Мазмунга өтүү

Сары-Челек

Сары-Челек
координаттары 41°54′ с. ш. 71°57′ в. д.HGЯO
Түрү Тоо көлдөрү
Агып чыккан дарыялар Эльдар суусу
Эң узун жери 7.5 км
Эң жазы жери 2.280 км
Чарасынын аянты 4.92 км²
Орточо тереңдиги 98 м
Эң терең жери 234км м
Суунун көлөмү 78.2 км³
Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1873 м
Сары-Челек Уикиказынада

Сары-ЧелекТоскоол, Тоскоол-Ата, Чаткал тоо кыркасында Ат-Ойнок тоо кыркасында такалган жерде Кожо-Ата, суусунун алабында жайгашкан көл. Аксы районунун аймагында. Деңиз деңгээлинен 1873 м бийиктикте. Узундугу 7,5 км, орточо жазылыгы 650 м (эң жазы жери 2280 м), кууш жери 300 м. Аянты 4,92 км2. Орточо тереңдиги 6789 м (эң терең жери 17890 м). Тереңдиги боюнча Кыргызстанда 2–орунда(Ысык-Көлдөн кийин). Жээги көбүнчө тик, жардуу,булуң-буйткалуу. Суунун тунуктугу 16 м. Сары-Челек жер титирегенде эбегейсиз зор көчкү өрөөндүн таманын бөгөп калышынан пайда болгон. Ошондуктан көлдүн формасы тоо өрөөнүнүн формасын кайталап узатасынан жатат. Көлгө Сары-Челек суусу куюп (чыгымы жайында 1–3 м3/сек, кышында 0,6 м3/сек),андан Тоскоол суусу(Кожата суусунун куймасы)агып чыгат(чыгымы жайында 3–4 м3/сек). Көл түбүндөгү тектон жаракалардан булактар чыгат. Эң жогорку деңгээли майдын аягында, эң төмөнкүсү декабрда байкалат да, экөөнүн айырмасы 40–50 смден ашпайт.

Сары-Челек

Кириш-чыгыш балансынын көлөмү 2 млн м3. Эң жогорку температурасы(19,8°С) августтун аягында, эң төмөнкүсү(0 °С) февралда байкалат. Түбүнөн кошулган жер астындагы суулардын температурасы 5°Сден төмөн түшпөйт. Суусунун үстүнкү бетинен түбүнө карай минералдык туздардын көбөйүшү (200 мг/л-ден 500 мг/л-ге чейин)мүнөздүү. Негизги аниондору: СОз, SО4, катиондору: Са, Мg;

100 м тереңдиктен кийин күкүрттүү суутектин (Н2S)сасык жыты байкалат. Бир литр суудагы минералдуу калдыктардын орточо өлчөмү 280 мг. Көлдү курчаган тоо капталдары палеозойдун акиташ, сланец жана башка чөкмө тектеринен турат. Тоо капталдарында карагай, арча, жаңгак, көк карагай өсөт. Бийик бөлүгүн шалбаа, нивалдык ландшафттар ээлейт.

Көлгө бакма каңылтыр жана ондатра коё берилген. Келгин куштар көп. Аймактын кооздугун, табигый шартынын ар түрдүүлүгүн, байлыгын, дүйнөнүн башка жеринде болбогон өсүмдүктөрдүн, айбанаттардын, алардын чарбалык жана илимий жактан баалуулугун эске алып, бул аймактын табиятын мындан ары сактоо үчүн 1959-ж. Сары-Челек биосфера коругу уюшулган. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]