Геологиялык мезгил

Википедия дан
Геологиялык мезгил.

Геологиялык мезгилгеологиялык системаны түзүүчү тоо тек катмарларынын пайда болушуна кеткен убакыт бирдиги. Геологиялык замандын бир бөлүгүн түзүп, бир нече геологиялык доорго бөлүнөт. Геологиялык мезгилдин узактыгы ар түрдүү. Мисалы, кембрийде 70, силурда 30, девондо 60, палеогенде 42 млн жыл, ал эми антропоген мезгилинин узактыгы 600 миң 3,5 млн жыл деп эсептелет. Геологиялык мезгилдин аты геологиялык системанын аты менен бирдей аталат (мисалы, силур системасы, силур мезгили ж. б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]