Тоң району

Википедия дан
Тоң району
Герб
Герб
Өлкө

Кыргызстан

Статусу

областык район

Областка карайт

Ысык-Көл областы

Районго карайт

9 айыл өкмөтү, 30 айыл

Административдик борбор

Бөкөнбаев

Калкы

49 130 адам[1]

Улуттук курамы

кыргыздар — 98,0%
орустар — 1,7%[1]

Диний курамы

ислам, христиан

Тууралыгы

42.112486

Узундук

76.987037

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+6

Автоунаа номурунун коду

I,IK

Тоң району — облустун батыш бөлүгүндөгү административдик район болуп, 1936-жылы уюшулган. (1963-ж. Жети-Өгүз районуна кошулуп, 1965-жылы кайра бөлүнгөн). Түндүк-батышынан Кемин, батышынан Кочкор, түштүк батышынан Тянь-Шань чыгышынан, түштүк-чыгышынан Жети-Өгүз райондору менен чектешет. Тоң районунун борбору — Бөкөнбаев айылы. Бул районго тиешелүү 30 га жакын айыл бар. Райондун аймагын Тескей Ала-Тоо экиге болот.

Тоң району жана Ысык-Көл (2018).

Түндүгү өрөөндүү келип, бардык айдоо аянты жайгашкан. Түштүк жагы — Сырт, малга жайыт катары пайдаланылат. Жеринин бети жээк, мында Кызыл-Too, Кара-Сай, Боз-Чап, Чункурчак, Тастар-Ата, Тегерек, Дувана тоолору жана Коңур-өлөң-Ала-Баш, Жер-Уй, Бар-Булак, Кажы-Саз өрөөндөрү жатат. Кен байлыктарынан көмүр (Соготту көмур кени), курулуш материалдары, арашан булактар (Тоң минералдуу суусу). Райондун суулары: Тоң, Ак-Сай, Ак-Терек, Туура-Суу, Сыртта-Балгарт (куймалары-Жылуу-Суу, Буркан, Кызыл-Суу, Айкөл, Арчалы жана башкалар).

Аймактын көп жеринде карышкыр, түлкү, суур кездешет. Ысык-Көлдө суучул куштардан куу, ак кытан, жапайы ордок жана башкалар кыштайт. Райондун аймагында Ысык-Көл мамлекеттик коругунун чоң бөлүгү жайгашкан. Райондун эл чарбасынын негизин айыл чарбасы, көмүр өнөр жайы жана электр-техникалык машина куруу түзөт. Негизги тармагы — уян, чала уян жүндүү кой чарбасы жана дыйканчылык.

Өнөр жай ишканаларынан Борбордук шахтасы, Кажы-Сай нан заводу, Кажы-Сай электр-техникасы, Ак-Сай тоң май чыгаруучу, Ак-Сай бетон, Тоң балык өстүрүү заводдору, райондук автотранспорт ишканалары иштеп келген. Райондо 30дан ашык жалпы билим берүүчү мектептер, мектептен тышкары мекемелер, кесиптик техникалык окуу жайлары ошондой эле борбордук китепкана анын бөлүмдөрү, райондук жана айылдык маданият үйлөрүндө канча деген кызматкерлер үзүрлүү эмгектенишип келе жатышат.

Курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондо 9 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 30 айыл бар[2]:

Эскертүү: Балыкчы - Ысык-Көл облусунун облустук маанидеги шаары, Орто-Токой шаар тибиндеги посёлогу Балыкчы шаарынын курамына киргизилген.


Маалымат каяктан алган[түзөтүү | булагын түзөтүү]