Малкалды, айыл (Аксы району)
Малкалды айылы (совет доорундагы аталышы – Жаңы-Жол) – Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы ири кыштак.
Кыскача таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Малкалды айылы (совет доорундагы аталышы – Жаңы-Жол) – Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы ири кыштак. Ал Жаңы-Жол айыл округунун борбору. Бул кыштак мурда Аксы районунун борбору да болуп турган.
Калк саны – 2074 киши (2007-жылдын эсеби). Айылда негизинен кыргыздын саруу уруусунун өкүлдөрү байырлайт.
Негизги чарбасы – дыйканчылык, мал чарбачылыгы.
Кыштакта орто мектеп, маданият үйү, дарыкана, амбулатория бар.
Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Лениндин эстелиги кароосуз калды.
Географиялык маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыштак калкынын малы Авлетим, Чоң-Жайлоо, Бозбу-Ата ж.б. жайлоолордо жайлайт.
Кыштак райондун азыркы борбору Кербен кыштагынан 55 чакырым чыгышыраакта жайгашкан.
Кыштак Таш-Көмүр темир жол бекетинен 40 чакырымдай түндүк-батышта жайгашкан.
Кыштактан чыккан инсандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Малкалды кыштагынан бир катар даңазалуу инсандар, илимпоздор, коомдук ишмерлер чыккан.
Алардын арасында тарых илимдеринин кандидаты Туратбек Жоробеков (1946-2016), экономика илимдеринин кандидаты Кадыржан Райымбеков, педагогика илимдеринин доктору Сатканбай Момуналиев, биология илимдеринин кандидаты Максатбек Казакович Мамытбеков, саясат таануу илимдеринин кандидаты Уран Токтоназарович Ботобеков, ж.б. чыккан.
Ушул айылдан айтылуу Алымкан Субан-бий кызы (1874-1942) чыккан. Ага кезинде Токтогул Сатылган уулу ашык болгон. Анын атасы Субан-бий Аксыда 19-кылымда төбөсү көрүнгөн бий болгон.
Айылдагы “Ленинчил жаш” орто мектеби пост-советтик доордо айылдык агартуучу Жоробек Мамытбековдун ысымын алып калды.
Малкалдылык илимпоздордун эмгектеринин кыскача тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Ботобеков У.Т. Захруддин Мухаммед Бабур кайсы улутка тиешелүү? // «Dialog Avrasya». – Бишкек. Издательство “Басма”, 2009, – Б. 24-25.
- Ботобеков У.Т. Ситуация в Ферганской долине: религиозный экстремизм и оборот наркотиков // Многомерные границы Центральной Азии. Под ред. М.Б. Олкотт и А Малашенко. Московский Центр Карнеги. – Москва, Гендальф, 2000. Вып. №2. – С. 44-55.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://rus.gateway.kg/news/kg/politika/4487(жеткиликсиз шилтеме)
- http://www.gezitter.org/society/9971_ubotobekov_borba_vlasti_s_korruptsiey_provoditsya_izbiratelno/ Archived 2017-11-20 at the Wayback Machine
- http://kyrgyztoday.kg/ru/politika/item/9040-uran-botobekov-politolog-partiya-ar-namyis-vyidvinuv-pered-vyiborami-v-meryi-goroda-omurbeka-suvanalieva-sovershila-takticheski-vernyiy-shag.html(жеткиликсиз шилтеме)
- http://jansherik.kat.kg/?page_id=34(жеткиликсиз шилтеме)
- http://ipp.kg/ru/news/2396/(жеткиликсиз шилтеме)
- http://kyr.24.kg/koom/ky-rgy-z-reklamasy Archived 2016-03-15 at the Wayback Machine
- http://library.kat.kg/?cat=147(жеткиликсиз шилтеме)
- http://facebook.com/aishat.botobekova