Триас мезгили

Википедия дан
Триас мезгили.

Триас мезгили (системасы), триас (гр. trias - үчилтик) - Жердин геологиялык гарыхындагы мезозой заманынын эң алгачкы мезгили жана ошол мезгилде пайда болгон тоо тек кабаттарынын геологиялык системасы. 251±3 млн жыл мурда башталып, 51 млн жылга созулганы радиометриялык ыкманын негизинде аныкталган. Үч бөлүмдөн - үстүнкү, ортонку жана астынкы триастан турат.

1834-ж. Бельгия илимпозу Омалиус д’Аллуа Европанын борбордук бөлүгүнөн үч комплексти (ар түстүү кумдук, үлүлдүү аки таш теги, ар түстүү мергель кабаттары) бириктирип, «кейпер чөгүндүсү» атаса, аны 1934-ж. немис илимпозу Ф. Альберти «триас» деп атаган. Триас мезгилине (системасына) чейин бардык материктер биригип, Пангея суперконтинентин түзүп турган. Триас мезгилинин башталышында Батыш Европа, Азия (Урал, Теңир-Тоо, Моңгол - Охота бүктөлүү аймагы), Түндүк Америка жана Чыгыш Авсгралиядагы герцин геосинклиналдык структуралары жаш платформаларга айланган. Алар Түндүк жарым шарда өтө зор Лавразияга биригип, Түштүк жарым шарда Гондвана континентин түзгөн. Аларды Тетис деңизи бөлүп турган. Триас мезгилинин (с-нын) аягында бардык геосинклиналдарды жана платформалардын айрым бөлүктөрүн дениз суусу каптаган. Платформаларда көбүнчө континенттик (пролювий, агынды, көл, лагуна, эол ж. б.) чөкмөлөр, негиздүү лава жана жанартоо тектери кеңири топтолгон. Жер Ортолук деңиз геосинклиналь кырчоосунда карбонат тектери басымдуулук кылат. Триас мезгилинин (с-нын) 2-жарымында Ортонку Европада гипстүү кумдук, чопо; Сибирде, Орто Азияда жана Чыгыш Индикытайда, Түштүк Аппалачиде, Чыгыш Австралияда жана Индияда көмүр кабаттары пайда болгон.

Триас мезгилинин (системасынын) 1-жарымында кургак климат өкүм сүрүп, бир нече деңиздер соолуган, натыйжада сакталган деңиздерин туздуулугу жогорулаган. Ал эми 2-жарымында көбүнчө нымдуу климат өкүм сүргөн. Пермь мезгилинин (системасынын) 2-жарымынан тартып Триас мезгилинин (с-нын) аягына чейин палеозой тобунун жандыктары менен өсүмдүктөрү дээрлик өлүп жок болуп, алардын ордуна жаңы түрлөрү пайда боло баштаган. Деңиз жана кургактыктын фауналарынын жаңы түрлөрү, кораллдар, боору менен сойлоп жүрүүчүлөр (алп рептилиялар, архозавр, динозаврлар, плакодонттор), омурткасыз аммоноидер (цератин), пелеципод, гастроподдор, жерде-сууда жашоочулар (белемниттер), алгачкы сүт эмүүчүлөр (жумуртка туучулар жана баштыкчандар), сөөктүү балыктар, деңиз кирписи, таш бакалар өөрчүп өнүккөн. Өсүмдүктөрдөн кадимки папоротниктер, цикадофиттер, ийне жалбырактуулар ж. б. басымдуулук кылган. Триас мезгилинин (с-нын) пайда болгон негизги кен байлыктар - күрөң көмүр, көмүр, нефть, алмаз, уран, жез-никель кен таштары. Триас мезгилнин (с-нын) тоо тек катмарлары Кыргызстанда негизинен Чоң Алай кырка тоосунда, Фергана тоо тизмегинде, Ысык-Көл ойдуңунда, Кабак бүктөлүү аймагында кезигет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4