Мазмунга өтүү

Саякбай Каралаев

Википедия дан
Саякбай Карала уулу
Файл:Sayakbay Karala uulu on 500 som note.jpg
Саякбай Карала уулу кыргыз банкнотунун 500 сомунда
Туулган датасы:

1894 жыл(1894)

Туулган жери:

Ак-Өлөң, Ысык-Көл облусу (Кыргызстан)

Өлгөн датасы:

7 -май 1971(1971-05-07)

Өлгөн жери:

Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

 Орусия империясы
СССР желеги СССР

Ишмердүүлүгү:

акын, манасчы

Жанр:

поэзия, манас

Чыгармаларынын тилдери:

Кыргыз тили

Сыйлыктары:
Эмгек Кызыл Туу ордени«Ардак Белгиси» ордени

Саякбай Карала уулу (1894–1977) — манасчы, жомокчу.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саякбай Каралаев Тоң районунун Ак-Өлөң айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Аскер менен бирдикте Сибирде, Алматыда, Бухарада Советтик бийликти коргогон. 1921-1931-жж. Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча "Манас" эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан.
Манасчылык таланты анын балалык кезинде чоң апасы Дакиштин таасири астында ойгонгон. 1918-жылдан С.Каралаев «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү өз алдынча айта баштаган. 1924-жылы ал белгилүү манасчы Чоюке Өмүров менен жолугуп, бир нече жылдар ичинде андан «Манас» эпосун айтууну үйрөнгөн. С.Каралаев өзүнүн эскерүүлөрүндө белгилүү манасчы Акылбек жөнүндө дагы өзүнүн устаты катары эскерген. 1930-жылдан көрүнүктүү манасчы болуп эсептелген.

1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. «Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2 эсе чоң.

С.Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.

С.Каралаевдин айтуусунда «Эр Төштүк» эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, ал эми 1958-жылы орус тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан. Ал тарабынан жомок, поэма, аңгеме түрүндөгү бир катар оригиналдуу чыгармалар жаралган жана өзүнчө басылып чыккан.

2010-жылдагы 500 сом

1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү.

1939-жылдан Кыргыз ССРинин Эл артисти.

Үч жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, «Ардак белгиси» медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Саякбай Каралаевдин Манас айтуу өзгөчөлүгү тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эркин таңында: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1929. – 34 б.
  • Төштүк: Эпос.– Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 386 б.
  • Каныкейдин жомогу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 108 б.
  • Каныкейдин Тайторуну чапканы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 154 б.
  • Бүркүттөр: Мектеп балдары үчүн. – Ф. Кыргызмамбас, 1952. – 60 б.
  • Канаттуу куштар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 128 б.
  • Унутулгус күндөр: Жети-Суудагы граждандык согуштан эстеликтер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955.–136 б.
  • Эр Төштүк. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 356 б.
  • Делдеш баатыр: Жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 88 б.
  • Канаттуу куштар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 128 б.
  • Томор мерген: Ыр менен жазылган жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмам-бас, 1957. – 75 б.
  • Эстен кетпейт: Проза жана ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 109 б.
  • Эр Төштүк: Баатырдык поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958 – 385 б.
  • Азапты көп көргөн Кубат. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 76 б.
  • Манас: Биринчи бөлүк I китеп, (С.Каралаев, С.Орозбекова, М.Мусулманкулов, ж.б. варианты боюнча). – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 302 б.
  • I том. 1958. – 301 б.
  • II том 1959. – 317 б.
  • Семетей: Манас эпосунун экинчи бөлүгү. 3 китеп. (С.Каралаев, Тоголок Молдо, Ш.Рысмендеевдин варианты боюнча). – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 323 б.
  • Молдо баатыр: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 110 б.
  • Бакытай балбан: Эл жомогунан. – Ф.:Кыргызмамбас, 1961. – 85 б.
  • Карамолдо: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 80 б.
  • Тайтору: Манас эпосунан үзүндү. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 120 б.
  • Бүркүт жөнүндө аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 44 б.
  • Тулпарлар. – Ф.: Мектеп, 1965. – 59 б.
  • Баатырлар, айымдар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 106 б.
  • Унутулгус күндөр: Эстеликтер. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 184 б.
  • Эр Төштүк. – Ф.: Мектеп, 1969. – 331 б.
  • Баатырлар, айымдар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 104 б.
  • Семетейдин балалык чагы. – Ф.: Мектеп, 1970. – 67 б.
  • Тулпарлар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 58 б.
  • Тулпарлар: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 60 б.
  • Каныкейдин Тайторуну чапканы: «Манас» эпосунан. – Ф.: Мектеп, 1986. –76 б.
  • Манас: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 264 б.
  • Семетей: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 286 б.
  • Баатырлар: Эпостон үзүндүлөр. – Ф.: Мектеп, 1988. – 56 б.
  • Манас: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 264 б.
  • Семетей: Эпос. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 286 б.
  • Тайтору: Семетей эпосунан, 4- басылышы. – Б. Шам, 1995. – 40 б.
  • Тулпарлар: Ырлар. 4-басылышы. – Б.: Шам, 1995. – 60 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эр Тоштук. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 210 с.
  • Золотой звонок. – М.: Детгиз, 1959. – 94 с.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]