Жаңы-Жол (Аксы району)
Көрүнүш
Айыл
Жаңы-Жол
|
Жаңы-Жол — Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл. Ак-Жол айыл аймагынын курамына кирет. Мал-Калды суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 870 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 50 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 40 км. Калкы 7850 (2022); негизинен мал чарбасы менен алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, маданият үйү, дарыкана, амбулатория бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.[1]
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1875 (2007-жылы)
- 2644 (2009-жылы)
- 7606 (2019-жылы)
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 27 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.