Мазмунга өтүү

Сыны

Википедия — ачык энциклопедия
Айыл
Сыны
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад облусу
РайонАксы району
Айыл аймагыКара-Жыгач
Координаттар41°36′49″ с. ш. 72°02′28″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшүКара-Ой, Өрүктү, Долоно, Көк-Тоңду, Чолок-арык, Бурана, Иригоо
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1930
Биринчи белгиленген1930
Борборунун бийиктиги1200 м
Климатынын түрүкескин континенталдуу
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тилиКыргыз тили
Калкы2337[1] адам (2020)
Улуттук курамыКыргыз
Диний курамыИслам
ЭтнохоронимСынылык, Сынылыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996
Почта индекси720606
Автоунаа кодуD, 04
Сыны (Кыргызстан)

СыныКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл. Кара-Жыгач айыл аймагына кирет.

ААББТ коду — 41703 211 832 03 0 [2].

Элдик уламыштар боюнча сынчылар жана акындар айылдарды кыдырып, ар айылдын кооздугуна, жайгашкан жерине карашып ырдап, ошол эле учурда айылдарга жаңы аталышын ойлоп табышкан. Бул жердеги конушка келээр замат, таң калып карашып, колдоруна комузун алышып сындап ырдап калышат. Арадан 5 саат өтсө да эмнегедир сынчылар ал жерге ылайыктуу ат таппай кыйналышат. Жайгашкан жерине карата эч кандай ат таппай коюшат, акыркы кеңешип сында сындап бүтчүдөй эмес, жер кыдырдык эл кыдырдык, ар бир конуштун аталышын жайгашкан жерине карата ат койдук, "Сыны" - деген аталыш берели деп, ушундай аталышка токтошкон. Конуштун аталышын "сынчылар койгон" - деген ишеним, жергиликтүү жашоочулар арасында кеңири тараган.

Географиясы жана Инфраструктурасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айылда 7 участок (конуш) 30 дан ашык көчө аталыштары бар. Уасткалардын аталышы: Кара-Ой, Өрүктү, Долоно, Көк-Тоңду, Чолок-арык, Бурана, Иригоо. Ал эми айылда жалгыз гана мектеп бар, ал 1996-жылы 365 окучууга ылайыкталып салынган, азыркы учурда 650дөн ашык окуучу билим алат жана 40тай мугалим эмгектенет. Мектептин түзүлүшүнө 1 буфет, 1 спорт зал 2 корпус 1 караул кана камтылат. Ошондой эле айылда 3 дүкөн активдүү иштейт.

жылы20092020
адам. 2274[3] 2337[1]