Кербен
Шаар
Кербен
Кербен шаары
|
Кербен (байыркы кыргызча: 𐰚𐰀𐰼𐰋𐰀𐰤) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун борбор шаары.
Калкы (2015) — 25,12 миң адам
Географиясы[оңдоо | булагын оңдоо]
Кербен шаары Жалал-Абад облусунун борбору, Жалал-Абад шаарынан 220 км, Таш-Көмүр шаарындагы темир жолдон 60 км аралыкта, облустун түндүк-батыш тарабында жайгашкан.
Аксы районунун борбору болуп эсептелет. түштүк–батыш тарабынан Өзбекстан Республикасы, түштүк–чыгыш тарабынан Кош-Дөбө айыл аймагы, түндүк тарабынан Жерге-Тал жана Кашка-Суу айыл аймактары менен чектешет.
Чек ара сызыгынын узундугу – 44 км., чечилбегени – 7,7 км. Ички асфальт жолдун узундугу – 42 км. Тротуарлар – 22 км. Чарбалар аралык канал – 54 км., ички каналдар – 47 км., ички арыктар – 214 км. Шагал, топурак жолдор – 101 км. Электро линиянын узундугу – 48 км. Суу түтүктөрү – 49 км.
Аймактык рельефи тоолуу, климаты чукул континенталдуу ,жер ачык, күрөң коңур. Жалпы аянты – 16746 га, айыл чарба багытында – 10379 га, бардык айдоо жер – 3275, суулу – 1832, кайракы – 1443, үлүшкө берилген жерлер – 2658 га, суулуу – 1123 га, кайракы – 1535 га
- Күлүк-Дөбө – 443,84 га
- Ак-Дөбө – 699,82 га
- Жетиген – 383,84 га
- Беш-Коргон – 432,72 га
- Питомник – 110,0 га
- Курулуш – Мамай – 600,0 га
Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
Шаар 1930-жылы; Караван кыштагы болуп негизделген, 2004-жылдын 4-октябрда кыштакка шаар статусу берилип, аталышы Кербен болуп өзгөрүлгөн.
Аксы районунун Кербен айылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 04.10.2004-жылдагы № 174 Мыйзамына ылайык Кербен шаарынын статусун алган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-ж. № 451 токтомунун негизинде Кербен шаар башкармасы Кербен шаарынын мэриясы болуп өзгөргөн.
Белгилүү инсандар[оңдоо | булагын оңдоо]
Нарматалы Эсеналиев , Абдумалик Апсаматов , Бекболотов Турсунбек , Бекболотов Жеңишбек , Медетбек Айдаралиев, Гүлнур Тойгонбаева, Ильяс Кудретов, Жаныбек Наралиев, Аскат Акмырзаев, Улан Касымбеков
Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]
Калктын саны – 25112, кожолуктун саны – 6263 (эркектер – 12716, аялдар – 12396)
- кыргыз – 22172
- өзбек – 2533
- орус – 178
- тажик – 86
- татар – 52
- украин – 36
- башка улуттар – 55
Окуу жайлары[оңдоо | булагын оңдоо]
Мектептер : жалпы орто – 9, негизги – 1
- Ж.Бөкөнбаев – 72 – мугалим, 1025 – окуучу
- С.Качыкеев – 24 – мугалим, 256 – окуучу
- Т.Уметалиев – 62 – мугалим, 995 – окуучу
- В.Д. Линский – 17 – мугалим, 189 – окуучу
- К.Өмүралиев – 17 – мугалим, 112 – окуучу
- А.Жоробеков – 39 – мугалим, 443 – окуучу
- Н.Мамбетов – 49 – мугалим, 725 – окуучу
- А.Бегимкулова – 20 – мугалим, 196 – окуучу
- Мамай – 11 – мугалим, 54 – окуучу
- Ж.Мавлянов – 57 – мугалим, 586 – окуучу
Атайын окуу жайлар :
- № 69 – кесиптик лицей – 14 мугалим, 12 устат, 160 окуучу,
- АПФ ЖАМУ – 26 мугалим, 410 – окуучу
Мекемелер жана ишканалар[оңдоо | булагын оңдоо]
Балдар бакчалары – 8
- № 1 «Жеткинчек» – 23 – тарбиячы, 227 – балдар
- № 2 «Келечек» – 27 – тарбиячы, 205 – балдар
- № 3 «Бүчүр» – 20 – тарбиячы, 145 – балдар
- № 4 «Таң-Шоола» – 12 – тарбиячы, 54 – балдар
- № 5 «Наристе» – 11 – тарбиячы, 73 – балдар
- № 6 «Ак-Куу» – 15 – тарбиячы, 104 – балдар
- № 7 «Алтын балалык» -14- тарбиячы, 55 – балдар
- № 8 «Ак-Дөбө» -100-орундуу 2015-жылдын май айында ишке кирген.
Китепканалар – 13: райондук – 2, айылдык – 3, мектеп арасында – 8. Мончо : коомдук – 5, менчик – 124. Саламаттыкты сактоо мекемелери : Аймактык оордукана – 1. Мекеме ишканалар – 63 АЗС – 5 Скважиналар – 8 Атайын таштандыларды төгүүчү жай – 1 Базар муниципалдык менчикте – 1, жеке менчик – 4 Мечиттер – 12 Вет. сервис – 2 Тех. сервис – 2
Өнөр жай ишканалары[оңдоо | булагын оңдоо]
- Мөмө кургатуучу цех – 23
- Машина оңдоочу жай – 10
- Жыгач иштетүүчү цех – 6
- Пилорама – 5
- Ширетүүчү цех – 3
- Тегирмен – 4
- Май чыгаруучу цех – 4
- Пахта тазалоочу цех – 2
- Винцех – 1
- Сүттү кайра иштетүүчү цех – 1
- Пластик чыгаруучу цех – 3
- Тигүүчү цех – 4
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
http://www.nazarnews.kg/news/1661
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/142221/
https://sputnik.kg/society/20161208/1030674607/akysyz-ehlektr-ehseptegichter.html
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
![]() | ||
---|---|---|
Кербен шаары | Кербен • Жетиген • Ак-Дөбө • Күлүк-Дөбө • Курулуш • Мамай • Устукан • Сөгөт-Сай | ![]() |
Ак-Жол айыл аймагы | Ак-Жол • Жолборсту • Кара-Тыт • Кечүү • Кызыл-Бейит • Күрп • Разан-Сай • Райкомол • Тегене | |
Ак-Суу айыл аймагы | Ак-Суу • Ак-Сай • Коргон-Дөбө | |
Кызыл-Туу айыл аймагы | Аркит • Жол-Сай • Жылгын • Кызыл-Туу | |
Жаңы-Жол айыл аймагы | Жаңы-Жол • Кой-Таш • Таштак • Терс | |
Жерге-Тал айыл аймагы | Жерге-Тал • Боспиек • Кызыл-Капчыгай | |
Кара-Жыгач айыл аймагы | Кара-Жыгач • Кара-Ой • Дардак-Дөбө • Сыны • Торкамыш • Чарба | |
Кара-Суу айыл аймагы | Кара-Суу • Кезарт • Кызыл-Көл • Сай-Булуң • Топ-Жаңгак • Түрдүк • Жүзүмжан • Чалдыбар • Чат | |
Кашка-Суу айыл аймагы | Кашка-Суу • Кара-Дөбө • Падыша-ата • Жаңы-Айыл • Сөгөт | |
Мавлянов айыл аймагы | Атана • Мундуз • Сары-Кашка • Семет • Торук • Улук • Чие | |
Назаралиев айыл аймагы | Жыл-Кол • Кум • Кызыл-Жар • Нарын | |
Авлетим айыл аймагы | Авлетим • Байкашка-Терек • Дерес-Сай • Жангактуу-Булак • Ит-Агар • Коргон • Мукур • Тегермен-Сай • Товар-Сай |