабышта чалике уруусунан чыккан    Тумак  чоң атабыздын  эки  баласы, туугандары  дайрадан өтүп кеткенче,  душман менен катуу уруш кылган. Чабыш  суу ичинде уланып, душмандар көптүккө салып, эки баатыр каза болгон  экен. Ошондо, элге баш –көз болуп калган, ал экөөсүнүн бир тууганы Куржун балалуу болгон.  Тумак   бий, кайтыш болгон балдарына катуу кейип, эки уулум дайрага  өрдөк болуп  сүзүп кетти, эми алар кайтып келишпейт, ушул туулган неберемдин атын  Чулдук койдум, жаны аман болуп, эл бийлеген бий  болсун- деп батасын берген экен. Чулдуктан тараган Жыргалбай андан  Жолчоро баатыр деген чоң аталар  өткөн. Калмактар менен болгон  кармаштарда  ал, калмактын Кабын аттуу баатырын  жеке кармашта жок кылган экен. Калмактардын Кыргыз элине көрсөткөн кысымы күч алып, эл туш келди качкан учур болуптур. Ошол коогалаңда  Айтбай, төрт баласы , Куржун үй-бүлөсү болуп, Чөңөр ашуусунан ашып, казактар жактагы , тоо арасына миңден ашуун коюн жашырып, сактап калган экен. Кийин Айтбайдан тараган Таабалдынын уулу Оторбай кушчунун Кенеш айылынын тушунда, суудун аркы өйүзүндөгү” Кызыл Ташта”  олтурган кезинде, баккан миңден ашуун  койлору  ылаңдап,  бир кышта кырылып калган экен. Оторбайдын сөөгү Топчубаштын артындагы кайкаң белченин төмөнкү таманында экенин, чоң атам Турсунбай мага көрсөткөн болчу. Көп өтпөй эле ал жер түз болуп калып, жайдын оорду белгисиз болуп калды.

Айтбайдын кайрып келген 400 баш жылкысын  калмактар кайра чаап кеткен, себеби ошол учурдан баштап  жылкынын дайыны чыкпай жок болгон.  Айтбайдын жылкы артынан койгон  асыранды баласы Жээнбектен тараган тукумга төрт эле ата өткөндүктөн, жылкы алардын колунда калса  бир жеринен көрүнмөк.

Беки Чаткалды байырлап, андан ары Анжианга кеткен, кай жерде кайтыш болгону белгисиз болуп калды. Анын балдары Кулдугуч, Түпкүч, Кучкач артка кайтканда, Чаткалды жердеп калган. Азыркы Чаткалдык чалике тукуму  Кучкачтан тарагандар 100 түтүн. Кучкачтан тарагандар  Кызыл Үңкүр деген жерде 30  түтүн турушат .Алар өз уруусун “жинди” -деп атап алыптыр.  Биз аларга жетип, таанышсак жакшы болот эле.  Чаликелер Анжиандан артка кайтканда, Кербендин батыш жагында Аксуу деген жерде болушуп, бир канчасы ал жерде калып калган. Биздин чоң аталарыбыз Таласка келип, элге кошулган. Кербенге жакын , Аксуу айылында  калып калган туугандардан уланган тукум ушул күндө да  бар, болжолу 100 түтүндөй болуп калаар. Биз ушул туугандарыбызды табуубуз керек. Байланышка чыгалы деп аракет кылдык, чыга албай жатабыз.  0777 52 08 82 телефонуна  чалсаңыздар  чалике  уруусун  таап  аласыздар.      

Тумак түштүктөгү Кубатбекке барганда,  аны Ангрен деген жерге  эл  башкарууга жөнөткөн деп айтылат. Тумактан  тараган  Куржундун  уулу Чулдук эр  жеткенде Көлдөгү Торгой деген баатырдын кызын алып, балалуу болгон. Баласынын атын Жыргалбай коюптур. Бир  кырсык болуп, Жыргалбай  көлдөгү  таякелерине кетип калган экен. Бул тууралуу бизден мурдагы улуу муундар айтып келишкен. Көлдүк чаликелердин санжырасы боюнча, Чулдук жетинчи ата катары белгилүү.  Чулдуктун баласы Жыргалбай  бир жолку жородо олтурганда, эшиктен эңкейип кирип келген бир адамды, желкеге тамаша кылып бир коёт. Ал киши ошол жерден каза болуп калат . Өлгөн жигиттин бир-туугандары: “куну сенин башың”- деп малды албай коюшат, көп кырчылдашып, кыл чайнашып жүрүшөт, бир күнү жакын достору келип : “Жыргалбай сени аңдыган жоо алмайын койбойт,  жер которуп кет” - дешет.  Жыргалбай чоң атабыз из жашырып, Кеминдеги кутчуларга келген, кийин таякелеринин суроосу менен  Тоңго келгенде, таякелери Жыргалбайды жакшы тосуп алышып,  жакшы жерлерди берип, элине кошуп алган. Жыргалбай өзү балбан, акылдуу,тың жигит болуптур.  Кийин  Жыргалбай кара атка үй-мүлкүн артып, аялын учкаштырып, Ыссык Көлгө кетиптир.  Жыргалбайдын беш баласы болгон - Жолчоро, Чомой, Айдоос, Байкиши, Баяке.  Жолчоронун балдары, Жаныбек, Тыныбек, Кулубек, Адик Сагындык.   Жолчоро  жолборс чапкан убагында ашуудан аша албай калган төөнү көтөрүп өткөн балбан болгон экен. Калмактын Кабын деген балбанын жеке кармашта жеңип чыккан.  Жолчоронун баласы Адик балбан чыккан.  Жорго таптаган адам болгон. Адиктин күрөң жоргосу - даванга аты чыккан жорго болгон деп айтылат. Адиктин балдары   Ысмаил, Кармышак.  Кармышак чоң балбан болгон, ал кишини торала, сарала деген аты гана көтөрчү экен. Убагында бул кишиге чак келген киши болгон эмес. Агасы Ысмаилдин тилин алып балбанга чыкпай коюптур,  бирөөнүн сөзү, көзү болот-деп, кийин ал өлөөрүндө “атым элге чыкпай калды”- деп, арман кылган дейт. Балбандыгымды жалпы кыргызга тааныта алган жокмун деп. Кармышактан Усуп, Акун, Акмат, Дүйшө дегендер болгон. Акундан Чалыке  Чалыкеден- Искендербек, Замирбек, Болотбек, Алмазбек, Саламат, Азамат. Акун алысты көрө билген, акылман адам болгон. Учурунда, кийинки урпактар өз тегин билбей калбасын деп, баласынын атын Чалике койгон.  Кийин бир мезгил өткөндө, туугандарын издеп бир адам Таластан келет, ошондо туугандар менен кошуласыңар деп айтып кеткен экен. Ал кишинин айтканы-айткандай келди.  Жыргалбайдан - бешуул болгон Жолчоро.Чомой,Айдос.Баяке,Байкиши

Жолчородон- Жаныбек. Тыныбек, Кулубек, Адик, Сагындык , Чомой, Малдыбай, Жангул, Айдос.  

Санжырада  Чулдук Таластан келип, Бугунун Кыдыгынан чыккан Торгой баатырдын кызын алат. Калыңына алган малды  Таластан  айдатып келет экен, ошолордун ичинде кой болуп, алардын көпчүлүгүн   кочкор түзүптүр.  Торгой баатырдын иниси Түлөгул деген болуптур, ошол  келген койлорго  Түлөгул баш көз  болуп  туруптур.  Ал киши жалаң кочкор айдап тажаганда, баарын бычып борукка айлантыптыр.  Бычылган кочкорлордун көбү өлүп калыптыр,  эл аны тамашалап жалаң борук багып калганда, Түлөгул аты өчүп, Борукчу аталып калыптыр, азыр Борукчунун тукумдары  Тоңдогу Боконбаев айлында абдан көп, азыркы мезгилде дагы Түлөгул аты чакырылбай, урпактары Борукчулар аталат.

Булардын ичинен Жолчоро катуу чыгат, ары балбан ары шер, Таластан   ооп келгендигине карабай ,аябай кадыр баркка ээ болуп, элге алынат. 

Тоңдогу Кыдыктар дайыма мал бакканга жакшы жайыттарын берип, элге жаңы аралашып келе жаткан кушчуларды кодулабай,  эл кылып алышат.

Жолчоро Тоңдогу Кыдыктардын ичинде, Каракөйнөк дегендин  тукумун сактап калган, себеби  кыргыздар калмактарды чапканда, Каракөйнөк  деген адам

журтта калган бир баланы багып алат, ал баланы качкан калмактар жакшы кийинтип, кулагына алтын сөйкө  тагып таштап кетишет экен. Бул,” тегин жердин баласы эмес окшойт”-деп, асырап, бала кылып багып алып, атын Кабын коёт. Кийин айткандай эле  Кабын мыкты чыгат. Ал  акыл-эске толгондо, өзүнүн калмак экенин сезип калып, ичине кир пайда болуп калат.  Эр-жигит болуп жетилгенде өзү каалагандай элди бийлеп, каалаганын жасап, кыргыз бир туугандарын   кулдай сабап, күн көрсөтпөй, сулуу кыз-келиндерди көрсө кыя өтпөй, эринен тартып алып, жакшы ат көрсө ээсин ат үстүнөн жыга тартып, атына ээ болуп,  бир канкор болуп чыгат.  Ал өзүн, бир айылдын  элине хан сыяктуу мамиле кылат.  Бир күнү Каракөйнөк атасы жаш токол алса, аны  тартып алат, ошондо Каракөйнөк атасы багып алган Кабындан кутулуунун жолун ойлонуп калат. Буга эч ким эчтемке кыла албай коёт. Жада калса уктап жатканда жанына эч ким даап  бара алчу эмес экен, көзүн тике карай алчу эмес дешет.  Өзү аябагандай зор, балбан болгон экен, букаларды мүйүздөн алып жыгып туруп, оозун ачып буканын тилин тирүүлөй эле жулуп алчу экен. Каракөйнөк акыл ойлонуп, Кабынга: “Уулум эр-жеттиң, эл-жер көрүп малынды пулдап кел”- деп, Анжиянга соодагер сарттар менен кошуп ,бир топ мал айдатып жиберет.  Каракөйнөк сарттардын кербен башына айтат: “Мен берген малдын баарын өзүң алып кал, жолдон Кабынды тынчытып койгун”-деп. Бир айга жетпей, Кабын аман-эсен келип калат, көрсө жолдон кербендер өлтүрөбүз-деп кол салганда, кербенчилердин өзүлөрүн өлтүрүп, керектүү пулдарынын баарын алып ,соп-соо үйгө келип калган экен. Үйгө келери менен баарын кыйратып, баарын сабап: “Эмне менден кутула албай жатасыңарбы”- деп бүлүк салат.  Каракөйнөк эптеп-септеп алдына түшүп: “Алдыңа кетейин уулум, андай эмес, сени кантип эле өлтүрөлү- деп ойлойбуз”- деп эптеп, жайгарат. Эртеси Кабын кара аргымакты минип алып, айыл кыдырып бастырып кетет. Бутун аттын жалына арта сал,чоортартчудешет,ошондо ойдо-тоодогу жылкылардын баарысы, Кабынды тегеректешчү экен.Ошондой кылып жайлоого ат бастырып кеткенде, Каракөйнөк, коңшулаш айылдагы  Жалгап деген мергенге ат чаптырып : “Жолдон кайтып келе жатканда атып өлтүр”- деп, ал мергенди жалдайт, бирок алда кандай болуп кетет деп, алыскы айылдан Жолчорону чакыртып, буктурмага коёт. Жалгап мерген Кабындын сүрүнөн коркуп жаза атып, мылтыктын огу тийбей калат,  ошондо дагы  Кабын селт этип койбогон деп айтылат.  Ошондо, Кабын чындап эле мени өлтүрүшөт турбайбы деп, атты оозун коё берип, тоо жаңыртып кыйкырып: “каныңды ичем, тукум курут кылам Каракөйнөк”- деп, айылды көздөй келе жатканда, Жолчоро жолдон тосуп чыгып: “аа Кабын!  Эл болбодуң! Каныңды берген жоксуң! Эми ажалың жетти”- деп  качырып сала берип, союл менен аттан түшүрө чабат. Ошондо Кабын айткан дейт: “Мага кыргыздан келчү жалгыз  сен элең, күтүп жүрдүм эле”- деп.  Кел эми кармашалы анда дейт. Жолчоро менен Кабын бир топко кармашып, акыры Жолчоро аны тынчытат. Мына ошентип, Кабын деген киши даабаган, ал эмес кыйын атактуу мерген сүрүнөн коркуп, ата албай койгон канкорду чапкан. Кабындын сөөгүн кепин көмдүрүп,  кара ашын берген дейт. Кийин Каракөйнөк бий  Жолчорону чакыртып алып , жакшы жерден жайыт берип, чогуу эл бололу деп, кутчуларды сыйлап  калган дейт. Тоңдогу азыркы Эшперов айылындагы ойдуң жер – “Кутчунун  Ою” деп аталчу. Ошол жерди  кутчуларга Каракөйнөк бий берген, Жолчоро чон атабыздын сөөгү Темирканаттын  белине,  Каракөйнөктөрдүн  жерине коюлган. Муну менен эмне айтмакчыбыз, бир кездеги чон атабыздын кылган жакшы иши кийинки Кутчунун Чалике уруусунун балдарына унутулбасын деп, Каракөйнөктүн урпактары дагы, чоң атабыздын жакшылыгын эстей жүрсүн деген ой.   Ушул эле тукумдан эл керегине жараган эр азаматтар бүгүн да чыгып жатат. Эл кадырына ээ болгон, ак мээнети менен, дүйнө элдерине атагы тараган Жаныш Туратбек уулу – улуу саяпкер, Акун уулу Алмазбек Чаликеевич “Салбуурун Эл аралык бирикмесинин президенти. Көлдүн Жан Кушчу уруусунан тараган Чалике тукумунан Алмазбектин атагы алыска кеткен инсан болду. Кудай ага узун өмүр берсин! Эч нерседен кем болбосун!

Жанкушчунун  Чалике тукуму- Томондон Токтоболот, андан Дорбо, андан Эгемберди( сокку ур бий) андан тараган  Назарбектен Тумак, Беки , Шакар. Бекиден Түпкүч,  Кулдугуч, Кучкач деген үч бир тууган болгон. Кучкач деп ат коюлгандыгынын себеби, калмактар элди түштүккө сүргөндө, кушчулар качканда төрөлгөн бала болгон. Кучкачтан: Аргын,  Айдараалы, Ормош. Аргындан  Кожоназар. Айдараалыдан Абылкасым  андан тараган  Иманаалы, Ысманаалы, Таштанаалы. Ормоштон: Кожоберген, Ногой, Кочкорбай, Кожомберди деген чоң аталарыбыз болгон экен. Кожоназардын үч уулу болуптур: Муса, Токтор, Аалы. Токтордон тарагандар бүгүнкү күндө Чаткалда турушат. Аалыдан Эргеш, Эргештен Эркин туулган. Эргеш кыргыздан чыккан биринчи генерал болгон. Анын уулу Эркин Таласта облисполкомдун  төрагасы болуп иштеп кеткен.  Менин эс тартып калган чагымда атам Жумабек айтып калаар эле: "Аалы деген тууганыбыз, Чаткалдан Таласка келгенде, анын уулу Эргеш тестиер бала экен’ – деп. Аалы Таластагы туугандарында эки жыл жашап,  анан кетип калган экен.  Аалынын кандай шартта, кайсы жерде өлгөнүн билбей калдык. Эргеш жаш калып, детдомдо чоңоюптур"- деп укканбыз. Ошондон улам, Эргеш өзүнүн чыккан уруусун так билбей калган. Биз жакында эле, Чаткалдык Кушчунун чалике уруусунан чыккан Назалов Наркул менен байланышып, туугандардын санжырасын   тактап коёлу деп, телефон менен сүйлөшүп калдык. Наркул тууганчыл, ишке так мамиле жасаган, жакшы адам экен. Андан Чаткалдагы туугандарыбыздын тегин алганыбызда, Назарбектен Беки, андан Кучкач, андан Аргын, андан Кожоназар, андан Муса, Токтор деген уулдары болуп, Таласка кеткен бир уулунун аты унуткарылып кеткенин айтып да, жазып да берди. Биз айттык: “Чаткалдан келген  баланы биз билебиз, аты Аалы болгон”-дедик. Наркул тууганыбыз таң болду. “Кандайча, Чаткалдан кеткен баланы Токтор деп жүрбөдүк беле, Жээнбектен тарагандар ошондой дешкен болчу”. Жок,  ал Аалы болгонун тактап бердик. Мындан  25 жыл илгери,  Эргеш Таласка тууганын издеп келгенде, аны Таластагы Чоң-Чычкандын Чон Таш  жеринде , жайлоодо коноктошуп,  жөнөтүп коюшкан болчу. Тууганын издеп келген Эргешке: “Чаткалда Кожоназар деген чон атаң болгон. Элиң Чаткалда турат. Биз Жээнбектин тукуму, силерге жакын тууган эмеспиз. Таластагы туугандарыңар Томондон тарагандар” - деп чындыкты айтышпагандыктан улам,  Эргеш, Эркиндер адашкан боюнча дүйнөдөн өтүп кетишти.  Ошол Эргештин уулу Эркиндин аялы уйгурдун  кызы болчу. Эркин Таласта иштеп жүргөндө, туугандар үйүнө барып калса айтат дейт:  “Эркиндин чыккан уруусун  жинди чалике деп айтышат экен, бул жинди деле эмес”- деп. Жинди  деген сөз чалике уруусуна илгээри  жабышкан экен. Бир заманда чалике  уруусу, Кыргыздын Чайан тайпасынын курамында турганда, Жунди б.а. Танкы Кут өлкөсүнүн жерлеринде жашаган.Н. Я. Бичурин 1 том 11 бет. Ал мезгилде чаяндардын өлкөсүндө  бийлик беш жинден туруп,  граждандык  бийликти билдирген.  Ал эми “ди” дегени болсо,“сол” канаттын аскердик  бийлиги деген маанини туюндурган. Сөз ошол мезгилден бери урууга  илешип келе  жатат .

Биздин төртүнчү атабыз  Айтбай Жээнбекти ээрчитип, дагы бир топ адамдары  менен Анжианга Кубат бийге жолукканы барган экен. Баруунун дагы бир себеби, Улуу Жибек жолундагы кербендерди узатуу ишин аткарган деген уламыш сөз, эл ичинде айтылып калган. Ошондо Анжиандын базарынан багаар-көрөөрү жок бир кызды Жээнбекке учкаштырып ала келген экен. Ал кыз Айтбайдын үй кызматкери болуп жүргөн. Ал убакта  кызматкер деген сөз жок болуп, күң деп коюшчу экен. Ортодон бир топ убакыт өткөндө, Айтбай Жээнбекке аял алып берейин деп, элден кыз караштыра баштаганда, Жээнбек ушул эле кызды алам деп, болбой алган деп, ата-баба айтып келген. Ал күң бир жолу уктап жатып ачынып калганда Айтбайдын аялы чоң апабыз, ал күңдүн жонунда жүнү бар экенин көрүп: “Айтбай сен бул кызды кайдан таап келдин эле -  ботом  жону жүн экен. Насили бөлөк элден окшойт. Мындан туулган урпак көпкө чейин тукумуңдан бак талашып, пасташпаса болду”-деген дейт. Айрым ичинде нааразылыгы бар адамдар , жок, Айтбай Жээнбекти учкаштырып келген-деп  бурмалап койгону да болгон. Санжырада эки бала  эр өлтүрүп , Кашкар тараптан келгени айтылып калган.  Жээнбектин урпагы болгон  Жумалиев Иманбек Асанкулович, мындан 15 жыл мурда, Алиевдер күчөп турганда, эптеп аларга тууган болуп, андан пайдаланууну көздөп, Чаткалдык  чаликелердин Токтор деген  чоңаталарынын атына жамынып, аны Таластагы Айтбайдын  төрт уулунун бири болгон Токтордун оордуна  коюп, биз Чаткалдан келгенбиз, Токтор  Айтбайдын баласы эмес ,Чаткалдан келген  Токторбай дешип, баш оорутуп келишти. Айтбай чоң атабыздан Токтор, Токтоназар, Таабалды, Акылбек деген балдары болгон, багып алган баласы  Жээнбек болгон. Таабалды өткүр, чечкиндүү, баатыр жигит болуп өскөн. Мындан 100 жыл мурда туулуп, жашап өткөн Күмүшай  чоң апабыздын айтканын өз оозунан уккан, Зулайка эжебиздин (69 жашта) айтуусуна караганда, Таабалды эки деңизден өтүп ,“түрк” деген элге барып, эл курап, жерге ээ болуп, жердин атын “Талас” деп койгону  уламыш катары айтылып келет.                  

Таабалдынын уулу Токтордун балдары: Эркинбек, Жаныбек, Кожобек, Байбек, Чойбек, Шайбек болгон. Бул тукумдан Мамыр, Темир, Улан, Таалайбек өңдүү инсандар эл оозуна алынып, кадыр-баркка ээ болгон. Булардан тарагандар Таласта бир айыл эл болуп олтурушат.

Убакыт өтүп, мезгил өзгөрүп, эми Иманбекке Чаткалдыктардын да, Алиевдердин да, Таластык чаликелердин  да кереги жок болуп, өз ата-тегин Кытайдын Кызыл-Ой деген жерине которуп, "Тагдыр" деген китеп жазды. Көрсө интернетке чыккан  маалыматтарда  Кубат бийдин сөөгү  Кытайдын Кызыл-Ой деген жеринде коюлган, ага арнап, көзү тирүүсүндө эле мунара  орнотулганы түрткү болуптур. Ал китеп ойдон чыгарылган  нерселерге бай. Иманбектин кийинки табылгасы, Кытайдын Кызыл-Ой деген жериндеги 3000 түтүн эл, өздөрүн “чал акеден”, “чалдан”  тараганбыз дешкенин угуп, чалдан тарагандарга Айтбайдын өз баласы Токторду улап, анын атасы  Элчибек  болгон деп, ойдон чыгарып- китебине жазды. Токтордон тараган Ташматтын тукумун атасыз калтырып, Токтордун атын  өзгөртүп, Токторбай , Элчибек деп, Токторбайдан  Жээнбекти чыгарып, Тагдыр  деген  китепти жазганга үлгүрдү.  Экинчиден чалакенин  тукуму деп бурмалабай эле, Чалике тукуму деп туурасын айтып, жазса  болмок.

Иманбектин жазган китеби боюнча  Кубат бий- бул чал. Ошол чалды, эл” чал аке”  деп атаптыр,  андан Элчибек андан Токтор, андан Жээнбек анан төрт  ата өткөндө Иманбек өзү экен. Иманбектин Элчибек,Токтор, Кебекбай, Токторбай деген  чоң  аталары эч качан болгон эмес. Бир айылда  туулуп өскөн адам катары  айтып олтурам.  Ошентип, Кубат бийдин бир баласынын аты Элчибек болгон деген  сөздү кайдан алганы  белгисиз, айтор  өз билгенин жасап жатат. Пайгамбар  жашынан өтүп калган  Иманбекке , бул кылган иши абийир алып келбейт.  Ошол туштагы санжыраны карап көргөндө  Элчибек,  Дөөлөс баатырдын уулдарынын бири. Манап бийдин урпактары болуп чыгат. Биз мунун чын төгүнүн билүү  үчүн,  Ноокендин  Сакалды   айылында жашаган  Исаков  Абдырахмандан сураганыбызда, ал  Кубат бийден тараган Элчибек, анын уулу Токтор дегендер болбогонун айтты. Ушул туура эмес иштерди жасап жүргөн   Жумалиев Иманбек, кушчу уруусун оңдомуш- этимиш болуп, Кубат бийдин небереси болуп алууга тымызын аракет кылууда. Ал “Тагдыр” деген китебинде, Кубат бийди: “Менин чоң атам”- деп ээлеп  алган. Жогоруда, мен айтып өткөн Кубат бийдин ата-бабаларынын тегин этибарга албай, Чалике уруусунун 1000 түтүн элине, Кубат бийдин  тегине бут тосуп жатканына күбө болдуңуздар. Ноокендик  кушчу  туугандарга, Кубат бийден тарагандардын санжырасын, “Таластык чаликелерге жана шалкелерге бербегиле, Кубат бийге кошпогула” - деген  Иманбекке,  Кубат бийдин тегинин  болушунун кереги  жок. Иманбек үчүн Кубат бий, өз тегин оңдош үчүн гана керек. Ал  массалык маалымат каражаттарына чыгып менин төртүнчү чоң атам Кубат бий болгон, анын чапаны,ээри ж.б. буюмдары менде сакталып турат деп -жалган айтуудан уялган жок. Ал  Тагдыр деген китебинде ,  Кытайдагы чалакеден  тараганбыз  деген 3000 түтүн чалакени, 1000 түтүн чалике уруусунун оордуна  коюп,   чалике уруусун, Кушчу уруусунун курамынан бирото эле чыгарып салууга  аракет кылууда. Дагы айта кетүүчү бир жагдай бар. Ал,  Иманбектин Кубат бийди бирото эле жок кылууга жасаган аракети. 2015-жылы сентябрь айында мага жолугам деп, Таластагы Каныкей булакка курулуш куруп жаткан, Республикалык Көркөм фонддон Баястан аттуу скульптор үйгө келди. Менин жазган китебимдин дайнын угуп келиптир. Сөздөн-сөз чыгып, ал Иманбекти таанырын, улам “Художественный” фондко келип, ошол жерде мурда жасалган, ээси албай койгон эстелик ташты, жанын койбой жатып, алып кеткенин айтып нааразы болду. Мына ошол белгисиз эстелик ташты “Кубатбек ушул” -  деп, Ноокенге “мен жазаттым”- деп берип олтурат.  Ошол таштын сүрөтүн колго тарттырып, “Кубат бий ушул”- деп элге таратып жатат. Ошол  сүрөттүн бири, жакында эле Чаткалдык туугандарга берилгенин өз көзүбүз менен көрдүк. Ноокендик туугандар анын сөзүнө ишенип, сүрөттү   элге  таратуу алдында турат. Кийин сүрөттөрдүн кимиси Кубат бийдики экени  белгисиз болуп калуусуна  Иманбек чоң аракет кылууда. Биз чалике тукуму буга эч качан макул боло албайбыз. Тарыхта Кубат бийдин өзүнүн сүрөтү сакталып калган. Кубат бийдин өзүнүн сүрөтү турса, аны этибарга албай мындай ишке барып жаткандарга эмне деп айтса болот? Мен Баястанга Кубат бийдин өзүнүн сүрөтүн көрсөткөндөн кийин ал болуп жаткан иштин чоо жайына шыр түшүнүп, сөзүн оңдоп :” жасап бер десе, айтканын кылабыз да”.... деп тайсалдап калды. Келген конокту  ыңгайсыз абалдан өзүм чыгарып: “сенде эч кандай күнөө жок, жаса десе жасап бересиңер  да”– деп койдум. Кубат бийдин тарыхтагы өзүнүн сүрөтүн ,Ноокендик аксакал Акрам Таласка келгенде, берип жибердим. Дагы да болсо кеч эмес, оңдоп коюшсун. Иманбек өзүнүн Тагдыр деген китебинде , атасы Асанкулдун сүрөтүнүн оордуна, бөлөк адамдын сүрөтүн койгонуна эл  нааразы. Асанкулдун  мээримдүү элеси дагы деле баарыбыздын көз астыбызда турат. Эч кимге катуу айтпаган, молдо чалыш адам болчу. Асанкулдун эл чогула калганда айтып калчу сөзүнүн бири” балдар эч качан бөлүнбөгүлө” – дээр эле. Жолугуп калганда өз баласынан артык мамиле кылчу эле. Асанкулду  көргөндөр  айылда көп. Бир жолу Асакеме Талас шаарынан жолугуп калдым. Ал демейдегисиндей эле жакшы мамиле жасап: “Төкөн,  өзүң көрүп турсуң го, балдарым начар чыгып калды”- деп көзүнө жаш алды. Бул кыйынчылыктар да өтүп кетээрин айтып, жооткоттум. Ал кезде Иманбек Жумалиев Асанкулович обкомдон  орунсуз иш кылып, куулуп, бизнес кылам деп элдин бир вагон тамекисин сатып берем деп алып , анысын чечендерге алдырып, эки-үч жылдай качып жүргөн убагы болчу. Ошондо  Кыргыз алтында иштеп жүргөн Д.  Сарыгуловко ыйлап барып, Кочкор Атадагы” кара алтынга” башчы болгон. Анан эле мыкты болуп чыга келди. Мыкты болсо болсун, анысына ич тардык жок, ал эми атасын жеригени эмнеси? Асанкул  бирибиздин агабыз, тууганыбыз, жек жаатыбыз, бирөөбүзгө таяке, бирибизге жээн, айылдаш, бирибизге чоң ата эмес беле . Ошолордун баарынын  жүрөгүн ооруттуң. Ошол элдин баарынын атынан - сен Асакемдин арбагын катуу таарынтканыңды айтып койгонумду чеки көрбө. Мындай жорук  элде мурда болуп көрбөгөн. Ата бабанын  арбагын сыйлоо деген сенде болобу ?

Таластагы кушчунун Чалике уруусунан  чыккан Айтбай, Иманбектин төртүнчү  атасы болгон Жээнбекти асырап чонойтуп, үй көтөрүп берип, үйлөндүргөнү  чындык. Иманбек ошол Жээнбектин урпагы.  Ал өзүнүн китебинде ,өзү туулуп өскөн айылындагы чаликелерди –“мен билбейт экем”, “чалке” дегендер бар дешет, “башы бирикпеген”, “аксым”, “жинди чалке” - деп бир суу элге жаман ат коюп, жазып, элге акаарат келтирди. “ Чалке уруусу “кушчу уруусунун ичинде жок”- деп, Тагдыр деген китебинде тыянактайт. Кушчу уруусунда “Чал аке” уруусу бар дейт. Миң түтүндөн ашык чалике  уруусун жок кылып койгондой Сен- Иманбек  өзүңдү ким деп ойлоп  жүрөсүң? Элдин каарына калбай, өз жолуң менен  жөн жүргүн!

Иманбек бул аракеттери менен   Кызыл Ойдогу  чалаке уруусун , Таластык чаликелерден бирото эле  бөлүп таштоого аракет кылууда.  Кубат бийди , Кытайдын Кызыл Ойундагы чалакелерге бирото эле менчиктештирип берүүгө тымызын аракет кылууда. Сен эмне Кубат бийди  кытайдын Кызылсуусунан болот деп уктуң беле? Таластык, Ысык Көлдүк, Чаткалдык, Аксылык  чаликелерди” силер жоксуңар, андай урууду  билбейм”- деп  жанын жейт. Өзүнүн ата тегин Кытайдын Кызыл Оюна  которуп, өзүн  “чалакеден” таратып,  Кубат бийдин “түз урпагымын”- деп, телевидениеге чыкты. Ошондой бөлүп- жаруучулук амал менен Таластык, Чаткалдык, Ысык Көлдүк, Аксылык  ж.б жерде жашаган  чаликелерди, кушчуларды   Кубатбек чоң атасынан ажыратып, тартып  алууну көздөп олтурат. Ошол эле учурда  Кубат бийдин  тарыхтагы сүрөтүн бурмалап, бөлөк сүрөт менен  алмаштырып, Чаткалдык  чаликелерге, Ноокендик  кагазды   туугандар аркалуу тартуу этти. Албетте Ноокендик туугандарда күнөө жок, алар Иманбекке ишенди, анын, кушчунун Чалике уруусунун  ата бабаларынын  арбагына кыянаттык кылып жатканына көп көнүл бурушпады.  Мунусу аз келгенсип , Кубат бийдин эстелик ташын өзүм жазаттым деп - калп айтып, бир жерде ээси албай койгон ,бир эстелик ташты жалдырап сурап алып, Ноокендеги кагазды туугандарга –“Кубат бий  ушул”- деп, ал эстеликти койдуруп койду.  Мындай шылдынкордукту кандайча түшүнүүгө болот? “Мен да, Кубат бийдин Жунушаалысынан  тараганмын”- деп өзүнүн Тагдыр деген китебине жазып, ошону  уялбай бетине кармамыш болот. Санжыра боюнча карап көргөнүбүздө, Кубат бийдин Жунушаалысынан   тараган тукум бизге белгисиз бойдон калууда. Кубат бий өлгөндөн кийин , анын жакын адамдары чөлгө карай качканы санжырада айтылат. Ошого караганда Жизактагы, Мургабдагы  кушчулардын ичинде  Кубат бийдин уулдары: Карды, Кулмурза, Жунушаалы,Берик, Абайылда , Агышайбектен тараган  туугандарды толук  тапсак дейбиз.  Бирок Кубат бийге  эч тиешеси жок Иманбектин, ал жерден  кошулуп калышына  жол берүүгө болбойт. Кушчу уруусунун  санжырасын жазып жаткан топтун мүчөлөрүнүн кулагына күмүш сырга. Кийин укпай калдык, көрбөй калдык, билбей  калдык  дебегиле.

Иш  арбакты тебелеп тепсөө менен бүтүп калган жок. Кызыл Суулук  чалакелерди  Ноокенге конокко  чакырып, келерки 2016 жылды, Кыргызстанда Кубат бийдин жылы - деп жарыя кылуу аракети башталганын Ноокедик” кагазды”  туугандар  айтышты.  Ошол эле убакта  Кушчулардын санжыра китебин  жаздырып  элге таратуусуна аз калды.  Иманбектин түпкү  максаты, Кызыл Ойдук чалакелерге өзүнүн тегин кошуп, Кубат бийди  кыргызстандагы кушчулардан бөлүп  алып, Кытайдын   Кызыл Ойунда жашаган чалакелерге  өткөрүп   жиберүү болуп эсептелет. Чалике менен  Чалаке урууларынын  түпкүлүгүндө  теги   бир  экенин танат.  Бөлүп салгысы келет. Таластагы, Ысык Көлдөгү, Чаткалдагы чаликелерди - андай урууну билбейм, деп, Чалике уруусу  менен Чалаке уруусун экиге бөлүп ,чабыштырууга аракети күч. Эки урууну теги бир,  бир эле уруунун эки аталышы деп чындыкты айтуунун оордуна,”Чалаке бар, Чалике деген- жок”- деп ,бузукулук кылганын токтотпой жатат. Ушунун баары  Иманбектин жеке, өз кызыкчылыгы үчүн иштелүүдө.  Элдин ынтымагын кетирип ,чоң чатак чыгарууга  камылга көрүүдө. Эстелик ташты жалдырап сурап алганы аз келгенсип, бир жолдошу менен Художественный фондко барып , абийири ачылып калганы  үчүн Баястанды күнөөлөп- барганына  “баракелде” деп айтуудан бөлөк айла жок. Сен Баястанды “уговорить” этип кутулуп кетем деп ойлобо, Кубат бийдин өзүнүн сүрөтү сакталып калган, ошону  эстелик менен салыштыра койсо эле “подделка” көрүнүп калаарын эстен чыгарбагын. Эксперттер бат эле аныктап коюшаарын да унутпа. Иманбекке айтаарыбыз ушул тескери баштаган жолуңдан кайткын. Дагы да болсо кеч эмес. Ата бабалардын арбагын тебелеп тепсегениңди  токтоткун. 1000 түтүн Чалике уруусунан келип кечирим сурагын. Ошол себептүү, Жумалиев Иманбектин, кушчу  уруусун тактап, китеп жазып жаткан топтун  ишине  кийлигишүүсү, элге жакшылык алып келбейт. Мындай  кудайга жакпаган иштерди  жасап жаткандар, аны  көрмөксөнгө салган адамдар , кудай алдында өз жазаларын алышаары   бышык. Ушул иштерге  катышы бар адамдарга абийир алып келбейт деп ойлойбуз.

Кушчулар түндүккө чегинип Селенга бойлоруна барганда, урааны “Каратал” болгон. ошондон улам, Жайыл андан Миңдуулат, андан Каратал аты калып санжыра уланат. Кийин Үч Турпанда, Ысык Көлдө турганда Кутчулар: Тас Кушчу,  Көк Кушчу, Кара Кушчу, Лалым Кушчу, Сары Кушчу, Аман Кушчу, Сарт Кушчу ж.б. болуп бөлүндү болгон. ошолордун ар-биринин алдында кичи уруулар келип биригип турган.  Жан Кушчудан тарагандар Чалике, Сакалды, Чейне, Күнчөй, ж.б. уруулар болуп,  аларга сырттан келип кошулган уруулар да болгон.

Алсак:  Шарануд - Шаранод  деген сөз, Сарынуд-Сарынод болуп чечмеленет. Нод деген сөздүн жартысы, “народ” деген сөздөн кыскарган өңдүү көрүнөт. Айрым изилдөөчүлөр Шаранотту Чаарноот деп жаңылып келишет. Түбү “Сары эл” деген түшүнүктү жаратат. Түпкү теги байыркы Талаштан. Эл Ала Тоого көчкөндө калып калган эл, Славян тукумдары менен аралашып, кийин Ойрот  уруулар бирикмесинин курамында болгон.  Бирок, Шараноотторду Калмактар менен бир катарга коюга болбойт деп санжырада жазылган. Ошол калмактар менен жамаатташ олтурган Ойроттордун курамына кирген.  Көп кылым тышта жүрүп, кийин өз журтун тапкан тукум.

Тарыхчы Рысбек уулу Акчал айтат: “Ошонун ичинен Ысмайыл чоң атам айткан жоромол мен үчүн чындыкка жакындай сезилет. Бакай ажы айтчу”– деп, айтаар эле чоң атам, - Эл жайлоого чыгып, жайдын толуп турган убагында, Чоң-Чычкандагы Чоң-Түздө үлүш өткөрүп жаткан Ботуранын көзү элге шыпылдап кымыз сунуп, тамак тартып, кызмат кылып жүргөн  чаар ноту чапан кийген, чоочун жигитке түшөт. Жигиттин кыймылына ыраазы болуп.

-Тигил чаар нооту чапанчан ким? Бери чакыргылачы!? – дейт, Жигиттердин бири “чаар ноотту” тез эле ээрчитип келет.

-Атың жөнүң ким? Кайсы элден болосуң? Сени бул жакка тагдырдын кайсы шамалы айдап келди? – деп чоо-жайын сурамжылай баштайт. Алиги Анжиан  тараптан экендигин, Жан Кушчу боло тургандыгын, Кокон сарбаздары малын тартып, үй-мүлкүн талап, аялын зордуктап кордогонун айтат.  Алардан өч алыш үчүн бир сарбазды өлтүрүп орого көмүп салгандыгын. Кокондуктар билип калып, аны өлтүрмөкчү болгондо, Таласка качып келгендигин айтат. Ботура жигиттин тирикарактыгына ыраазы болуп, отун-суу, мал-келге кол- кабыш кылып тур – деп, бир жесир келиндин үстүнө киргизип коёт. Кийин ошол келинге үйлөнүп. Андан бала-чакалуу болуп, өзүнчө түтүн булатып, жашап калат. Жаңы тууганды эл өз атынан атабай “чаарноот” -  деп лакап атынан аташкандыктан, өз аты унутулуп, кийин чаарнооттон-шараноот деп аталып кетет” - дейт.

Элдик уламышта шаранот уруусу, чалике уруусу кайда жүрсө, ошол жерде жүргөн. Кубат бийдин жан сакчылары шараноддор болушкан. Ойроттордун  бир уруусу болуп келген шараноддор, алардын бүгүнкү күндөгү жол баштоочусу Сасыкпай деген чөнтөктүү адам, Кубат бийди өзүнө менчиктештирип, Кушчунун чок ортосуна, Кубат  бийге татыксыз  эстелигин коюп койду.  Кубат бий өзүнүн чоң атасы экенин  жарыя этип, массалык  маалымат каражаттарынан  байма-бай чыгып  келет. Орус окумуштуусу Авляевдин  изилдөөлөрүнө таянсак, Шарануддар-  Ойроттордун курамындагы эл экендиги ачык болот. Айрым  атайын \заказ\ менен иштеген  санжыра жазуучулар, Кубат бийдин атасы Калча бий, анын атасы Шаранод деген адам болгон деп- ушул күндө жазып жатышат. Акча эмнени гана  кылдырбайт деген ушул да. Жогорудагы келтирилген маалыматтар интернеттин “роды и племена” деген сайтын ачып,калмыки, шарануды деген теманы ачса, ошол жерден толук   маалымат алууга болот.           

Жогоруда келтирилген маалыматтардан улам , Кубат бийди талашып жаткан  кушчунун урууларына : Шараноддор, Кагаздылар, Чаликелер, Таз кушчулар, анан  Иманбек экен. Ар бир уруу өз көмөчүнө күл тартпай, окумуштууларга жол берсек кантет. Алар терең изилдешип, бир жыйынтыкка келүүсүн күтөлү. Ынтымак жакшы, ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы –дегендей, маселенин калыс чечилишин күтөлү.

Санжыра, Таласта  жашаган Чалике  уруусунун, 2-апрель  2015-ж. Талас  шаарында  өткөн курултайында  талкуудан  өткөрүлүп, бекитилген. Кошумча  маалыматтар менен толуктап, санжыраны жазган жана экинчи  басылышын даярдаган  Манасовед Төрөбек  Оторбаев. Талас шаары.