Дарыя алабы

Википедия дан
Суу топтоо бассейни‎»‎ барагынан багытталды)
Дарыя алабы (Хонгха).

Дарыя алабы, Суу топтоо бассейни — дарыя жана анын куймаларынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Дарыя алабы жер үстүндөгү жана жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, дарыя алабынын өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алынат. Танапташ жаткан дарыя алабынын чеги атмосфералык жаан-чачынды алардын өрөөндөрүнүн капталдарына карай каршы эки багытка бөлгөн суу бөлгүч кырлар аркылуу өтөт. Дарыя алабынын формасы жана аянты суу жыйналуучу жердин географиялык абалы менен рельефине, геологиялык түзүлүшүнө карата ар түрдүү болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:River-stub