Бозбу-Тоо

Википедия дан
Бозбутоо, тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Бозбутоо, тоо - Кыргызстандагы Чаткал кырка тоосу менен Нарын дарыясынын аралыгынан орун алган.

Чыгыш жагындагы Ат-ойнок тоосунан Кара-Суу суусу бөлүп турат; батыш жагы жапыздап, Пишкаран ойдуңчасына өтөт.

Узундугу 30 км, туурасы 14 км, эң бийик жери – Шилби чокусу (2876 м).

Тоонун негизин палеозой заманынын порфир, туф жана кумдук, акиташ тоо тектери түзөт, капталдарында мезозой чөкмөлөрү жатат.

Кыргызстандагы бул тоонун түштүк этектерин палеогендин кызыл чополуу тектеринен турган адырлар ээлейт.

Жарым чөл, кургак жана шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыттуу түштүк-батыш этегинде (Майлысай) мунай кени бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]