Мазмунга өтүү

Барскоон

Айыл
Барскоон
Өлкө Кыргызстан
Координаттар 42°09′20″ с. ш. 77°36′19″ в. д.HGЯO
Башчысы Асанов Бакыт
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген VII кылым, Тамим Ибн Бахр
Мурунку аталышы Барсхан, Барсган, Барсаган, Фарсхан, Барскаган, Барскан
Борборунун бийиктиги 1712 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 9020[1] адам (2020)
Улуттук курамы кыргыздар, казактар, татарлар, дунгандар, калмактар ж.б.
Диний курамы ислам, христиан, теңирчилик, атеизм, агностицизм
Сандык идентификаторлор
Почта индекси 722005
Барскоон (Кыргызстан)

БарскоонКыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу айыл, ушул эле аталыштагы айыл аймагынын аты. Айыл аймагына Караколка, Сөөк, Кара-Сай айылдары кирет.

Барсхан, Барсган, Барсаган, Фарсхан, Барскаган - тарыхый топоним. Анын келип чыгышына байланышкан түрдүү тарыхый жазмаларда, оозеки чыгармаларда уламыштар, окуялар сакталып калган.

  • «Барсаган»- Афрасиабдын уулу салдырган шаар анын ысымынан коюлган. Махмуд Кашгари - "Түрк тилдер сөздүгү".
  • «Фарсхан» - перс тарыхчысы Абу Саид Гардизинин жазмаларына таянган версия боюнча Персиядан келген куруучуларга фарстардын колго түшкөн ханы курдурган, ошондон улам Фарсхан, кийин Барскан аталып кеткен.
  • «Коондор барс жарылды», «барс коон» - уламыш боюнча бул аймактар качандыр бир кезде ысык, жалаң коон-дарбыздар баш болгон түрдүү мөмө-жемиштер өскөн жер болот. Көз жоосун алган коондорду баскынчылар кылыч менен жара чаап өтүп, барс жарылган коондорго кумарлары канып, жыргашкан экен. Ошондон улам бара-бара бул аймак «Барскоон шаары» аталып калган деп айтылат.
  • «Барскаган» - дагы бир башка маалымат булактарында шаарды VIII кылымдын башында Эне-Сайдагы Кыргыз кагандыгынын башкаруучусу Барсбек каган менен да байланыштырып келишет.
  • «Түрктүн уулу Барсхан» - 9-11-кылымда аталган жерлерде чигилдер жашаган. Тоораттагы Нух пайгамбардын уулу Яфеттин эки уулуна байланышкан түрк уламыштарына ылайык, анын бирөөсүнүн - Түрктүн Тутель, Барсхан жана Илак аттуу перзенттери болгон экен. Алардан чигил, барскан жана илактар (Ангрен өрөөнүндө жашагандар) тараган делет. Кээ бир окумуштуулардын айтымында бул уламышта Барскоондун жана анын аймагын мекендеген чигилдердин эскертилиши бекеринен эмес деп эсептешет.

Барскоон айылы райондун батыш тарабынан, Ысык-Көлдүн түштүгүнөн, Тескей Ала-Тоонун этегинен орун алган. Райондун борбору Кызыл-Суудан 45 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол станциясынан 147 км чыгышта, деңиз деңгээлинен 1712 метр бийиктикте жайгашкан.

Барскоон капчыгайы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Барскоон капчыгайы

Тескей Ала-Тоонун суу бөлгүч тилкесинен Ысык-Көлдүн түштүк жээгине чейин 60 км аралыкка созулуп жаткан ири капчыгайлардын бири. Деңиз деңгээлинен 1608– 3500 м бийикте. Капчыгай протерозой жана палеозойдун кристаллдык тектеринен (гранит, сланец, гранит-диорит ж.б. антропогендик чөкмө тектеринен, төмөнкү бөлүгү болсо, көл жээгиндеги аллювий-пролювий чөкмөлөрүнөн турат. Капталдары тик (60-70° чейин) жана бийик (2 кмге чейин); таманы төр жагында кууш (150-300 м).

Генезистик тиби боюнча көп бөлүгү кууш эрозиялык капчыгай, жогорку жагы төр тибинде. Капчыгай неогендин акырында (плиоцендин 2-жарымы) жана антропoгенде (плейстоценде) пайда болгон. Рельефи боюнча 3 бөлүктөн турат. Жогорку бөлүгү бийик тоолуу аймакка туура келет, байыркы жана азыркы мөңгүлөр өөрчүгөн, төр, тепши сымал өрөөндөр, аска, төө карын(морена) жана башка морфоскульптуралар мүнөздүү; ортоңку бөлүгү орто бийиктиктеги жана жапыз тоолор зонасында; эрозий-денудациялык морфоскульптуралар(негизинен 1 кмге чейин терең капчыгайлар); куюлма шагылдар ж.б. мүнөздүү; кооз шаркыратмалар бар; төмөнкү бөлүгү көл жээгиндеги түздүккө туура келет (капчыгайдын оозунан көлгө чейин ); aллювий, пролювий шиленди конусу ээлейт; дарыя нугунун түбү жайык (500–600 мге чейин); капталдары тик. Капчыгай аркылуу Барскоон суусу агып өтөт. Климаты мелүүн континенттик; кышы суук, жайы салкын, январдын орточо темпеоатурасы - 5 - 8°С, июль айыныкы +12 - 17°С. Жылдык жаан чачыны 350 – 600 мм. Капчыгайда жалпы аянты 0,48 чарчы кмге жеткен чакан көлдөр бар. Көл жээгиндеги түздүккө кургак талаа, тоо этегине шалбаалуу талаа, орто бийиктиктеги тоолорго карагай-бадалдуу токой, бийик тоолуу бөлүгүнө субальп, альп шалбаасы жана бийик тоолуу тундра ландшафттары мүнөздүү. Токой чарбасы, жайлоо-кыштоолору бар. Ал жайкы жана кышкы жайыт үчүн пайдаланылат. Капчыгай аркылуу Жогорку-Нарын, Ак-Шыйрак сырттарына жана Кумтөргө баруучу автoмобиль жолу өтөт. Аймакта туризм спорту жакшы өнүккөн.

Барскоон ашуусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тескей Ала-Тоонун борбордук бөлүгүндө, Барскоон суусу менен Ара-Бел ойдуңунун башында, деңиз деңгээлинен 3756 м бийиктикте жайгашкан. Байыркы өрөөн тибинде мөңгүлөр калеодондун гранит тектерин жеп, алардын үбөлөнүүсүнөн улам пайда болгон. Айланасында 4386-4512 метр бийиктиктеги чокулар, азыркы мөңгүлөр бар. Түндүк капталы тик жана кыска, түштүк капталы жалгыз жана айдөш, акырындык менен сыртка өтөт. Республика үчүн ашуунун чарбачылыкта мааниси чоң. Ал Ички Тянь-Шандын сырттарын Ысык-Көл өрөөнү, Кумтөр кени менен байланыштырып турат. Ашуу илгертеден эле эл аралык жол катнашы болуп эсептелет. Азыр ал аркылуу авто-жол жана жогорку чыңалууданы электр чубалгысы өтөт.

Барскоон колтугу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Барскоон айылынан 3,5 км алыстыктагы булуңча. Узундугу 1 км, туурасы оозунда 0,9 км, тереңдиги 50 м, ага Барскоон суусу куят. Батыш жээги жантайыңкы, чыгышы тик, түндүк жана түштүк-батыш жээктеринде кумдуу жазы тилке жатат. Төрүнөн 200 м аралыкта галоценде көлдүн деңгээли көтөрүлгөндө пайда болгон шилендилер кезигет. Булуңчанын таманы чөкмө(кум, алевролит, чополуу илээшкек) тектерден туруп, көл тарапты карай жантайып турат.

Барскоон суусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жети-Өгүз районундагы чоң суулардын бири. Узундугу 62 км, алабынын аянты 352 чарчы км. Тескей Ала-Тоосунун орто бөлүгүндөгү Кереге-Таш ашуусунан(3684 метр) башталып, Ысык-Көлгө куят. Ал эми жай айларында Барскоон жана Тамга айыл аймактарынын сугат аянттарына пайдаланылат. Жалпы узундугу 100 кмге жеткен 49 куймасы бар. Анын ирилери болуп Дүңгүрмө, Шаркырак, Ат-Жайлоо, Жан-Коргон, Кереге-Таш жана башка суулар эсептелет. Алабында жалпы аянт 0,48 чарчы км келген 9 көл бар. Алабынын жалпы аянтынын 10%тин мөңгүлөр ээлеп жатат. Суу май айынан баштап кирип, сентябрь айында барып тартылат. Жылдык орточо чыгымы секундасына 4,07 метр кубду; эң көбү секундасына 55,8 метр кубду, эң азы секундасына 0,11 метр кубду түзөт. Суунун күн чыгыш жак капталында Барскоон айылы жайгашкан.

Барскоон шаркыратмасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Барскоон суусунун алабында жайгашкан, туризмдин очогу болгон кооз шаркыратма. Андан ар кандай бийиктиктеги 3 шаркыратма агып түшүп турат. Биринчи шаркыратма Барскоон өрөөнүнүн батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусунун ортоңку агымындагы карбондук сланец тегинен түзүлгөн тик кашаттан түшүп, диаметри 10-15 мге чейин фонтан сымал чачырап турат. Айланасына карагай токою, чытырман бадалдар(четин, тал, ит мурун, табылгы, шилби, чычырканак), жапалак арчалар өсөт. Экинчи шаркыратманын бийиктиги 24 метр. Чоң шаркыратмадан 150 метр төмөн бийиктиктен 12 метр келген кашатта үчүнчү шаркыратма агып түшөт. Негизинен Барскоон шаркыратмасы туристтер, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу жай болуп эсептелет. Анда 1962-жылы дүйнөнүн туңгуч космонавты Юрий Алексеевич Гагарин, кийин калган космонавттар болушкан. Мында алгач чоң таштын бетине түшүрүлгөн бюст, кийин учкуч-космонавттын элеси түшүрүлгөн эстелик тургузулган. 1975-жылы шаркыратмалар табият эстелиги катары мамлекеттик коргоого алынган.

Барскоондун өзүндө учурда 9020 адам жашайт[1]. 9 миңден ашуун айылдан чыккан кулундар республиканын булуң-бурчтарында жашап, эмгектенишет.

19892018 жылдар арасындагы калктын улуттук курамы:
1989-жылга карата саны % 1999-жылга карата саны % 2009-жылга карата саны % 2019-жылга карата саны %
Жалпы 3900 100,00 % 4000 100,00 % 6012 100,00 % 8873 100,00 %
Кыргыздар 141841 22,88 % 398000 52,21 % 552957 66,16 % 763 826 74,36 %
Казактар 345387 55,72 % 252831 33,17 % 192080 22,98 % 165 029 16,07 %
Орустар 10977 1,77 % 13143 1,72 % 13380 1,60 % 15 983 1,56 %
Татарлар 10390 1,68 % 12393 1,63 % 11801 1,41 % 13 990 1,36 %
Дунгандар 10043 1,62 % 12710 1,67 % 12014 1,44 % 12 423 1,21 %

Белгилүү инсандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуу Ата Мекендик согушка, оорук жумуштарына катышкан 400гө жакын барскоондуктардын 121и СССРдин орден-медалдары менен сыйланышкан. Тынчтык мезгилинде өзү туулуп-өскөн кичи мекенине барандуу эмгек өтөп, Ленин ордени менен сыйланган: Токтокан Сартова, Абдылда Карасартов, Шайымбүбү Бобоева, Султан Кыдыбаев, Эмгек Кызыл Туу жана "Ардак Белгиси", Октябрь Революциясы ордендери менен сыйланган: Сатар Өмүралиев, И.Сулайманов, А.Касаболотова, Такен Келгенбаев, А.Досмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болгон: Сайра Байгубатова, Ысхак Малаев, Ильяс Касендеев,Асан Сооромбаев, Т.Исакова,1992-93-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болгон Турсунбек Чыңгышев, министрлер: Ысхак Малаев,  : Ильяс Касендеев, Мустафа Кидибаев, Талант Узакбаев, Чыңгыз Узакбаев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер: Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын 1-орун басары, элчи Мукун Асейинов, элчи Тилектеш Ишемкулов, М.Акынбаева, К.Төлөгөнов, Сылый Деркембаева, Акылбек Дүйшөмбиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Муканбет Токтобаев; "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер": Мухамбет Алыбаев, Алымкул Мамбетакунов, Тилектеш Ишемкулов, Каныбек Эдилбаев, Токтомуш Турдумамбетов, Т.Шамырова; эстрада ырчысы Жылдыз Осмоналиева, акын-жазуучулар: Эсен Чылабаев, С.Калемалиев, Р.Калдаманов, Кубан Мамбетов; илимдин докторлору, профессорлор жана академиктер: Асейин Исмаилов, Кусейин Исмаилов, Мустафа Кидибаев, Мухамеди Кутуев, Э.И.Исмаилова, Ж.К.Орозобекова, М.Исмаилов, В.М.Касымова, Ш.Соодамбеков; ардагерлер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Абакир Рысов; Ж.Сарыкеев, Мукаш Айтбаев, Ү.Стамбеков баштаган 31 илимдин кандидаты, "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн" 32 отличниктери, "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" Озуйпа Үсөнбаева, "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер" Кадыр Жумаев ж.б бар.

Орто кылымдагы бул шаар Барскоон суусунун чатына жакын жерден, оң өйүзүнөн, орун алган. Шаарчептен, мунарадан жана мунаранын тегерегиндеги кенен аянттан турган экен. Кийин черээк чарба жумуштарынын айынан толугу менен талкаланып жок болгон.Тек кийингана археологдор казуу иштерин жүргүзүүдө коломтолору бар бөлмөлөрдү, чарбалык оролорду, чоподон, таштан, жаны барлардын сөөгүнөн ж. б. Материалдардан жасалган буюмдарды табышкан. Бул материалдар VIII-XIII кылымдарга таандык. Шаар тууралуу жогорудагы тарыхый булактардан башка булактарда да биртоп жолу эскерилет. Мисалы,Абдусаид Гардизи “Зайн ал Акбар” (“Кабарлардын көркү”) деген чыгармасында Барсхан шаары 6000 куралдуу аскер береаларын белгилеген. Шаардын жайгашкан орду стратегиялык жактан өтө ыңгайлуу, ал жерден Жибек Жолунун негизги тармагы өткөн. Андан сырткары,шаар Барскоон капчыгайынын оозуна жакын жайгашып, капчыгайга кирип-чыккандарды, ошондой эле, Ысык-Көлдүн жээги аркылуу өтүүчү жолдорду көзөмөлдөп тургандыктан,шаар четинен билинбей өтүү мүмкүн эмес эле. Гардизидагы мындай дейт: “Барсхандыноң жагында экитооашуусу бар”.Балким, ал булл жолду айтуу менен Кытай жергесине Улуу Жибек Жолу аркылуу өтүүчү ашууну эске алган чыгаар. Ал – бүгүнкү күндө Кумтөр кенине алып барчу жол. Бирок, Кытайга жол толук жабылган.

Абдусаид Гардизинин “Зайнал-ахбар” аттуу тарыхыйчыгармасында шаардын пайда болушу тууралуу уламыш жазылып калган. Уламыштадүйнө жүзүнсогуш менен ээлепкеле жаткан Зулпкайнар (Александр Македонский китептеушун-дайчааталат) б. з. ч. 329-324-жылдар аралыгында Перс мамлекетине кол салып, жеңиш менен кайтат. Бирок, Зулпкайнардын вазирлери арабдардын өтө акылдуу, көрөгөч,билимдүү, согуш жүргүзүү тактикасын мыкты билген адамдардан экенин айтышат. Ошондо, Басып алуучу каратыпалган аймактын аттуу-баштуу адамдарынын уулдарын чогултуп,туткундап, өзү менен кошо Кытай аркылуу Индияга ала кетмекчи болот. Бирок, Ысык-Көлдүн жээгиндеги Барскоон капчыгайынын оозуна келгенде, чалгынчылар ашуудан өтүү.

Барскоон жана Махмуд Кашгари

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Махмуд Кашгаринин борборунда Барскан шаары белгиленген картасы.

XI кылымда Борбор Азиядан чыккан окумуштуу-филолог, түрколог, тарыхчы, географ, этнограф жана энциклопедист. Барскан шаарында төрөлүп, дүйнөлүк ири атак-даңкка ушул жерден башат алат Атасы Хусейин ибн Мухаммед ибн Юсуф дагы Барскан шаарынын (анда Барскан шаарына жакын жайгашкан бир катар шаарлар баш ийип турган) башчысы-эмири кызматын аркалаган. Махмуд Кашгари(Барскани) адегенде Кашгар шаарынан (ошондуктан Кашгари - кашкарлык аталып калган) кийин Бухара, Самарканд, Нишапур, Багдад шаарларында билим алган. Махмуд Кашгаринин 1072-74-жылдары жазган бир гана түрк дүйнөсү үчүн эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн баалуу "Диван лугати-ат-түрк" деген эмгегине ("Түрк тилдеринин сөздүгү") тиркеме катары Орто Азия менен Чыгыш Түркстанга бир канча жолу жасаган саякатынын жана сурамжылап жыйнаган маалыматтарынын негизинде түзүлгөн карта берилген. Анын борбор бөлүгүн Теңир-Тоо (Тянь-Шань) ээлеп, Орто Азия жана Чыгыш Түркстан ж.б. өлкөлөр курчап турат. Теңир-Тоонун борбор бөлүгүнө Ысык-Көлдү бүтүндөй өрөөнү менен жайгаштырып, Барскан шаары ааламдын борбору катары көрсөтүлгөн. Ал картанын түзүлүшү жарым шар формасына туура келет. Орто кылымдагы чыгыш карталарынан көп элементтердин берилиши жана мазмуну жагынан айырмалуу. Маселен, анда Жер шарынын борбору Орто Азияга, тагыраак айтканда Ысык-Көлдүн Барскан шаар аралыгына туура келет. Ал учурда араб карталарында Жер шарынын борбору Мекке менен Медина жайгашкан жерлер көрсөтүлчү.

Барскоон жана "Манас" эпосу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жакып агасы Байдан Нескара алты миң кол менен Манас аттуу баланы издеп келе жатканын угуп, Балта карыяны Жети-Суу, Ала-Тоого кабарга жөнөтөт. Балта тынымсыз алты күн жүрүп, Иле суусун кесип Барскан, Дарканда жашагандарга болгон окуяны кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 1. 192). Манас кан шайланганда кандыктын ээлигине кирген аймак катары айтылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]