Пермь мезгили

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Dimetrodon & Eryops.

Пермь мезгили (системасы), пермь – Жердин геологиялык өнүгүү тарыхындагы палеозой заманынын алтынчы (акыркы) мезгили. Радиометриялык ыкманын негизинде 295±5 млн жыл мурда башталып, 44 млн жылдай созулганы аныкталган. Карбон (таш көмүр) мезгилинен кийин, мезозой заманынын триас мезгилинен мурда болгон. 1841-ж. англис геологу Р. И. Мурчисон Пермь мезгилинин тоо тек катмарларын Уралда жана Орус түздүгүндө бөлүп, мурунку Пермь губерниясынын (азыркы Пермь облусунун) аты менен атаган. Пермь мезгилинин тоо тек катмарлары жалпысынан астынкы жана үстүнкү болуп 2 бөлүккө бөлүнөт. Жалпы кабыл алынган ярустарга бөлүнгөн стратигр. схемасы жок. Ар кайсы өлкөдө өзүнчө жиктөөлөр колдонулат. Пермь мезгилинде герцин бүктөлүшүнүн акыркы фазасына байланыштуу ургаалдуу тектоникалык кыймылдар активдүү жүрүп, жанартоолор атылып, ири тоо системалары жаралган, көп аймакта деңиз суулары тартылган. Айрыкча Урал – Теңир-Тоо, Герцин, Аппалач геосинклиналдуу зоналары ургаалдуу кыймылда болгон. Пермь мезгилинин климатында зоналуулук ачык байкалып, кургакчылыгы менен айырмаланган. Натыйжада туздуу жана кызыл түстүү чөкмө тектердин катмарлары кеңири аймакта топтолгон. Пермь мезгилинде ысык жана кургак климат үстөмдүк кылган. Жаныбарлардын палеозой заманында жашаган айрым түрлөрү (кораллдар, трилобиттер ж. б.) кырылып калган. Балык курттар, моллюскалар, деңиз муунак буттуулар, деңиз лилиясы, омуртка-кемирчектүү акула сымал балыктар, фораминиферлер, брахиоподдор жана ийне терилүүлөр (мшанкалар) менен курт-кумурска кеңири тараган. Мезгилдин аягында сойлоочулар пайда болгон. Өсүмдүктөрдөн саговниктер, муунак сабактуулар, папоротниктер, жыланач уруктуулар жана ийне жалбырактуулар өнүккөн.

Пермь мезгилинин тоо тек катмарлары негизинен Уралдын батыш капталында, Орус жана Сибирь платформаларында, Кавказ, Орто Азия, Казакстан ж. б. жерлерде тараган. Кыргызстанда Пермь мезгилинин тоо тектери эки бөлүккө ажыратылат. Астынкы бөлүктүн катмалары Фергана - Какшаал бүктөлүү аймагында (Алай, Түркстан, Фергана кырка тоосунун чыгыш жагы), Ортонку Теңир-Тоодо (Жаман-Дабан, Байбиче, Нарын тоолору) жана Чаткал – Курама бүктөлүү аймагында (Чаткал, Бозбу-Тоо) деңиз чөкмөлөрүнөн, ал эми үстүнкү бөлүктүн катмарлары континенттик кызыл түстүү жана эффузия тектеринен (Кыргыз Ала-Тоосу, Түндүк Фергана, Кара-Чатыр тоосу) турат. Мезгилдин тоо тек катмарларында көмүр, нефть менен газ, таш жана калий туздары бар. Жез, фосфорит кендери да белгилүү. Бүктөлүү аймактардагы (Урал, Казакстан, Тенир-Тоо) Пермь мезгилинин тоо тек катмарларын жиреп чыккан интрузияларда тарам жана контакт кен таштарынын көп кени топтолгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]