Кара-Суу, өзөн, Аксы району

Википедия дан
Кара суу‎»‎ барагынан багытталды)

Кара-Суу суусуАксы районунун аймагы аркылуу аккан суу, Нарындын оң куймасы. Узундугу 85 км, алабынын аянты 2800 км2.

Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгыш капталынан башталып, жогорку бөлүгүндө кууш жана терең капчыгай, ортоңку жана төмөнкү бөлүктөрүндө кенен жанатокойлуу өрөөн менен агат.
Өрөөнүндө шилендилер, шагыл таштар жанамореналар кезигет.
Алабында көлдөр бар.
Жылдык орточо чыгымы 41,2 м3/сек.
Эң көп чыгымы май айында, азы январда байкалат.
Ири куймалары: Кожата, Авлетим, Турдук, Акжол.
Сугатка пайдаланылат. Алабынан Сары-Челек көлү жана коругу орун алган. Жээгинде Ак-Жол, Кара-Суу, Тегене кыштагы жайгашкан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

*Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. Archived 2013-07-28 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2