Кузнецк Ала-Тоосу

Википедия дан
Кузнецк Ала-Тоосу.

Кузнецк Ала-Тоосу — Сибирдин түштүгүндөгү тоолуу аймак; Кузнецк жана Минуса (Миң-Суу) ойдуңдарынын аралыгында жайгашкан. Узундугу 300 кмдей. Бийиктиги 2178 мге чейин. Акиташ теги, кварцит, кремнийлүү жана чополуу сланецтерден туруп, аларды көптөгөн гранит интрузиялары ж. б. жиреп чыккан. Кен байлыктары: темир, марганец, алтын, хром, боксит ж. б. Өтө тилмеленген жапыз жана орто бийик тоо массивдеринен турат. Тоо тайгасы (көк карагай, карагай, бал карагай) басымдуу. Деңиз деңгээлинен 1300—1500 мден өйдө мамык чөп-эңилчектүү, бадалдуу жана таштуу тундра мүнөздүү. Шагылдар менен капталган, жылаңач аскалуу беттер да кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]