Ордовик мезгили
Ордовик мезгили – палеозой заманынын экинчи мезгили. Уэльстин аймагында жашаган байыркы кельт уруулары ордовиктердин атынан аталган. Аны англиялык геолог Ч. Ландорс бөлгөн (1879). Мезгил 500 млн жыл мурда башталып, узактыгы 60 млн жылга созулган. Өз алдынча система катары 1960-ж. кабыл алынган. Ордовик мезгилинде пайда болгон тоо тектер 3 бөлүмгө, 6 яруска ажыратылат. Ордовик мезгилинде материктер бүктөлүүлөргө дуушар болуп, геосинклиналдар жана түздүктөрдөгү чуңкурлар тайыз деңиздерге айланган. Тоо тектерди палеомагниттик изилдөөнүн негизинде палеозойдун көпчүлүк мезгилинде Түндүк Америка экватор зонасында жайгашканы аныкталган. Казылып алынган организмдер жана кеңири тараган акиташ тектери Ордовик мезгилинде жылуу жана тайыз деңиздердин өкүм сүргөнүн айгинелейт. Австралия түштүк уюлдун жанында, ал эми Түндүк-Батыш Африка уюлдун айланасында орун алган. Аны Африкадагы ордовиктин тектеринде кездешкен байыркы муз каптоонун издери тастыктайт. Ортонку Ордовик мезгилинде деңиздер эң көп аянтты каптап, андан удаа алар кайра тартыла баштаган. Аларда аки таштардын жана чополуу сланецтердин калың катмарлары (500 мге чейин) орун алган. Платформалар менен геосинклиналдардын ортосундагы зоналарга чөкмөлөрдүн калыңдыгы 3500 мге жетип, аки таш теги менен катар терриген чөкмөлөрү дагы пайда болгон. Геосинклиналдардагы чөкмөлөрдүн калыңдыгы 10 миң мге жеткен. Бул зоналарда жанар тоолор атылып, терриген чөкмөлөрү менен катар лава жана туфтардын калың катмарлары, ошондой эле кремнийлүү тоо тектер топтолгон. Ордовиктин аягында Түндүк Американын аймагынын 70%и, ошондой эле Австралиянын жана Түштүк Американын борбордук бөлүгү деңиздер менен чулганып, тектоникалык кыймылдардын негизинде материктердин көтөрүлүшү жана деңиз регрессиялары болуп турган. Жер-жерлер менен кембрий жана ордовиктин түпкү тоо тектери жыйылып, тоолордун өсүшүнө алып келген. Бул байыркы орогенездин мезгили каледон бүктөлүшү деген ат менен белгилүү. Ордовик мезгилинде органикалык дүйнө кембрий мезгилине караганда бир кыйла бай жана ар түрдүү боло баштаган. Кембрий мезгилинин омурткасыз жаныбарлары Ордовик мезгилинде да өөрчүгөн. Негизинен бактериялар басымдуу болуп, түрдүү балырлар кеңири тараган. Споралуу өсүмдүктөрдүн түрлөрү, трактолиттер өтө көбөйгөн. Деңиздерде омурткасыздардын бардык тиби жашаган. Мындан тышкары шурулар (кораллдар), пелециподдор (эки жаактуу моллюскалар), балык курттары (мшанкалар) жана алгачкы омурткалуулар (балык сымал) пайда болгон. Кен байлыктардан Ордовик мезгилине нефть (АКШ), күйүүчү сланец (Эстония), фосфорит (Сибирь платформасы, Казакстан), түрдүү курулуш таштары мүнөздүү. Ордовик мезгилинин интрузияларында, геосинклиналдын жанартоо – кремний чөкмөлөрүндө темир менен марганецтин, түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдардын кендери бар. Кыргызстандын аймагында Ордовик мезгили Түндүк Теңир-Тоо жанар тоо – чөкмө тек жана акиташ теги түрүндө кезигет. Ортоңку Теңир-Тоо системасынын астынкы бөлүгү акиташ, кремнийлүү жана терриген тоо тектеринен, ортонку жана үстүнкү бөлүгү негизинен кремнийлүү жана терриген тоо тектеринен турат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7