Протерозой заманы
Протерозой заманы, протерозой (грекче proteros – эң алгачкы zoe – тиричилик) – кембрийге чейинки мезгилдин үстүнкү бөлүгү; ар түрдүү даражада метаморфизмделген байыркы тоо тектер комплекси.
Терминди 1888-жылы америкалык геолог Э. Эммонс киргизген. Протерозой заманы, мындан 2,5 млрд жыл мурда башталып, узактыгы 1965 млн жылга созулган. Протерозой заманы астынкы (2500 млн жыл мурун башталып 1600 млн жыл мурун аяктаган), ортонку (1600–900 млн жыл) жана үстүнкү (900–570 млн жыл) болуп бөлүнөт. Жалпы кабыл алынган схемасы жок. КМШда протерозойдуң үстүнкү бөлүгү рифей (синий) деп аталат. Протерозой заманынын тоо тек катмарларында микрофоссилиялар (бактерия, цианобактерия, балырлар), макрофлоранын калдыктары жана омурткасыз жаныбарлардын издери кездешет. Климаты ар түрдүү. Кендерден темир, марганец кен таштары, кобальт, хром, полиметаллдар, уран, алмаз, алтын кен катмарлары бар. Протерозой заманынын тоо тектери Кыргызстанда Нарын кырка тоосунда (Чоң Нарын комплекси), Талас Ала-Тоосунда, Көөлүү ж. б. жерлерде кездешип, темирдин (жетим сериясы), алтындын, молибдендин таштары бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9