Турсунбек Бекболотов

Википедия дан
Турсунбек Бекболотов
Аксы районунун, Кербен шаарындагы айкели
Ишмердүүлүк тармагы:

профессор

Туулган датасы:

10 -февраль 1948(1948-02-10)

Туулган жери:

Карван, Аксы району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Өлгөн датасы:

2015 жыл(2015)

Өлгөн жери:

Бишкек, Кыргызстан

Турсунбек Бекболотов (10-февраль, 1948; Караван, Кыргыз ССРи2015,Бишкек, Кыргызстан) — Кыргызстандык профессор, техника илимдеринин доктору (1997), проф. (1999), КР УИАнын корр. мүчөсү (2000), КРдин билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2004). Ленинграддагы М. А. Бонч-Бруевич атындагы электр-техникалык байланыш институтун (1970), МЭИнин аспирантурасын (1978) бүтүргөн. ФПИде окутуучу, улук окутуучу (1970-73), МЭИнин эсептөө техникасы кафедрасынын изилдөөчү стажёру (197374), ФПИде окутуучу (197782), ЖАМУда кафедра башчысы (1983-94), КР УИАнын Түш. бөлүмүнүн энергетика жана микроэлектроника илимий изилдөө институтунун директору (1994-95), ЖАМУнун ректору (1995), КРдин билим, илим жана маданият министри (1999-2001), министрдин 1-орун басары (2001), ОшТУнун ректору (2002-жылдан). Информатика жана эсептөө техникасы боюнча адис. 100дөн ашык илимдин эмгеги, анын ичинен 3 монографиясы жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4