Жети-Өгүз району
| |||
Өлкө | |||
---|---|---|---|
Статусу |
областык район | ||
Областка карайт | |||
Районго карайт |
13 айыл өкмөтү, 51 айыл | ||
Административдик борбор | |||
Калкы |
82 085 адам[1] | ||
Улуттук курамы |
кыргыздар — 91,2% | ||
Диний курамы | |||
Тууралыгы |
42.515638 | ||
Узундук |
78.532676 | ||
Убакыт аралыгы | |||
Автоунаа номурунун коду |
I,IK | ||
Жети-Өгүз району ― Кыргызстандын түндүк-чыгышындагы Ысык Көл Дубанынын (Облусунун) аймагы (району). Борбору Кызыл Сууда жайгашкан. Анын аянты 14,499 чарчы чакырым, ал эми туруктуу калкы 2009 жылы 82,085 кишини түзгөн. Дубан Тескей Ала Тоо Кыркаларынын чыгыш четинде турат.
Географиясы[оңдоо | булагын оңдоо]
1930-жылдары уюшулуп, 1963-жылдары Тоң районуна кошулуп, 1965-жылы кайра бөлүнгөн. Чыгышынан Ак-Суу, батышынан Тоң, түштүк батышынан Нарын облусу, түштүк чыгышынан Кытай Элдик Республикасы менен чектешип турат. Райондо 13 айыл кеңеши, 51 айыл бар. Райондун борбору - Кызыл-Суу айылы. Райондун аймагы тоолуу келип, негизги тоо тармактары:
Тескей Ала-Тоо (Ит-Тиш чокусу, 4808 м), Ак-Шыйрак тоо тоому тизмеги (5200 м). Негизги үрөөндөрү: Ысык-Көл өрөөнү, Жогорку Нарын өрөөнү (Кара-Сай, Тарагай), Үч-Кол-Сары-Чат өрөөнү, Ак-Шыйрак өрөөнү, Үзөнгү-Кууш өрөөнү ж. б.
Тескей Ала-Тоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында Сырт жатат.
Кен байлыктар: калай, алтын, вольфрам, коргошун, графит, минералдуу жылуу булактар, курулуш материалдары ж. б. Райондун чарбасынын негизги тармагы айыл чарбасы.
Оргочор асыл тукум мамлекеттик заводу, Жети-Өгүз мал бордоо чарбасы, мөмө-жемиш питомниктери үзүрлүү эмгектенишип келишкен. Айыл чарбасынын дүң продуктусунун 64,2%ын мал чарбасы берет.
Райондун экономикалык негизги бөлүгөн айыл чарбасы түзгөндүктөн көп дыйкан чарбалары, биргелешкен кооперативдер, фермердик чарбалар түзүлүп иштеп жатат.
Курамы[оңдоо | булагын оңдоо]
Райондо 13 айыл аймагы бар[2]:
- Ак-Дөбө айыл аймагы: Мундуз (борбору), Ак-Дөбө, Аң-Өстөн, Тилекмат;
- Ак-Шыйрак айыл аймагы: Ак-Шыйрак (борбору), Культцентр, Ыштык;
- Барскоон айыл аймагы: Барскоон (борбору), Каракол, Кара-Сай, Сөөк;
- Даркан айыл аймагы: Даркан (борбору);
- Жаргылчак айыл аймагы: Ак-Терек (борбору), Жеңиш, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак;
- Жети-Өгүз айыл аймагы: Жети-Өгүз (борбору), Ак-Кочкор, Желе-Дөбө, Жети-Өгүз (курорт), Кабак, Талды-Булак, Чырак;
- Ырдык айыл аймагы: Алкым (борбору), Жон-Булак, Комсомольское, Конкино, Ырдык;
- Липенка айыл аймагы: Липенка (борбору), Богатыровка, Зеленый Гай, Ичке-Булуң;
- Оргочор айыл аймагы: Оргочор (борбору), Боз-Бешик, Кургак-Айрык, Подгорное;
- Кызыл-Суу айыл аймагы: Кызыл-Суу (борбору), Жалгыз-Өрүк, Кайнар, Покровка Пристаны;
- Алдашев айыл аймагы: Саруу (борбору), Жууку, Ысык-Көл;
- Светлая Поляна айыл аймагы: Светлая Поляна (борбору), Чоң-Кызыл-Суу;
- Тамга айыл аймагы: Тамга (борбору), Тосор;

Маалымат каяктан алган[оңдоо | булагын оңдоо]
Райондору | Ак-Суу • Түп • Тоң • Ысык-Көл • Жети-Өгүз | ![]() |
---|---|---|
Областтын карамагындагы шаарлар | Каракол • Балыкчы • Чолпон-Ата |
![]() | ||
---|---|---|
Баткен облусу | Баткен · Кадамжай · Лейлек | ![]() |
Жалал-Абад облусу | Аксы · Ала-Бука · Базар-Коргон · Ноокен · Сузак · Тогуз-Торо · Токтогул · Чаткал | |
Нарын облусу | Ак-Талаа · Ат-Башы · Жумгал · Кочкор · Нарын | |
Ош облусу | Алай · Араван · Кара-Кулжа · Кара-Суу · Ноокат · Өзгөн · Чоң-Алай | |
Талас облусу | Бакай-Ата · Кара-Буура · Манас · Талас | |
Чүй облусу | Аламүдүн · Жайыл · Кемин · Москва · Панфилов · Сокулук · Чүй · Ысык-Ата | |
Ысык-Көл облусу | Ак-Суу · Жети-Өгүз · Тоң · Түп · Ысык-Көл |
![]() |
Бул макаланын даярдамы Кыргызстандын географиясы жөнүндө. Сиз аны толуктап, долбоорго жардам бере аласыз. |