Гемоглобин

Википедия дан
Гемоглобинанын молекуласы: 4 глобина субъединицити түрдү түскө боёолгон

Гемоглобин (байыркы грек. αἷμα — кан жана лат. globus — шар) — кандын дем алдыргыч пигменти (боёочу зат). Кычкылтек жана башка газдар менен оңой ажыроочу бирикмелерди пайда кылуучу татаал белок бирикме.

Гемоглобин кычкылтекти өпкөдөн организмдин ткандарына ташыйт жана көмүр кычкыл газды ткандардан өпкөгө ташыйт. Ал кишинин, омурткалуу жана кээ бир омурткасыз жаныбарлардын кызыл кан денечелери — эритроцитинде болуп, ага кызыл түс берет.

Гемоглобин өпкөдө кычкылтек менен биригип оксигемоглобинди түзөт. Кычкылтек менен каныккан кан ачык кызыл түстө болот (артерия каны). Оксигемоглобин капиллярлар аркылуу өткөндө гемоглобинге жана кычкылтекке ажырап кычкылтек тканга сиңет. Бул учурда кан күңүрт кызыл түскө келет (вена каны).

Кишинин канында гемоглобиндин саны туруктуу, бирок кээ бир ооруларда өзгөрүшү мүмкүн. Канда гемоглобиндин азайышы (Аз кандуулук) тамак-ашта витаминдер, минерал туздардын жетишсиздигинде, кан ооруларында, зыяндуу шишиктерде, кан көп кеткенде болот. Ошондуктан кандагы гемоглобиндин санын аныктоо диагностикалык максат үчүн медициналык практикада кеңири колдонулат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8