Жоробеков, Туратбек
Туратбек Жоробеков (01.7.1946 – 14.2.2016) – кыргызстандык заманбап тарыхчы жана педагог, тарых илимдеринин кандидаты (1987), Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, профессордун милдетин аткаруучу (2005).
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Туратбек Жоробеков 1946-жылы 1-июлда Кыргызстандагы Ош облусунун Жаңы-Жол районунун Жаңы-Жол кыштагында (азыркы тапта Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы Малкалды айылында) мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
1953-1964-жж. аталган айылдагы мектептен билим алып, 11-классты бүтүргөн.
1964-1965-жж. Жаңы-Жол совхозунда жумушчу болуп иштеди.
1965-1968-жж. Советтик армияда чек ара аскерлер курамында катардагы жоокер жана сержант болуп кызмат өтөдү.
1969-1974-жж. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (КМУ; азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин) тарых факультетинде окуду.
Тарых факультетин бүтүп Кыргыз Мамлекеттик Сүрөт көркөм өнөр (КМСИ) музейинде ага илимий кызматкер болуп эмгектенди.
1975-жылдын апрелинен – 1978-жылдын сентябрь айына чейин КМУнун тарых факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө ага усулчу болуп иштеди.
1978-1992-жж. КМУнун Жаңы жана соңку жаңы тарых, Кыргызстандын тарыхы кафедраларында окутуучу, ага окутуучу болду.
1988-1997-жж. КМУнун кошумча тарых факультетинин деканынын сырттан окуу жана күндүзгү бөлүмдөрүндө орун басарлык милдеттерди аткарды.
2002-2003-жж. КУУнун Окуу Инспекциялык башкармалыгынын төрага орун басары болуп иштеди.
1992-жылдан Кыргызстандын жаңы жана соңку мезгилдеги тарыхы кафедрасынын доценти, 2005-жылдан – профессорлук милдетин аткарды.
2003-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин КУУнун Кыргызстандын жаңы жана соңку мезгилдеги тарыхы кафедрасынын башчысы болуп эмгектенди.
Узакка созулган оорунун айынан 2016-жылдын 14-февралында Бишкек шаарында дүйнөдөн кайтты.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Таштанова Калыйча – жубайы.
Үч кызы бар: Жоробекова Эльмира, Жоробекова Айнура, Жоробекова Зарема.
Педагогдук ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]70тен ашык илимий жана илимий - усулдук эмгектердин, анын ичинде 2 монографиялык эмгек, 9 илимий-усулдук жана окуу куралдардын автору.
Кыргыз республикасынын билим берүү, илим жана маданият Министрлиги тарабынан «Тарых боюнча тесттик тапшырмалар» (Б., 1997) жалпы билим берүү мектептерине окуу курал катары сунушталган, бир нече жолу жаныланып басылып чыккан.
1989-жылдан бери факультеттин, КУУнун окуу-усулдук комиссия жана окумуштуулар кеңешинин мүчөсү катары окуу процессинин жакшырышына өз салымын кошту. Факультетте, КУУда уюштурулган илимий, илимий-усулдук конференцияларды уюштурууга, илимий билдирүүлөрдү жасоого активдүү катышты. Студенттердин илимий жана дипломдук иштерин жетектеди. Изилдөөчү – аспиранттардын, магистранттардын илимий иштерине жетекчилик кылды.
Сыйлыктары. Наамдары. Даражалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илимий даражасы: Тарых илимдеринин кандидаты (1987).
Окумуштуу даражасы: Кыргызстан тарыхы боюнча доцент (КР өкмөтүнүн алдындагы УАКтын 1997-ж. чечими).
Кыргыз республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (мыктысы).
КУУнун мыкты лектору.
Билим берүү системасына, балдарды жана жаштарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган (№ПЖ 360 Бишкек. 28.09.2009.)
Тилдерди билгендиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тили – эне тили болчу. Орус тилин – эркин билген.
Казак, өзбек тилдеринде түшүнгөн.
Айрым илимий чыгармалары (кыскача тизме)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ошская область Кирг. ССР в годы Великой Отечественной войны (1941-1945 гг.): Автореферат канд. диссерт. Ф., 1987.
- Арстаналы Осмонбеков – жаңы кыргыз мамлекетинин патриоту // Вестник КНУ Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы. серия 1., Вып. 3. Б., 2003.
- Колхозное крестьянство Ошской области в годы Великой Отечественной войны (1941-1945 гг.) // сб. научных трудов: Киргизия в годы Великой отечественной войны (1941-1945 гг.). Ф., 1990.
- Из истории деятельности МОПР Киргизии в годы Великой Отечественной войны (1941-1945 гг.) // Великий Октябрь и некоторые вопросы исторической науки. Ф., Илим, 1987.
- ХХ кылымдын 30-40 жылдарындагы Синьцзяндагы саясый абал // Рух кенчи. №12, декабрь 2012.
- Иманалы Айдарбеков – Кара-Кыргыз автономиялуу областын негиздөөчүлөрдүн бири // Вестник КНУ им. Ж. Баласагына. – Вып 1. – Б.: КНУ, 2014.
- Герои – кыргызстанцы, признанные после 45-летия Великой Победы // Великой Победе 70 лет. Материалы научно-практической конференции «Сохранение исторической памяти о Великой Отечественной войне: проблемы и решения». Бишкек, 2016.