Мазмунга өтүү

Кербен (шаар)

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Кербен
Герб
Герб
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад облусу
РайонАксы району
Координаттар41°30′ с. ш. 71°45′ в. д.HGЯO
МэрЖаныш Раимжанов[1]
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1930
Мурунку аталышыКараван
Аянты0,99 км²
Борборунун бийиктиги1 200 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тилиКыргыз тили
Калкы45 685[2] адам (2025)
Улуттук курамыКыргыздар (88,5%),
Өзбектер (10,1%),
Башка улуттар (1,4%)
Диний курамыислам, христиан
ЭтнохоронимКербендик, Кербендиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996 (3742 шаардык)
Автоунаа коду04, D
СайтыKerben.aksy.kg  (кырг.)
Кербен (шаар) (Кыргызстан)

КербенКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы шаар жана райондун борбору.

ААББТ коду ― 41 703 211 610 010[3].

Калкы — 29 792 адам (2020-жылы).

Ныязалы көчөсү, Маданият үйүнүн жанындагы, куралдуу күчтөрдүн зоотолгон техникасынын эстелиги

Кербен шаары Жалал-Абад облусунун борбору, Жалал-Абад шаарынан 220 км, Таш-Көмүр шаарындагы темир жолдон 60 км аралыкта, облустун түндүк-батыш тарабында жайгашкан.

Аксы районунун борбору болуп эсептелет. түштүк–батыш тарабынан Өзбекстан Республикасы, түштүк–чыгыш тарабынан Кош-Дөбө айыл аймагы, түндүк тарабынан Жерге-Тал жана Кашка-Суу айыл аймактары менен чектешет.

Чек ара сызыгынын узундугу – 44 км., чечилбегени – 7,7 км. Ички асфальт жолдун узундугу – 42 км. Тротуарлар – 22 км. Чарбалар аралык канал – 54 км., ички каналдар – 47 км., ички арыктар – 214 км. Шагал, топурак жолдор – 101 км. Электро линиянын узундугу – 48 км. Суу түтүктөрү – 49 км.

Аймактык рельефи тоолуу, климаты чукул континенталдуу ,жер ачык, күрөң коңур. Жалпы аянты – 16746 га, айыл чарба багытында – 10379 га, бардык айдоо жер – 3275, суулу – 1832, кайракы – 1443, үлүшкө берилген жерлер – 2658 га, суулуу – 1123 га, кайракы – 1535 га

  • Күлүк-Дөбө – 443,84 га
  • Ак-Дөбө – 699,82 га
  • Жетиген – 383,84 га
  • Беш-Коргон – 432,72 га
  • Питомник – 110,0 га
  • Курулуш – Мамай – 600,0 га

Шаар 1930-жылы; Караван кыштагы болуп негизделген, 2004-жылдын 4-октябрда кыштакка шаар статусу берилип, аталышы Кербен болуп өзгөрүлгөн.

Аксы районунун Кербен айылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 04.10.2004-жылдагы № 174 Мыйзамына ылайык Кербен шаарынын статусун алган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-ж. № 451 токтомунун негизинде Кербен шаар башкармасы Кербен шаарынын мэриясы болуп өзгөргөн.

  • Жунусалы Базарбаев 2006 - 2013
  • Абдумалик Апсаматов 2013 - 2017
  • Нарматалы Эсеналиев[4][5] 1-февраль, 2017 — 2021
  • Нурбек Козубаев 2022 - 2023
  • Эрнист Зияйдинов[6] 14-март, 2023 — 30-июнь, 2025
  • Жаныш Раимжанов 1-июль, 2025 — азыркы учурда[1].

Белгилүү инсандары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]


жылы19391959197019791989199920092010201320152017202020212025[2]
адам. (миң) 2007 2978 5879 9713 11649 13929 14100[7] 14141 15400 25112 28300[8][8]. 29792[9] 30192 45685

Калктын саны – 25112, кожолуктун саны – 6263 (эркектер – 12716, аялдар – 12396)

  • кыргыз – 22172
  • өзбек – 2533
  • орус – 178
  • тажик – 86
  • татар – 52
  • украин – 36
  • башка улуттар – 55

Мектептер : жалпы орто – 9, негизги – 1

  • Ж.Бөкөнбаев – 72 – мугалим, 1025 – окуучу
  • С.Качыкеев – 24 – мугалим, 256 – окуучу
  • Т.Уметалиев – 62 – мугалим, 995 – окуучу
  • В.Д. Линский – 17 – мугалим, 189 – окуучу
  • К.Өмүралиев – 17 – мугалим, 112 – окуучу
  • А.Жоробеков – 39 – мугалим, 443 – окуучу
  • Н.Мамбетов – 49 – мугалим, 725 – окуучу
  • А.Бегимкулова – 20 – мугалим, 196 – окуучу
  • Мамай – 11 – мугалим, 54 – окуучу
  • Ж.Мавлянов – 57 – мугалим, 586 – окуучу

Атайын окуу жайлар :

  • № 69 – кесиптик лицей – 14 мугалим, 12 устат, 160 окуучу,
  • АПФ ЖАМУ – 26 мугалим, 410 – окуучу

Мекемелер жана ишканалар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балдар бакчалары – 8

  • № 1 «Жеткинчек» – 23 – тарбиячы, 227 – балдар
  • № 2 «Келечек» – 27 – тарбиячы, 205 – балдар
  • № 3 «Бүчүр» – 20 – тарбиячы, 145 – балдар
  • № 4 «Таң-Шоола» – 12 – тарбиячы, 54 – балдар
  • № 5 «Наристе» – 11 – тарбиячы, 73 – балдар
  • № 6 «Ак-Куу» – 15 – тарбиячы, 104 – балдар
  • № 7 «Алтын балалык» -14- тарбиячы, 55 – балдар
  • № 8 «Ак-Дөбө» -100-орундуу 2015-жылдын май айында ишке кирген.

Китепканалар – 13: райондук – 2, айылдык – 3, мектеп арасында – 8. Мончо : коомдук – 5, менчик – 124. Саламаттыкты сактоо мекемелери : Аймактык оордукана – 1. Мекеме ишканалар – 63 АЗС – 5 Скважиналар – 8 Атайын таштандыларды төгүүчү жай – 1 Базар муниципалдык менчикте – 1, жеке менчик – 4 Мечиттер – 12 Вет. сервис – 2 Тех. сервис – 2

Өнөр жай ишканалары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Мөмө кургатуучу цех – 23
  • Машина оңдоочу жай – 10
  • Жыгач иштетүүчү цех – 6
  • Пилорама – 5
  • Ширетүүчү цех – 3
  • Тегирмен – 4
  • Май чыгаруучу цех – 4
  • Пахта тазалоочу цех – 2
  • Винцех – 1
  • Сүттү кайра иштетүүчү цех – 1
  • Пластик чыгаруучу цех – 3
  • Тигүүчү цех – 4
  1. 1 2 29 жаштагы Жаныш Раимжанов Кербен шаарынын мэри болуп дайындалды. serep.kg. Текшерилген күнү 15 -сентябрь (аяк оона) 2025.
  2. 1 2 Численность населения областей, районов, городов, посёлков городского типа, айылных аймаков и айылов (сёл) Кыргызской Республики в 2025 г.. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики.
  3. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
  4. Кербен шаарынын мэрлик кызматына Нарматалы Эсеналиев шайланды
  5. Кербен шаарынын мэри Archived 2018-01-20 at the Wayback Machine (кырг.)
  6. Эрнист Зияйдинов назначен мэром города Кербен
  7. 2009 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 24 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  8. 1 2 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаар тибиндеги кыштактарынын калкынын саны, Численность населения Кыргызской Республики на 1 января 2017 года
  9. 2020 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 24 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.

http://www.nazarnews.kg/news/1661 Archived 2017-06-06 at the Wayback Machine

https://www.super.kg/mobile/kabar/news/142221/

https://sputnik.kg/society/20161208/1030674607/akysyz-ehlektr-ehseptegichter.html

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]