Кембрий мезгили

Википедия дан
Pikaia gracilens.

Кембрий мезгили (системасы) – палеозой заманынын башталышындагы мезгил. 1835-жылы англиялык геолог А. Сэжвик өзүнчө мезгилге бөлгөн. Улуу Британиядагы Уэльс аймагынын латынча эски аты (Камбрия) менен атаган. Мезгил мындан 570 млн жыл мурда, венд комплексинен кийин башталып, ордовик мезгилине чейин созулган (70 млн жыл). Тоо тек катмары астынкы, ортоңку, үстүнкү болуп, 3 бөлүмдөн турат.

Кембрийдин башталышында жер бетинин көпчүлүк бөлүгүн деңиз суусу каптап, фаунага бай чөкмөлөр (акиташ) калың катмарга айланган. Кызыл түстү терригендүү акиташтар, туздар орун алган. Мезгилдин орто ченинде жана аягында суу тартылып, лагуна чөкмөлөрү пайда болгон. Мурдагы тектоникалык түзүлүштөр (байыркы платформалар, байкал бүктөлүү циклинен келип чыккан геосинклиналдуу аймактар) мезгилдин ортосунда өзгөрүүгө дуушар болгон. Геосинклиналдуу аймактардан чөкмө тектер, эффузивдер, интрузиялар, платформалардан анчалык чоң эмес диабаздар орун алган. Мезгилдин башталышында скелеттүү организмдер: археоциаттар, гастроподдор, радиолярийлер, былпылдыктар, брахиоподдор, хиолиттер, кийинчерээк трилобиттер, остракодалар, пелециподдор бардык жерге тараган. Мезгилдин аягында трилобиттер, балырлар басымдуулук кылган. Кембрийдеги тоо тектер дүйнө жүзүнүн бардык бөлүгүндө (Урал, Кавказ, Казакстан, Орто Азия жана башка) кеңири тараган. Фосфорит (Казакстан, Моңголия, Кытай), туз (Сибирь платформасы, Индия), нефть (Иркут облусу Балтика бою), коргошун (Түндүк Африка), марганец (Кузнецк Ала-Тоосу), ванадий (Кыргызстан, Казакстан) кендери кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]