Балырлар

Википедия дан
Балырлар.
Ulva lactuca.

Балырлар (лат. Algae) - көбүнчө сууда жашоочу, негизги вегетативдик органдары (жалбырак, сабак жана тамырлары) болбогон, жарыкта көмүр кычкыл газын сиңирүүгө жөндөмдүү (хлорофиллдин болушу менен) төмөнкү түзүлүштүү фототрофтук өсүмдүк.

Булар микроскоптук бир клеткалуу, колониалдуу, көп клеткалуу, клеткасыз (сифондук), ошондой эле жөнөкөй жип же пластинкалардан турган татаал түзүлүштүү талломдуу (кээде уз. 50-60 м) өсүмдүктөр. Түрдүүчө формадагы клеткаларды кармайт (көбүнчө жашыл Б-дагы десмидиялар катары).

Көптөгөн Б. жогорку өсүмдүктөр сыяктуу, протопласт цитоплазмага жана ядрого диференциацияланган. Бир гана көк жашыл Б-да типтүү ядро жок.

Көпчүлүк убакытта клеткаларда ядролор бирден, кээде андан да көп болушат. Ядро дайыма клетканы бүт каптаган цитоплазмада жайгашат. Клеткаларда атайын клеткалык суюктуктар менен толгон боштуктар болуп, алар вакуолдор деп аталат.

Протопласт көпчүлүк убакытта клеткалык чел кабык менен капталган. Бирок Б-дын жылаңач клеткалар болот. Мындайлар – амеба сыяктуу клеткалуу, «флагеллаттык» түзүлүштүү (эвгленалар, перидениялар) Б. Аларда цитоплазманын сырткы катмары тыгыздашып, перипласт менен капталат.

Клеткалык чел кабык көбүнчө клетчаткадан (целлюлоза), кээде башка заттардан, айрыкча, пектин затынан турат.

Клеткаларды атайын былжырлар да каптайт. Алар кээде жеке-жеке клеткаларды каптаса, кээде бүтүн көп клеткалуу жиптерди курчап, колонияларды түзүшөт.

Б-дын эң мүнөздүү элементи – пигменттерди кармоочу хроматофорлор. Ал Б-дагы негизги органоид. Жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөрдөн айырмаланышып, Б-дын хроматофорлору формалары, түзүлүштөрү жана клеткаларда жайгашуулары боюнча (борбордо, четте) түрдүүчө, алар негизги систематикалык белгилер. Хроматофорлор хлорофиллди кармаган пластиддер деген түшүнүктүн өзгөчө учуру – фотосинтез процессин ишке ашырат. Алар клеткаларда бир же бир нече.

Б. вегетативдик, жыныссыз, жынысташуу жана коньюгациялык жолдору менен көбөйүшөт.

Азыркы учурда Жер шарында Б-дын 50 миңден ашык түрлөрү белгилүү. Алардын 25 миңи КМШнын флорасына тиешелүү. Борбордук Азиянын флорасында анын 4 миңден ашыгы, ал эми Кыргызстанда 1 миңге жакын түрлөр кездешет. Б. суу өсүмдүгү деген түшүнүк так эмес. Биринчиден, сууда жашаган бардык эле өсүмдүктөр Б. эмес. Анда башка да жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөр жашайт. Экинчиден, көптөгөн Б. кургакта да кездешет. Бирок бардык шартта (топуракта, дарактардын боорунда, аскада) булардын жашоосу суу менен тыгыз байланышкан. Өзгөчө көбөйүү процесстери суусуз өтпөйт.

Алар түзүлүшүнө, көбөйүшүнө, өрчүү процесстеринин өзгөчөлүктөрүнө жараша: көк жашыл, кызыл, жашыл, хара, сары жашыл, алтын түстүү, эвглена, динофита, диатом, күрөң балырлар типтерине ажырайт. Аталган бардык типтеги Б. (күрөң Б-дан башкасы) Кыргызстандын шартында кездешет.

Алар дарыя, булак, көлдөр, көлмөлөр, топурак жана башка экология шартта кездешет. Алар фотосинтездин натыйжасында орг. эмес заттардан (суу, көмүр кычкыл газынан) орг. заттарды (глюкоза, крахмал) пайда кылып, кычкылтекти бөлүп чыгарат. Булар тоют, тамак-аш, дары-дармектер катарында кеңири колдонулат (өзгөчө Чыгыш өлкөлөрүндө) жана булганыч сууларды, абаны тазалоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]