Бозбу-Ата, мазар
Көрүнүш
Бозбу-Ата - мазар, эл сыйынуучу "ыйык жай".
Бозбу-Ата тоонун чокусунда, Жерге-Тал айылына тиешелүү тоонун түндүк капталында, көлдүн жээгинде деңиз деңгээли 2700 мдей бийиктикте жайгашкан. Кирпич сымал таштар менен менен төрт бурч болуп салынган.
Кабырдын бийиктиги болжол менен6 1 мдей, узуну 2 м, туурасы 1,5 м. Ортосунда асаба кейиптеген бир куу жыгач сайылган.
Бозбу-Ата мазарынын 100 кадамдай жерде арчанын жанында тегерете үйүлгөн "обо таш" бар.
Кээ бир жери урап, бузулуп калган. Тегерете жыйылган таштардын бийиктиги бир метрден ашык. Диаметри 2-3 м келет.
Эл оозунда Бозбу жайлоосу - Аксы аймагынын толтосу", - деп айтылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7
- Аксы району: Энциклопедия / Башкы ред. Ү.Асанов. - Б.: Мамл,тил жана энциклопедия борбору, 2008. - 320 б. ISBN 978-9967-14-062-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|