Кара Терек
Көрүнүш
Кара Терек
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 23 км |
бассейндин аянты | 157 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Жалал-Абад облусу |
Район | Чаткал району |
Кара Терек – Чаткал районунун аймагы аркылуу аккан суу, Чаткал суусунун сол куймасы.
Чаткал кырка тоосунун түн.-батыш капталынан, Каратерек ашуусуна жакын (3488 м) башталып, кууш өрөөн аркылуу агат. Узундугу 23 км, алабынын аянты 157 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 2600 м. Өрөөнүнүн төрүндө үч ашуу бар: Канышкыя, Акташ ж-а Каратерек. Ашуулар Чаткал өрөөнүн Касансай ж-а Алабука өрөөндөрү м-н байланыштырат. Онго жакын куймасы бар. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,0 м3/сек, эң көбү май – июнда, эң азы февралда байкалат. Өрөөнү жайыт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2