Жалал-Абад шаары

Wikipedia дан
Шаар
{{{1}}}
кыргызча Жалал-Абад
Герб
Герб
Өлкө Кыргызстан
Координаттары Lua error in Module:Coordinates at line 626: attempt to call field 'getEntityObejct' (a nil value).
Мэр Авазов Салайдин
Негизделген 1870
Аймагы 24,6 км²
Борборунун бийиктиги 763 м
Климатынын тиби Субтропикалык
Расмий тили Кыргыз тили, Орус тили
Калкы 89 004[1] адам (2009)
Улуттук курамы кыргыздар — 54,7%
өзбектер — 38,0%
орустар — 3,4 %
татарлар — 1,2 %
уйгурлар — 0,6 %[1]
Диний курамы ислам
Этнохороним жалалабаттык, жалалабаттыктар, жаливуддук
Убакыт аралыгы UTC+6
Телефон коду +996 3722
Почта индекси 715600
Автоунаа коду D
##Жалал-Абад шаары (Кыргызстан)
Red pog.png
Zhalal-Abad

Жалал-Абад шаарынын гимни[оңдоо | булагын оңдоо]

Сөзү: Базарбай Жолдошбаевдики Обону: Кубанычбек Аширалиевдики

Жалал-Абад жашыл шаарым турагым,
Жанга дабаа мөлтүр булак сууларың.
Жашоо үчүн күч кубатка дем берген,
Жакамдагы ыйык туткан тумарым.

Жалал-Абад жаштык шаарым турагым,
Жалындаган өмүрдөгү кумарым.
Түштүгүмдө Чолпон жылдыз сымалдуу,
Түптүү элдин бекемдигин улагын.

Кайырма:

Бакыт шаарым Жалал-Абад
Барчылыкка болуп канат, болуп канат,
Бүгүнкүдөн эртеңкиси,
Берекеси толуп барат, толуп барат.

Жалал-Абад, Жалал-Абад
Жергесинде зор салтанат, зор салтанат,
Эмгегинен жетип максатка,
Эли-Журтка даңкы калат, даңкы калат.

Жалал-Абад ыйык шаарым турагым,
Жалпы журтка даңктап ырдап турамын.
Ачык асман күн нуруна бөлөнүп
Ар кыл улут досчулугун чыңагын.

Жалал-Абад өнүп-өскөн турагым,
Жан жыргаткан обон күүсүн угамын.
Эгемендик шарданында түбөлүк
Эркин элим көбөйсө экен курамың.


Жалал-Абад - Жалал-Абад облусунун борбору (1991-жылдан); 1887-жылдан шаар. Чыгарган продукциясынын көлөмү жана өнөр жай потенциалы боюнча Кыргызстанда Бишкек, Ош жана Токмоктон кийинки 4-шаар. Көгарт өрөөнүндө, байыркы Улуу Жибек жолунун жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Автомобиль жана темир жолдор тоому. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан 560 км түштүк тарапта; Ош шаарына чейин эл аралык эски жол менен (Өзбекстандын Ханабат шаары аркылуу) 60 км, жаңы жол менен (Өзгөн шаары аркылуу) 100 км. Шаар аянты 8821 га. Калкы 92,1 миң (2009). Жалал-Абад шаары 1924-26-жылдарда округдун, 1926-28-жылдарда кантондун, 1939-59-жылы жана 1991-жылдан облустун борбору. Шаар Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгүн түзгөн Көгарт өрөөнүнүн түзөң түштүк-чыгыш чет-жакасында, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы болгон Айып-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 755 мден (түштүк бөлүгүндө) 800 мге чейинки (түндүк бөлүгүндө) бийиктикте жайгашкан. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизинен түздүктүү; түштүк-батышты карай жалпы жантайыңкы. Мында төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон шагылдын үстүн лёсстуу катмар жаап жатат. Жалал-Абад Кыргызстандагы эң жылуу жана күнөстүү шаар. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деңиздик климатка окшоп кетет. Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орточо температурасы 27°С, кышы мелүүн суук, жумшак, январдын орточо температурасы -4,1°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 490 мм. Күн тийүү узактыгы жылына 2787 саатты түзөт. Түштүк-батыштан жай соккон (0,6 м/сек) шамал үстөмдүк кылат. Жалал-Абад шаарынын батыш тарабынан Көгарт, чыгыш тарабынан Чаңгет суулары агып өтөт. Көгарт суусунан ирригациялык көп тармактар башталып, сугат каналдарына таралып кетет. Чаңгеттин суусу сугатка кеңири пайдаланылат. Шаар жайгашкан аймакта жер астындагы суунун запасы да бар.

Суулары[оңдоо | булагын оңдоо]

Суу ресурстарынын ичинен маанилүү орунду Айып-Тоонун капталынан чыккан ысык жана минералдык суулар түзөт. Мында 60тан ашык булак бар, алардын 5и ысык (37-42°С), 12си жылуу (20°Сден жогору), калганы муздак булактар. Бул ысык жана минералдык суулардын кендери Орто Азиядагы эң белгилүү Жалал-Абад курортунун (ал шаардан 5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 984 м бийиктикте жайгашкан) дарылоочу базасы болуп саналат. Курорттон 2,5 км аралыктагы 27 РЭ көзөнөгүнүн суусу Жалал-Абад пиво заводу тарабынан «Жалал-Абад» № 27 деген ат менен бөтөлкөгө куюлуп, дары-суусундук суу катары соода тармактарына жөнөтүлөт. Курортто минералдуу суулардан сырткары, ошондой эле дары баткак (чым көңдүү) да пайдаланылат. Анын кени шаардан 5 км түштүк -чыгыш тарапта, Айып-Тоонун батыш капталында, деңиз деңгээлинен 1070-1075 м бийиктикте жайгашкан. Шаардын чеги жана Көгарт өрөөнүнүн ага чектеш аймагы жарым чөл жана кургак талаа ландшафттык зоналарында жайгашкан.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалал-Абад Октябрь революциясына чейин эле Кыргызстандагы ири шаарлардын бири болгон. 1897-жылкы бүткүл Россиялык эл каттоонун маалыматы боюнча Жалал-Абаддын калкы 2713 (анын 1377си эркек, 1336сы аял), 1913-жылы 4,5 миң болгон. 2009-жылы шаар калкы 97,2 миң адамга жеткен; алардын 48,5%ин эркектер, 51,5%ин аялдар түзөт. Шаарда 30дан ашык улут өкүлдөрү жашайт, анын 45%тейи кыргыздар, 30%тейи өзбектер, 25%тейи башка улуттар. Шаар калкынын эмгекке жарамдуусу 55,5% (же 45,5 миң адам), экономикалык активдүүсү 28,3% (23,2 миң). Калктын табигый өсүүсү 2000-жылы 1141, миграциянын эсебинен өсүүсү 90 адамды түзгөн. Шаардын экономикасынын реалдуу секторунун ишканаларында 2000-жылы 16,7 миң адам иштеген (шаардын эмгек ресурсунун 34,5% и). Анын 41,0%и өнөр жайда, 8,0%и курулушта, 8,5%и транспортто, 25,0%и айыл чарбада, 17,5%и башка тармактарда иштеген. Рыноктук өзгөрүү мезгилинде шаарда соода, кызмат көрсөтүү (мейманкана) ресторан жана башка чөйрөлөрү өнүгө баштады. Соода чөйрөсү рынок шартына тез ылайыкташып кетти. Бирок, жумуш менен камсыз кылуунун тармак боюнча бөлүнүшү заманбап экономиканын талабын толук канааттандыра албайт.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалал-Абад Фергана облусунун экономикасына жана социалдык-маданий жашоосуна таасир этүүчү ири кыштак катары 19-кылымда белгилүү болгон. Анын соодага ыңгайлуу тогуз жолдун тоомунда жайгашышы, дыйканчылыкка жагымдуу шарты, суунун молдугу калкты кызыктырып, кыштак тез эле өнүгө баштаган. 19-кылымдын орто ченинде бул жерде кербен сарай болуп, Фергана өрөөнүнүн жана Көгарт, Тогуз-Торонун калкынын ортосунда мал чарба продуктуларын алмашуучу дүң соода түйүнүнө айланган. 1890-1910-жылдарда Жалал-Абадда болуштук кеңсе ачылып, көчөлөр тартипке келтирилген. Почта пштей баштаган. Пахта жана башка техникалык, бакча өсүмдүктөрүн жакшыртуу багытында шаарда «Тажрыйба» участкасы түзүлгөн. Фельдшердик бөлүм ачылган. Ал эми 1912-жылы 6 орундуу 1-оорукана иштей баштаган. 1914-жылы көпөс Журавлёв 1-жолу механикалык тегирмен курган. 1916-жылы Жалал-Абадда 1-банк ачылган, шаарга темир жол жеткирилип, 1916-жылы 1-поезд келген. Шаарда 1917-жылы 17-19-декабрда Совет бийлиги жарыяланган. Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин Жалал-Абад болуштуктун, 1924-28-жылдарда Жалал-Абад округунун борбору болгон. 1927-28-жылдарда Жалал-Абад кантону уюшулуп, Айым, Жалал-Абад, Көгарт, Базар-Коргон, Майкен, Кетмен-Төбө, Кызыл-Жар, Чоң Алай, Чаткал болуштуктарын бириктирип, борбору Жалал-Абад шаары болгон. 1928-жылы Жалал-Абад кантону Ош кантону менен биригип, Ош округу аталган. 1939-59-жылдарда Жалал-Абад облусунун борбору болгон. 1926-жылы облустук китепкана ачылган. Жалал-Абад шаарында көптөгөн белгилүү инсандар жашап, пштеген. Алар: Төрөкул Айтматов (Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча төрага; 1926-29), Эргеш Алиев (милициянын генералы), Кубат Жуматаев (Жалал-Абад обком комсомолунун мурдагы катчысы) жана башка 1926-жылы педтехникум ачылган. Ал 1947-57-жылы мугалпмдер институту деп аталган. Учурда ал Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ). 1938-жылы зооветмектеп ачылып, ал 1947-жылы зооветтехникум болгон. Ошол эле жылы механизаторлордун мектеби ачылып, 1992-жылдан лицей. Шаарда пахта тазалоочу (1939), кыш, сүт заводдору, МТС, тери иштетүүчү, кийим тигүүчү цехтер, эт комбинаты жана башка ишканалар, маданий мекемелер, спорт аянтчалары ачылган. Согуштан кийинки жылдары экономикалык жана турмуш-тиричилик мекемелери кеңейген. 1947-жылы аэропорт, пиво заводу жана башка курулуп, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн 1-генералдык план бекитилген. Облустук керек-жарак коому, Түштүк-Кыргыз жаңгак токойлору боюнча башкармалык уюштурулуп, кичи райондор пайда болгон. 1960-70-жылдары шаар андан ары өнүктү. «Кыргызмунай» чалгындоо экспедициясы Жалал-Абадда уюштурулуп, облустагы жанар май базалары аныкталды. Избаскенден Жалал-Абадга чейин созулган газ кууру курула баштады. Шаардык турмуш-тиричилик комбинаты, жер казуучу техникаларды даярдоочу, насос, курулуш материал чыгаруучу ишканалар, шаарды жана облусту (Ош облусун да) суюлтулган газ менен камсыз кылуучу база, мебель фабрикасы жана башка бар. Жалал-Абад шаары 1980-жылдары Кыргызстандын өнөр жай жана маданий ири борборлорунун бирине айланды. Ошондой эле пахта тазалоочу завод, кондитердик бирикме, мебель жана кийим тигүү фабрикалары, жыгаччылык, курулуш материалдар комбинаттары, жер казуучу техникаларды ремонттоо жана тамеки ферменттөө заводдору бар экономикалык борбор болуп саналат. 1996-жылы Кыргызстанда 1-болуп, нефть продуктуларын кайра иштетүүчү комбинат, элге керектүү товарларды чыгаруучу эл аралык биргелешкен ишканалар ишке киргизилди. 1993-жылдан университет, коммерциялык институт, окутуунун жаңы технологиясына негизделген лицейлер, Барпы атындагы облустук драма театры, филармония, маданий борборлор ачылды. Көп улуттуу шаар болгондуктан, улуттук-маданий борборлор уюшулган, мезгилдүү басылмалар чыгат, телекөрсөтүү пштейт. 2001-жылы облуста Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракеси белгиленген. Салтанатка арналып, Жалал-Абад шаарынын кире беришине «Курманбек кылымдар мурасы» комплекси, «Фольклордук талаа», «Телтору» ат майданы жана башка курулган. 2007-жылы Жалал-Абад шаары 125 жылдыгын белгиледи.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалал-Абад шаары Кыргызстандагы соцпалдык-экономикалык пнфраструктурасы өнүккөн административдик, маданий жана өнөр жайлуу негизги борборлордун бири. Өнөр жай тармактары жана башка мекемелерде иштегендердин саны боюнча Жалал-Абад Кыргызстандын түштүгүндөгү 2-ири шаар. Облустук өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 26,7%ын Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканалары чыгарган товардык продукция түзөт, ал эми электр энергия өндүрүшүн кошпой эсептегенде ал 42,0%га жетет. Катталган субъектилер менчиктөө формалары боюнча 91,3%ы (2624 субъект) жеке менчикке, 5,7%ы (165), мамлекеттик жана 3,0%ы (85) коммуналык менчикке тиешелүү. Алардын көбүн чакан ишканалар, азыраагын орто жана ири ишканалар түзөт. Чарба жүргүзүүчү субъектилердин дээрлик көбү соода, кызмат көрсөтүү, транспорт, айыл чарба, өнөр жай жана башка тармактарда катталган.

Өнөр жай[оңдоо | булагын оңдоо]

Өнөр жай продукциясынын басымдуу бөлүгүн отун (57,1%), жеңил (25,0%), ун-аралаш тоют (5,5%), тамак-аш (4,3%), машина куруу жана металл иштетүү (1,5%), курулуш материалдары (0,7%), башка өндүрүштөр (5,9%) берет. Шаардагы ири өнөр жай ишканалары: «Кыргыз Петролеум Компани» биргелешкен ишканасы, «Кыргыз пахтасы» ААК, «Айып булак» з-ду АК, «Арак заводу» ЖАК, «Азрет айып» дан продуктулар комбинаты АК, «Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Нур» АК, «Азиз тамеки», «Мата» АК жана башка Бул ишканалар пахта буласын (8,1 миң т өндүргөн), ферменттелген тамеки (3,1 миң т), ун (5,2 миң т), суу жана ликёр-алкоголь ичимдиктери (154,7 миң дал), токулбаган кездеме (узундугу 415,2 миң м), туташтыргычтар (151,8 миң даана), жеңил машиналар үчүн тетиктер (54,4 миң даана), бензин (46,8 миң Т), дизель майы (18,7 миң т), мазут (11,2 миң т) өндүргөн. Шаардын өнөр жайишканалары консоль насосторун (52 даана), электррадиаторлорун (220 миң даана), курама-бетон (1,1 миң м3), эмерек (3,3 млн сомдук), шпон (60 миң м2), минералдуу суу (1581,0 миң бөтөлкө), о. эле элге кеңири керектелүүчү тигилүү кийим жана трикотаж буюмдарын, эмерек, азык-түлүк товарларын, өсүмдүк майын, кондитер жана макарон азыктарын, суусундуктарды, самын жана башка чыгарат (2006).

Курулуш комплекси[оңдоо | булагын оңдоо]

Шаардын курулуш комплексине пахтаны кайра иштетүүчү «Ак алтын» биргелешкен ишканасынын имараты (жылдык кубаттуулугу 12,5 т пахта буласы), жалпы аянты 8675 м2 келген турак-жайлар, салтанат капкасы жана ат майдан кирет. Шаарда чет өлкөлүк (АКШ, Канада, Түштүк Корея, Кытай, Түркия, Швейцария, Италия өлкөлөрүнүн) ири компаниялар жана фирмалар менен биргелешкен 13 ишкана иштеп, чыгарган продукцияларын Борб. Азия өлкөлөрүнө экспорттоодо. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук филиалы, «Кыргыз өнөр жай курулуш банк», Ачык типтеги АК «Эсептешүү-аманат компаниясы», «Кыргызстан», «Дос-Кредобанк», «Автобанк», «Курулуш банк» жана башка банктардын филиалдары иштейт. Мындан сырткары финансы уюмдары менен кредиттик линиялардын 18 өкүлчүлүктөрү менен филиалдары бар.

Транспорту[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалал-Абад шаарынын аймагында транспорттун төрт түрү өнүккөн. Алар автомобиль, темир жол, аба жана куур транспорту. Булардын ичинен маанилүүсү автомобиль транспорту. Негизги жол тоому катары облусту Кыргызстандын башка аймактары, республиканын борбору Бишкек шаары, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстандын шаар-кыштактары менен байланыштырып турат. Ири магистралдары: Жалал-Абад-Бишкек, Жалал-Абад -Ош, Жалал-Абад-Анжиян (Өзбекстан), Жалал-Абад-Токтогул, Жалал-Абад-Кербен, Жалал-Абад-Каныш-Кыя, Жалал-Абад-Арстанбап жана башка. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 415 км, алардын 70%ы асфальтталган. Сырткы экономикалык байланыштары негизинен темир жол транспорту менен жүргүзүлөт. Бишкек-Жалал-Абад темир жол тармагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын аймактары аркылуу өтөт. Жүргүнчү жана жүк ташууда аба транспортунун да мааниси чоң. «Жалал-Абад» аэропортунан Бишкек, Каракол, Чолпон-Ата шаарына жана Казарман кыштагына авиакаттам болуп турат. Газ кууру Кочкор-Ата шаарчасынан Жалал-Абад шаарына жүргүзүлгөн. Магистралдык газ куурунун узундугу 102 км, жогорку басымдуу газ куурунуку 171 км. Жалал-Абадда газ бөлүштүрүүчү 4 тармак жана 50 пункт бар. Шаарда узундуу10,2 км келген троллейбус линиясын куруу пландаштырылууда.

Байланыш[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкты телефон, телеграф байланышы, радио жана телекөрсөтүү менен Жалал-Абад «Кыргызтелеком» ишканасы камсыз кылат. Шаарда эл аралык линияга чыгууну камсыз кыла турган автоматташтырылган транзиттик түйүн (АТУК), шаар ичиндеги байланыштын 13 миң номурлуу автоматташтырылган телефон станциясы иштейт. 1994-жылы америкалык «КАТЕЛ» фирмасы менен уюктук (сотовый) байланыш пайдаланууга берилген. «КАРТ» тибиндеги радиотелефон станциясы көчмө телефондук байланышты камсыз кылат. 1998-жылдан «Интернет» компьютердик байланыш системасы иштөөдө.

Коомдук жайлар[оңдоо | булагын оңдоо]

Шаарда 400дөй соода, коомдук тамактануу жана турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүү түйүндөрү бар. Борбордук базар (аянты 19800 м2; 501 орундуу), Шабдалызар (700 орундуу), «Мадумар ата» фирмасынын (80 орун), «Адилет» (380) жана башка жеке менчик базарлар, ошондой эле 6 чакан базар, 4 ресторан (500 орундуу), «Мөлмөл» мейманкана комплекси (200дөн ашык орун) иштөөдө.

Шаардын курулушу[оңдоо | булагын оңдоо]

Шаардын алгачкы чеги 1923-жылы апрелде белгиленип, ага 12 кыштак кирген. Шаар чегинин узундугу периметр боюнча 14 кмдж түзгөн. Шаарда 10 миңдей адам жашаган, 12 көчөсү болгон. Аянты 704 ганы түзүп, турак жай фондусу негизинен бир кабаттуу үйлөрдөн (жалпы аянты 113 миң м2) туруп, ал эми 2 кабаттуу үйлөр 6 миң м2ди, башкача айтканда 2,4%ды гана түзгөн. Жалал-Абад шаарынын алгачкы башкы планы «Кыргыздолбоор» тарабынан 1950-жылы иштелип чыгып, кабыл алынган; ушул планга ылайык курула баштаган. Учурда шаар эски борбордук бөлүгүнөн сырткары 6 кичи районго бөлүнөт (алар Улуу Ата Мекендик согуштан кийин пайда болгон). Шаардын борбордук бөлүгү башкы планга ылайык реконструкцияланып, азыр да жаңыланууда. Шаардын чет-жакаларында «Достук», «Жеңиш», «Курманбек», «Пригородный», «СМУ-городок», «Спутник» кичи райондору жана Тайгараев атындагы айыл округунун турак жайлары жайгашкан.

Коммуналык чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалал-Абад шаарында суу куурунун узундугу 176 км, а. и. көчө тармактарынын уз. 82 км. Суу белгиленген кубаттуулугу суткасына 57,2 миң м3 болгон 20 бургулоо көзөнөгү менен алынат. Алар шаардын ар кайсы райондорундагы 9 насостук станцияда жайгашкан, кубаттуулугу суткасына 2,7 миң м3. Канализация тармактарынын уз. 60 км, а. и. башкы коллекторлордуку 30 км, көчө тармактарыныкы 16,5 км, ички кварталдары менен короо жайлардыкы 13,5 км. Мындан сырткары шаардын аймагын селден коргоочу Сел-Арык, Чоң-Арык, Хан-Арык каналдары бар.

Билим берүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалал-Абад Түштүк Кыргызстандагы маданияттын жана билим берүүнүн ири борбору болуп саналат. 19-кылымдын аягында шаарда 8 мечит, 2 мектеп болсо, азыр жалпы билим берүүчү 20 мектеп иштеп, анда 20 миңден ашуун окуучу билим алат; 20 бала бакчада 3 миңден ашык бала тарбияланууда. 3 лицей, 2 спорт мектеби, балдардын экология, край таануу жана тех. чыгармачылык жана балдарга билим берүү борборлору, балдардын чыгармачылык үйү, кыргыз-түрк лицейи, менчик жана музыкалык (1956-жылдан), сүрөт (1975жылдан) мектептери, маданият техникуму, медициналык окуу жайы (1939-жылдан), педагогикалык коллеж бар; ошондой эле 2 кесиптик-техниктик лицей (1938-жылдан айылдык, 1957-75-жылы шаардык кесиптик-техниктик окуу жайы болгон) бар. ЖОЖдор [Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ), Жалал-Абад коммерциялык институту, Кыргыз-өзбек эл достугу университети, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, КЭУнун, Ош ТУнун филиалдары] жана Жалал-Абад мамлекеттик технология институту иштейт. Илимий изилдөө иштерин КР УИАнын Түштүк бөлүмүнө караган Биосфера, Энергетика жана Микроэлектроника институттары, Табиятты коргоо коому жүргүзөт.

Саламаттык сактоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалал-Абад шаарында калкты медициналык жактан тейлөөчү 21 мекеме иштейт, анын 6сы стационар (2000); анда 432 врач (анын 106сы шаар калкын тейлейт) жана 949 медициналык орто билимдүү кызматкер эмгектенет. Шаарда облусунун бириккен оорукана, облусунун балдар ооруканасы (305 орундуу), кургак учук оорусун дарылоо диспансери (1947-жылдан иштейт), «Бакыт» балдар реабилитация борбору, 5 бейтапкана, 11 үй-бүлөлүк врачтар тобу, «Дени сак үй-бүлө» борбору, облусунун төрөт үйү (130 орундуу) иштейт. Шаар калкынын ден соолугун чыңдоодо Жалал-Абад курортунун мааниси зор.

Маданият[оңдоо | булагын оңдоо]

Шаарда 7 кинотеатр, облустук китепкана (5 филиалы бар; жалпы китеп фондусу 600 миңден ашык нуска), музей, 3 эс алуу паркы (Токтогул жана Навои атындагы, «Спутник» кичи районунда), 2 стадион, үстү жабык спорт залы, сууда сүзүү үчүн бассейн жана 500 орундуу ден соолук чыңдоо комплекси бар. Шаарда 3 тилде 11 гезит чыгат; алар: «Мезгил үнү», «Голос времени» (шаардык гезиттер), «Акыйкат жарчысы» (кыргыз тилинде), «Жалол-Абод тонги» (өзбек тилинде, облустук гезиттер). Облустук телерадиокомпания, 5 коммерциялык телекомпания иштейт, аларда берүүлөр кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт.

Жалалабат облустук Барпы Алыкулов атындагы драма театры[оңдоо | булагын оңдоо]

Barpy theatre

Жалалабат облустук Барпы атындагы драма театры (Жалалабат шаарындагы Толтогул аянты) 1992 – жылы 13 – мартта шаардык театр катары ачылып, 1994 – жылы облустук кыргыз театры статусун алган. 500 орунду көрүү залы, 8 бөлмөдө жайгашкан костюм тигүү, гримдөө, сүрөт жана башка цехтери бар. Театр ачылгандан бери Расул Усмановтун “Эне түшү” , Айгүмүш Аксынын "Тактынын тагдыры", Султан Раевтин "Дубал", Мурза Гапаровтун "Киотого кеткен жол", жана башка драмаларды, "Жолборс кантип алданды" кыргыз эл жомогун, Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесине карата Ооганбек Станбековтун "Курманбек баатыр" спектакелин жана башка койгон. 1999 - жылы "Кыргызстан сорос" фондунун гранты менен Г. Фигейредонун "Эзоп" пьесасы коюлган. Бул пьеса менен театр Борбордук Азия өлкөлөрүнүн "Нооруз - 99" эл аралык театр фестивалына катышып байгелүү орунга ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5