Мазмунга өтүү

Орто-Токой (Балыкчы)

Википедия — ачык энциклопедия
("Орто-Токой, Ысык-Көл облусу‎"‎ барагынан багытталды)
Шаар тибиндеги посёлок
Орто-Токой
ӨлкөКыргызстан
ОблусЫсык-Көл облусу
Координаттар42°20′31″ с. ш. 76°01′17″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы491[1] адам (2021)
Сандык идентификаторлор
Орто-Токой (Балыкчы) (Кыргызстан)

Орто-ТокойКыргызстандын Ысык-Көл облусундагы шаар тибиндеги посёлок (1947–2012-ж. чейин шаарча). Балыкчы шаарына караштуу. 1947-ж. Орто-Токой суу сактагычын курууда пайда болгон. Чүй дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 20 км Түштүк-батыш тарапта. Калкы - 491 киши (2021)[1], негизинен суу сактагычты тейлөөдө эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, медпункт бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт. Кыштакка жакын жерде Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. 1 2 Численность населения областей, районов, городов,поселков городского типа, айылных аймаков и айылов (сел) Кыргызской Республики (по данным айыл окмоту на начало 2021г.)