Кара-Коо
Айыл
Кара-Коо
|
Кара-Коо — Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы айыл. Ак-Терек айыл аймагынын административдик борбору.
Ысык-Көлдөн 5 км түштүк тарапта .Боз-Чөл жана Тегерек тоолорунун ортосунда, Бар-Булак-Жөкөтөй өрөөнүнүн чыгыш жагында жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 58 км чыгышта, Тоң райондун административдик борбору — Бөкөнбаев айылынан 33 км батыш тарабында жайгашкан.
Айыл аркылуу Бишкек-Каракол унаа жолу өтөт.
Калк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы — 4058 адам.
Инфратүзүм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түтүн саны 800-850 .Айылда 1 орто мектеп (Рашит Жангазиев,окуучулардын саны 800), оорукана, үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобу, 2 дарыкана, айыл өкмөтүнүн үйү, маданият үйү, клуб, 2 китепкана, спорт комплекси, аймактык милиция бөлүмү, почта бөлүмү жана көптөгөн дүкөндөр бар.
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кара-Коо айылынын узундугу 3143 метр. Туурасы 450дөн 1170 метрге чейин жетет. Аянты калк отурукташкан бөлүгү 3021метр ² же 300 гектар. Унаа жолунун жалпы узундугу 33.7 км (айыл ичиндеги ),анын 4 км ине таш төшөлгөн (асфалтталган).
Айылга жакынкы аралыкта Бар-Булак минералдык суусу (түндүк-батыш тарапта,көл жээгине 300 метр жетпейт,айылдан 6.4км алыстык да) жана Туз-Көл (түндүк-чыгыш тарапта,көл жээгине 500 метр жетпейт) бар.
Климаты-мээлүүн. Январдын орточо температурасы -3.7°С, июлдун орточо температурасы 17.9°С. Жаан-чачын 120-150мм ,күндүн ачык тийүүсү 220-250 күн. Кышында кар аз өлчөмдө жаайт.
Алагоз Каба урук тукумдары жашайт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2016. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9