Геологиялык система

Википедия дан

Геологиялык система – бир геологиялык мезгилдин ичинде пайда болгон тоо тек катмарлары; жалпы стратиграфиялык шкаланын экинчи катардагы бирдиги. Ал ташка айланган жандыктардын (фауна) тукум же уруулары, өсүмдүктөрдүн (флора) уруу же түрлөрүнүн бүт таралышы менен мүнөздөлөт. Геологиялык система геологиялык бөлүмгө (2 же 3) жана геологиялык ярустарга бөлүнүп, бир нече Геологиялык система бир геологиялык топко бириктирилет. Геологиялык системанын аттары жана алардын көлөмдөрү 1881-ж. Эл аралык геологиялык конгресстин 2-сессиясында кабыл алынып, кийин толукталган. Азыр кембрий, ордовик, силур, девон, ташкөмүр (карбон), пермь, триас, юра, бор, палеоген, неоген, антропоген сыяктуу Геологиялык системалар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]