Чаткал

Википедия дан
Чаткал дарыясы
кырг. Чаткал
Мүнөздөмө
Узундугу 223 км
бассейндин аянты 7 110 км²
Суу чыгымы 122 м³/с
Суу агымы
Башаты Талас Ала-Тоосу
 · Координаттар 41°49′48″ с. ш. 71°02′12″ в. д.HGЯO
Аягы [[Чарвак]]
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Чаткал дарыясы Уикиказынада

Чаткал – түштүк-батыш Теңир-Тоодогу дарыя, Чыйырчыктын сол курамы. Талас Ала-Тоосу менен Чаткал кырка тоосунун туташкан жеринен башталып, Чаткал өрөөнү аркылуу түштүк-батышты карай агат. Узундугу 217 км, алабынын аянты 7110 км2.

Башы Каракулжа аталат. Жогорку бөлүгү тик, терең сай, Кара-Терек суусу куйгандан баштап кенен жайылма аркылуу агат. Терс суусу куйгандан кийин Кумбел тоосун кесип өтүп, кенен өрөөнгө чыгат. Башкы куймалары: Аксуу, Кокуй бел, Авлетим, Терс, Найза (сол), Каракысмак, Бештерек, Чандалаш, Көксуу жана башкалар. Жылдык орточо чыгымы Чарбак кыштакта тушта 122 м3/сек; байкалган эң көпчыгымы 535 м3/сек, азы 26,9 м3/сек. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Кышында тоңот. Алабындагы көлдөрдүн ириси Каратоко (аянты 1,02 км2). Сугатка пайдаланылат. Төмөнкү агымында Чарбак суусундугу курулган. Жээгинде Жаңыба зар, Акташ, Айгыржал кыштактары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]