Жумаев Мамасали

Википедия дан

Жумаев Мамасали 1926-жылы Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган.

  • 15-16 жашында колхоздо учетчик, бригадир болуп иштейт.
  • 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, Воронеж областынын Островский шаарында атчандар кавалериясында кызмат кылат.
  • 1945-жылкы Улуу жеңиштен кийин, Япон согушуна жөнөтүлөт.
  • Ыраакы Чыгышта 5 жыл кызмат кылып 1950-жылы айылына келген.

Согуштан кийинки жылдары айылдагы колхоздо, андан кийин совхоздо жетекчилик кызматтарда эмгектенип, 4 уул 5 кызды өстүрүп чоңойтуп, азыркы учурда 33 неберенин, 30 чеберенин сүйүктүү чоң атасы.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3