Мазмунга өтүү

Аркыт (айыл)

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Аркыт
РайонКыргызстан
Координаттар41°47′36″ с. ш. 71°57′40″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы1 091 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Аркыт (айыл) (Кыргызстан)

Аркыт[2]Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл. Кызыл-Суу айыл аймагына кирет.

Сары-Челек көлүнө чектеш жаткан жаңгак токоюна бай табигый кооз жер. Райондун борбору Кербенден 18-20 км түндүк-чыгыш тарапта. Чаткал, Узун-Акмат (батышында), Бозбу (чыгышында) тоолорунун ортосунда; түндүгүндө Сары-Челек көлү жатат. Узундугу 25 км, туурасы 12 кмге чейин. Деңиз деңгээлинин бийиктиги 1200 мден 4247 мге (Музтөр) чейин. Аркыттын жогору жагында аскалуу тар капчыгайлар көп. Өрөөн аркылуу Кожо-Ата суусу агат, анын жылдык орточо чыгымы 4,67 м3/сек. Кышы жылуу жана нымдуу, жайы салкын. Июлдун орточо температурасы 20-23°С, январдыкы -12°С. Жылдык жаан-чачыны 450 ммден ашык. Мезозой-кайнозойдун кызыл, боз түстөгү чөкмө тектеринен турат. Тоого өрдөгөн сайын жаңгак токойлору сейректеп, карагай менен алмашат. Мында жыгачтын 32, бадалдын 80, чөптүн 386дан ашык түрү бар. Токойдо жаңгак, алма, алмурут, алча, кайналы, өрүк, чие, бадам, жүзүм, шилби, четин, карагай, кайың,ал эми субальп алкагында (2100-3000 мбийиктикте) пияздын бир нече жапайы түрү, кымыздык жана башка өсөт. Жапайы жаңгак токою менен көп түрлүү өсүмдүктөр дүйнөсү өрөөндүн табиятына өзгөчө көрк берип турат. Аркыттын аймагынан жаңгак жана башка мөмө-жемиштер жыйналат. Өрөөндүн Сары-Челек коругунун аймагында жайкысын жүздөгөн табиятты сүйүүчүлөр болушат. Топоним санскритче - кооз жер, ажайып жер маанисин билдирет.

Калкы — 1 091 киши.[1]

жыл2009[3]2014[4]2015[5]2020[6]2021[7] 2023[8]
киши109112381277136513791360

Калып:Kyrgyzstan-stub

Булактарга шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. 1 2 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 21 -июнь (кулжа) 2021. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  2. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору.
  3. Перепись населения Кыргызской Республики 2009 года. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2025. Түп булактан архивделген күнү 23 -январь (үчтүн айы) 2024.
  4. Численность постоянного сельского населения Кыргызской Республики по айылным аймакам и айылам (селам) в 2014 г.. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики.
  5. Численность постоянного сельского населения Кыргызской Республики по айылным аймакам и айылам (селам) в 2015 г.. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики.
  6. Численность населения областей, районов, городов, поселков городского типа, айылных аймаков и айылов (сел) Кыргызской Республики (по данным айыл окмоту на начало 2020 г.).
  7. Численность населения областей, районов, городов, поселков городского типа, айылных аймаков и айылов (сел) Кыргызской Республики (по данным айыл окмоту на начало 2021 г.).
  8. Численность населения областей, районов, городов, посёлков городского типа, айылных аймаков и айылов (сёл) Кыргызской Республики в 2023 г.. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики.