Жогорку Нарын өрөөнү

Википедия дан

Жогорку нарын өрөөнү - Ички Теңир-Тоодо. Чоң Нарын суусунун алабынан орун алган. Жети-Өгүз жана Нарын райондорунун аймагында. Өрөөн кеңдик багытта 130 км узундукка созулат, туурасы 20 км. Түндүгүнөн Жетим кырка тоосу, Тескей Ала-Тоо, чыгышынан Ак-Шыйрак кырка тоосу, түштүгүнөн жана түштүк-чыгышынан Нарын кырка тоосу, Улан, Чакыр-Корум, Борколдой тоолору курчап жатат. Өрөөндүн таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 2600–3600 м. Аны курчап жаткан тоолор салыштырмалуу 1000–1300 м көтөрүңкү. Батыш жагы анча кенен эмес, бара-бара кууштап, Кашка-Суу жана Төлөк суулары Чоң Нарынга куйган аймакта Чоң Нарын капчыгайына өтөт. Ортоңку бөлүгү кенен, туурасы айрым жерде 25 кмге чейин жетет. Чыгышын Кыргоо жана Кызыл-Эшменин байыркы морена кырлары Тарагай өрөөнүнө жана Кара-Сай өрөөнүнө бөлөт. Тарагайдын башы Ара-Бел – Кум-Төр өрөөнү деп аталат. Өрөөндүн батыш жана ортоңку бөлүктөрүндө Каракол, Чакыр-Корум, Улан сууларынын майда өрөөндөрү бар. Төмөнкү (батыш) бөлүгүндөгү тоо капталдары майда кокту-колоттуу келип, өрөөндүн таманына тик түшөт. Таманы тектирлүү. Айрым жерлерде кеңдик багытында жаткан анча бийик эмес кырлар, дөбөлөр менен алмашат. Өрөөндүн таманы (батышында) негизинен төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектеринен жана неогендин кум-шагылдарынан турат. Каптал беттери төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит жана башка интрузия тектеринен туруп, кеңдик багытында кеткен тектон. жаракалар менен тилмеленген. Климаты кескин континенттик, январдын орточо температурасы –19°С, июлдуку 9°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм. Өрөөндө альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафттары басымдуу, айрым тик беттерде алар субнивалдык жылаңач чөлдөр менен алмашат. Тоо кырларына нивалдык-гляциалдык ландшафт мүнөздүү. Жайыт. Өрөөндө Каракол, Кара-Сай жана башка кыштоолор бар. Барскон – Ак-Шыйрак автомобиль жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1