Мазмунга өтүү

Кажы-Сай

Википедия — ачык энциклопедия
("Кажы-Сай, Тоң району‎"‎ барагынан багытталды)
Айыл
Кажы-Сай
РайонКыргызстан
ОблусЫсык-Көл облусу
Координаттар42°08′27″ с. ш. 77°11′01″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1947
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы4222[1] адам (2009)
ЭтнохоронимКажы-Сайлык
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996 3941
Почта индекси722452
Кажы-Сай (Кыргызстан)

Кажы-СайКыргызстандын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы айыл. Кажы-Сай айыл аймагына кирет.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде (2 км), Балыкчы―Каракол унаа жолунун боюнда, Кажы-Сай өндүрүндө деңиз деңгээлинен 1700 м бийикте жайгашкан. Шаарча жайгашкан өндүр кооз, ал жерден туристтик маршрут өтөт. Райондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 17 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 115 км. Сөгөттү көмүр кенин казууда негизделген. Негизинен кыргыз, орус, ошондой эле казак, өзбек, уйгур, дуңган ж. б. жашайт. Борбордук шахтасы (жергиликтүү мааниге ээ), электр-техникалык заводу (күч берүүчү жарым өткөргүч өзгөргүчтөрдү, тиричиликке керектүү плиталарды ж. б. чыгарат) бар.

Айылда А. С. Пушкин атындыгы орто мектеп, музыкалык мектеп, 2 мектепке чейинки балдар мекемеси, 2 китепкана, оорукана, дарыканалар, почта, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине арналган аллея, клуб, Эдельвейс атындагы спорттук зал, мечит, сыйынуу үйү, дүкөндөр, кафелер, конок үйлөрү бар. Медициналык-санитардык мекемелер, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Келечекте курорт катары өнүктүрүлүп, эс алууга ылайыкташтырылган мекемелерди куруу пландаштырылууда. Кажы-Сайга жакын жерден күрөң көмүр, айнектик кум жана жошо чыгат.

Калкы ― 4222 киши (2009-жылы)[1].

  1. 1 2 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]