Поэзия

Википедия дан

Поэзия (гр.- жаратамын, чыгарамын).
1. Байыркы заманда жалпы эле көркөм адабият, сөз өнөрү поэзия деп аталат. Көркөм кара сөз (проза) түзүлгөндөн кийин, поэзия деген термин ыр менен жазылган чыгармаларды гана билгизип калды.
2. Көркөм адабияттын прозалык чыгармалардан айырмаланып, ыр түзүлүшүнө негизделип жазылган түрү. Элдик эпос, лирика, ыр түрүндөгү драмалык чыгармалардын баары поэзияга кирет. Кыргыз элинин поэзиясы өтө узак мезгилдерден бери эпосто, поэмада, ырда өнүгүп келген. Ырга мүнөздүү көрүнүштөр ыргак, муун, муунак, уйкаштык, строфа – поэзия чыгармаларын жаратуунун негизги касиети. Поэзия эне тилибизде массалык маалымат каражаттарын (көбүнчө газета-журналдардын), туруктуу иштеген китеп басмасынын, дагы башка саясий, маданий, таалим-тарбия очокторунун ачылышы кыргыз поэзиясынын кадыресе адабий формада үзгүлтүксүз өрчүй башташын шарттады.

3. Улуттук басма сөзүбүздүн туңгучтары “Эркин тоо”, ”Ленинчил жаш”газеталары , “Коммунист”, “Дыйкан”, ”Жаны маданият жолунда” журналдары биринчи сандарынан баштап ыр түрүндөгү материалдарды көп жарыялаган, алардын дээрлик баары, айрыкча газеталары анда-санда гана бир ыры жок чыкпаса, калган учурларда ырдан өксүгөн эмес. 1925-1929чу жылдар аралыгында биздин прессада жарыяланган ар кыл ырлардын жалпы көлөмү чоң эки томго барабар. Ал эми “Жаны маданият жолунда” журналынын 1928-1929чу жылдары чыккан 9-санында 43 ыр, 4 ырлар цикли жарыяланган. “Эркин - Тоонун” чыгышы менен гана акындык өнөргө умтулгандардын, ал газетанын алгачкы сандарына ырлары жарыяланган жаштардын арасынын көп өтпөй. А. Токомбаев (1904-1988), М. Токомбаев(1905-1971), М. Элебаев(1905-1944), Ж. Жагырчиев(1906-1944), Б. Кененсариев(1896-1964) алдыга сурулуп чыккан. Булардан бир аз кийинчерээк мезгилдүү басма сөз беттеринде жаңы калемгерлердин дагы бир тобу көрүнө баштаган. Алардын чыгаандары Жоомарт Бөкөнбаев (1910-1944), Жусуп Турусбеков (1910-1943), Кубанычбек Маликов(1911-1978) болгон.

4 1925-1929чу жылдары жаңыдан өнүгө баштаган басма поэзиябыздын чыгармаларынын төрт гана жыйнак жарык көргөн: “Камым ырларынын жыйнагы”(1925), “Кызыл гүл”(1927), “Аял айнеги” (1929).

5 Бул мезгилде жаралган поэзиялык чыгармалар бүт бойдон ошо кездеги мезгилдүү басма сөздө жарыяланган. Демек, алар газета-журналдардын күндөлүк муктажтарына, талаптарына ылайыкталып жазылган. Ошон үчүн алардын басымдуу көпчүлүгү Совет бийлиги жыл сайын белгилей баштаган майрамдарга жана башка атактуу күндөргө, Советтер Союзундагы жана чет өлкөлөрдөгү маанилүү саясий окуяларга, республиканын коомдук турмушунда оркоюп көрүнгөн фактыларга жана көрүнүштөргө арналган. Натыйжада ал ырлар газета-журналдык башка материалдардан мазмундук элементтери жагынан анча айырмаланган эмес, тактап айтканда, поэзия формасындагы публицистикалык чакан макалдар же кабарлар, учурдагы саясаттын тикелей жаңырыктары, актуалдуу өкмөттүк ураандардын ырга салынып айтылган түрлөрү сыяктуу эле болгон.

6 Согуш мезгилинде көп улутту совет адабиятынын башкы темасы – согуш темасы болду. Кыргыз жазуучулардын чакан ырлардан тартып поэмаларга, очерк, публицистикаларга чейин үзгүлтүксүз жазышып, жоокерлерди эрдикке, ар-намыстуулукка, тылдагы эмгекчилерди эмгекке, чыдамдуулука үндөштү. А. Токомбаевдин “Алкоо”. М. Э лебаевдин “Улуу марш”, К. Маликовдун “Канга кан”, Ж. Бөкөнбаевдин “Кагылайын тууган жер”, ”Чабуул” ыр китепчелери жазылган.

7 Согуш мезгилинде жазылган айрым поэмалардан байкалган дагы бир нерсе – бул алардын элдик оозеки поэзиянын салтыны өтө жакын болгондогу: Т. Умөталиев “Эң кыйын кимиси?”, Ж. Бөкөнбаев “Чептен элдин күчү бек” атту чакан поэмаларын элдик сюжеттерин негизинде жазышып, душманга каршы күрөшүү үчүн темирдей бек ынтымактын, биримдиктин зарыл экендигин көркөм элес аркылуу жеткирүүгө аракеттеништи.

8 Согуш мезгилиндеги ырлар жалпы жонунан үгүт-насаат, чакырык, үндөө түрүндө жараган. Ошентип, согуштан кийинки он-он беш жылда кыргыз поэзиясы өзүнчө бир тарыхый, саясий идеологиялык маданий шарттарга жараша өнүгүп отурду. Бул жолдо жоготтулар да, табылгалар да болду. Улуттук поэзиябыздын тажрыйбасы байыды, салттарына жаңы салттар кошулду