Пигменттер

Википедия дан
Danio rerio.

Пигменттер — организмдин ткандарындагы боёлгон зат.

Ал организмдин тиричилик процессине, айрыкча фотобиологиялык процесске катышат. Кеңири тараган Пигменттерге — порфирин жана каротиноиддер кирет.

Порфирин жашыл өсүмдүктөрдүн хлорофиллинин, фотосинтездүүчү бактериялардын бактериохлорофиллинин, жаныбарлардын дем алуу Пигменттеринин (гемоглобин, миоглобин жана башкалар) составына кирет.

Организмде составында темир порфириндүү комплекс — геми бар цитохромдор кеңири тараган. Жаныбар жана кишинин көрүү органында көрүү пигменти бар. Гемоглобин жана башкалар кан Пигменттери кычкылтекти дем алуу органынан ткандарга жеткирет. Пигменттер организмди күндөн ультракызгылткөк нурунун таасиринен сактайт.

Киши организминде Пигменттердин айлануусу бузулганда зат алмашуунун ар кандай продуктулары чогулуп, кээ бир оорулардын пайда болушу мүмкүн. Бул боор ооруларында, витамин жетишсиздигинде, дене температурасы көпкө көтөрүлгөндө, ууланууда, аддиссон оорусунда же кан ооруларынын кабылдоосунда байкалат. Пигмент алмашуу бузулганда пигменттүү тактар пайда болот.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8