Силур мезгили

Википедия дан
Силур мезгили.

Силур мезгили (системасы), силур - палеозой заманынын 3-геологиялык мезгили.

Жер кыртышындагы тоо тек катмарынын палеозой тобундагы ордовик системасынан кийин девон системасынан мурда турат.

1835-ж. геолог Р. Мурчисон Улуу Британиянын (Уэльстин) аймагында өз алдынча системага 1-жолу бөлүп, жерг. силур уруусунун аты менен атаган.

Силур мезгили 440 млн жыл мурда башталып, узактыгы 30 млн жылча созулган. Адегенде Силур мезгили эки бөлүмгө - башталышы ордовик, аягы силур же готланд деп ажыратылган.

Кийин, 1960-ж. Копенгагенде өткөн Эл аралык геологиялык конгресстин 21-сессиясында ордовик (к. Ордовик мезгили) өз алдынча мезгил (система) катары бөлүнгөн. Азыркы кезде Силур мезгили 2 бөлүм, 4 яруска ажыратылат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.