Тамга, Жети-Өгүз району
Jump to navigation
Jump to search
Тамга, Жети-Өгүз району – Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы кыштак. Тамга айыл аймагына караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүгүндө, Тескей Ала-Тоонун этегиндеги жантайыңкы түздүктө, Тамга суусунун он өйүзүндө, Бишкек – Каракол автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1687 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 39 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 148 км. Калкы 3120 (2010); негизинен мал асырап, тоют даярдайт. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, оорукана, дарыкана, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары жана «Тамга» санаторийи иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры И. Илипбаев туулган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
Ак-Дөбө • Мундуз • Аң-Өстөн • Тилекмат | ![]() | |
Ак-Шыйрак | ||
Барскон • Каракол | ||
Даркан | ||
Ак-Терек • Жеңиш • Чоң-Жаргылчак • Кичи-Жаргылчак | ||
Жети-Өгүз • Ак-Кочкор • Желе-Дөбө • Жети-Өгүз • Кабак • Талды-Булак • Чырак | ||
Ырдык • Балтабай • Жон-Булак • Кытай • Конкино | ||
Липенка • Богатыровка • Зеленый Гай • Ичке-Булун | ||
Оргочор • Боз-Бешик • Кургак-Айрык | ||
Кызыл-Суу • Жалгыз-Өрүк • Кайнар • Покровская | ||
Саруу • Жууку • Иссык-Көл | ||
Светлая Поляна • Чоң-Кызыл-Суу | ||
Тамга • Тосор |