Палеозой заманы

Википедия дан

Палеозой заманы, палеозой (байыркы грек тилинде πᾰλαιός... жана ζωή – тиричилик) – жер кыртышын түзгөн катмарлардын стратигр. шкаласынын бир эратемасы жана Жердин геологиялык тарыхынын ага дал келген заманы. Ал протерозой заманынан кийин, мезозой заманынан мурда, тактап айтканда мындан 535±1 млн жыл мурда башталып, 251 ±3 млн жылдай созулганы радиометриялык ыкманын негизинде аныкталган. Терминди 1837-ж. англисче геологиялык А. Сежвик киргизген. Палеозой заманы 6 мезгилге (системага); кембрий, ордовик, силур, девон, карбон (таш көмүр) жана пермге бөлүнөт. Соңку протерозой мезгилинде жүргөн байкал бүктөлүүсүнөн калыптанган платформалар менен геосинклиналь облустары Палеозой заманынын аягына чейин жалпы турпатын сактаган. Ирилери: Чыгыш Европа платформасы, Сибирь платформасы, Кытай-Корей платформасы, Туштүк Кытай платформасы, Түндүк Америка платформасы, Бразилия платформасы, Африка платформасы, Австралия платформасы жана Инди платформасы. Тектон. тынч абалдагы бул аймактарды мезгил-мезгили менен тайыз деңиздер каптап турган. Ал деңиздерде ар түрдүү чөкмөлөрдүн жука катмарлары топтолуп, платформалардын жабуусу калыптанган. Калыңдыгы көпчүлүк бөлүгүндө бирдей келген бул жабууну түзгөн чөкмө катмарлары дээрлик горизонталдык багытта жайгашат. Платформалардын чет жактарында, айрыкча четки ойдуңдарда чектеш кырка тоолордон тоо тек сыныктарынын ташылып келишинен чөкмө калын топтолгон. Мындай жерлердин айрымдарында көмүрлүү калың катмар (РФтин аймагындагы Донбасс, Печора бассейндери, АКШнын аймагындагы Аппалачи кени), башкаларында туздуу жана кызыл түстүү формациялар топтолгон. Геосинклиналдык облустар өтө кыймылдуулугу жана жыш тилмеленген рельефи менен айырмаланып турган. Жаракалар боюнча жер кыртышынын айрым блоктору жылышкан, жанар тоо тектери, кремнийлүү тектер жана тоо тек сыныктары аралашып, калың топтолгон. Палеозой заманында тоо пайда болуунун эки ири доору – каледон бүктөлүүсү (Улуу Британия жана Шпицберген аралы, Скандинавия жарым аралы, Казакстандын басымдуу бөлүгү, Түндүк Теңир-Тоо ж. б.) жана герцин бүктөлүүсу (Борбордук Европа, Урал, Аппалачи тоолору ж. б.) жүргөн. Замандын 1-жарымында ири материк массивдери – түштүк жарым шардагы платформаларды бириктирген Гондвана, түндүк жарым шарда Сибиръ платформасын жана ага чектеш тоо кырчоолорун кучагына алган Ангарида ири материктери болгон. Гондвананын чет-жакасын гана дениздин тайыз суусу каптагандыктан, басымдуу бөлүгүндө континенттик, айрым доорлордо мөңгү чөкмөлөрү топтолгон. Соңку ордовик, таш көмүр жана пермь мезгилдериндеги муз каптоонун издери Африкада табылган. Ушул эле жаштагы тиллиттер Түштүк Америка, Түштүк Африка, Австралия жана Индия аймактарынан табылган. Палеозой заманында органикалык дүйнө чоң өзгөрүүгө учурап, замандын башында жөнөкөй түзүлүштөгү өсүмдүктөр жоголуп, жыгач сымал папоротниктер жана плаундар көбөйгөн. Деңиздери түрдүү жаныбарларга (коралл, балыр, деңиз жылдыздары, офиур, моллюска, ийне терилүүлөр ж. б.) бай келип, замандын аягында көптөгөн кургакта жашоочулар (курт-кумурска, сойлоочулар ж. б.) пайда болгон. Палеозой заманынын чөкмө тоо тек катмарларында нефть, таш көмүр, күйүүчү сланец, фосфорит, туз, жездүү кумдук ж. б. кендер бар. Интрузия тоо тектери менен көптөгөн кенташ кендери байланыштуу. Палеозой заманынын тоо тектери Кыргызстанда кенири тараган, анда алтын, жез, коргошун, цинк, калай, хром, темир ж. б-дын кендери бар. Палеозой заманынын тоо тектери (акиташ, доломит, мрамор) курулушта кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]