Бөкөнбаев кыштагы
Jump to navigation
Jump to search
Айыл
Бөкөнбаев
Боконбаево
|
Бөкөнбаев кыштагы – Тоң районунун жана Күнчыгыш айыл өкмөтүнүн борбору, кыштак. 1912-жылы негизделген. Ысык-Көлдүн түшүгүндө Балыкчы–Каракол автомобиль жолунун боюнда Балыкчы темир жол бекетинен 88 км аралыкта жайгашкан. Калкы 10870 (2001); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенишет. Үч орто мектеп, музыка жана спорт мектептери, кесиптик-техникалык окуу жайы, маданият үйү, оорукана,бейтапкана, китепкана, бала бакча жана калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө мекемелери жана башкалар бар. Кыштак белгилүү акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин урматына аталган. 1944-ж. чейин Кольцовка деп аталган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз улуттук энциклопедиясы