Жерге-Тал
Көрүнүш
Жерге-Тал (о. э Жергетал) — топоним. "Жерге-Тал ылдый жүгүрүп, Энеңдин тизеси жерге бүгүлүп" ( Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 32),— деп, Каныкей Чыйырды менен Семетейди көтөрүп, төркүнүнө качып баратканда Ж.-Т. аркылуу өткөнү айтылат. Географиялык реалияда Кыргызстандагы бир катар жер, суулар" "Жерге-Тал" аталары белгилүү.
Топоним
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жер-суу аталыштары
- Жерге-Тал — Аксы районундагы айыл
- Жерге-Тал — Ак-Талаа районундагы айыл
- Жерге-Тал — Нарын районундагы айыл
- Жерге-Тал — Сузак районундагы айыл
- Жергетал — Алай районундагы айыл.
- Жерге-Тал — Аксы районундагы айыл өкмөтү.
- Жерге-Тал — Нарын районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы.
- Жерге-тал — 1–8-кылымга таандык археологиялык эстелик.
- Жерге-Тал (азыркы аталышы Вахдат) — Жерге-Тал районундагы шаарча.
- Жерге-Тал (азыркы аталышы Лахш) — Тажикстандын мамлекеттик деңгээлдеги району