Ысык-Көл ойдуңу

Википедия дан

Ысык-Көл ойдунуКыргызстандын түндүк-чыгышындагы бийик тоо өрөөнү . Түндүгүнөн Күнгөй (эң бийик жери Чок-Тал чокусу, 4771м), түштүгүнөн Тескей (Каракол чокусу 5216м) Ала тоолору менен чектешет. Таманын Ысык көл ээлейт. Өрөөн кендик боюнча 275 км аралыкта созулуп жатат. Таманынын туурасы 65 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1600–2300 м.

Геоэкологиялык түзүлүшү жагынан өрөөн тектоникалык жаракалар менен та таалданган климаттык ойдуң. Палеоген дебашталган неотектоникалык кыймылдын натыйжасында пайда болгон. Активдүү сейсмдик аймакта. Таманы жана тоо этектери ар кандай борпоң чөкмө тектерден, ал эми айланасындагы кырка тоолор палеозойдун чөкмө, метаморфизм жана магма тоо тектеринен турат. Ойдуңдун борбордук бөлүгүндө жайгашкан Ысык көлдү түздүктөр курчап жатат. Ичке жээк тилкелерин кум каптап, майда жумуру таштар, камдашкан кумдук, саздуу жерлер да кездешет. Түздүктөр көлдүн чыгыштарында Түп, Жыргалаң сууларынын өрөөндөрү боюнча 40–50кмге созулат. Көлдүн түндүк. жээгинде түздүктөрдүн жазылыгы 10 км, батыш жээгинде 10–15 км. Түштүк жээгиндеги түздүктөрдү тоо этегиндеги айрым жалчалар бөлүп турат. Күнгөй жана Тескей Ала-Тоолорунун этектери мезозой-кайнозой чөкмөлөрүнөн түзүлүп, сайаң жана суу өрөөндөрү, капталдары кууш капчыгайлар менен өтө тилмеленген. Батышындагы кууш Боом капчыгайы аркылуу Чүй өрөөнү менен туташат.

Климаттык шарты аркыл. Батыш жагы кургакчыл, улан шамалы мезгили менен согуп турат; жаан -чачын аз жаайт (200 ммге чейин), чыгышы нымдуу (500–600мм). Январдын орточо. температурасы батышта (Балыкчыда) —3,9 °С, түндүктө (Чолпон-Атада) —2,8°С, түштүктө (Тамгада) –2,0°С, чыгышта (Кызыл Октябрда) —8,9 °С, июлдуку ошол эле пункттарда 17,5°С; 16,7°С, 17,2°С, 15,7°С. Көл суусунун таасиринен өрөөндүн кышы мелүүн, жайы салкын. Курчап турган кырка тоолордун өрөөн жак беттеринде жалпы аянты 649 км2 болгон 631 мөңгү бар. Тескей Ала-тоонун борбордук бөлүгү – Каракол, Жетөгүз, Чоң Кызылсуун уналаптарында топтолгон көлгө 118 агын суу куйган. Азыр алардын көбү көлгө жетпей суугатка аралып кетет.

Ири суулары: Жыргалаң (22,0 м3/сек), Түп (10,7 м3/сек), Жууку (6,2 м3/сек) ж. б. Негизинен мөңгү жана кар сууларынан куралат.Ысык Колдун топурагы жана өсүмдүктөрү бийиктик боюнча өзгөрөт. Батыш жагы чөл жан жарым чөл (1608–2200 м бийикте), чыгыш тарабын ошол эле бийи кте талаа ландшафты ээлейт. Топурагы чөлдө бозомук, күңүрт карбонаттуу, өсүмдүктөрү негизинен шыбак, кекире, чий, камгак, терскен ж. б. Каракоңур топурактуу талаа тилкесинде ар түркүн бетеге, аккылкан , шыраалжын, тараб аш ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Батышында талаа тилкеси тоо капталдарында 2000 мден 3000 м бийикке чейин таралган. Чыгышында кара коңур жана кара топурактуу (Чолпон-Ата ж-а Тоң дон чыгышта) талаа тилкеси токой жана шалбаа тилкелери менен алмашып, шалбаа токойлуу талаа зонасын түзөт.

Өсүмдүктөрү: ак шыбак, шыраалжын, бетеге, кызыл кабык, тоо буурчак, каз таңдай ж. б. Токой тилкесинде карагай, четин, чыны карагат, табылгы, ыргай, шилби, арча ж. б. өсөт. 2800– 3100 м бийиктикте каралжын топурактуу, чымдуу субальп тилкесинде түркүн чөп өсүмдүктөрүнө майда бадалдар аралаш өсөт. 3100–3500 м бийиктикте каралжын шалбаа тоо топурактуу жапыс өскөн доңуз сырты, өлөң чөп, бетеге, мамыры, каз таңдай ж. б. басымдуу. Андан жогору кар, мөңгүлүү жалама аска -зоолор ээлейт. Ойдуңдун түзөң жерлери айдоо (буудай, тоют өсүмдүктөрү, картошка ж. б.). Жаныбарларыда аркыл ж-а бийикти өзгөрөт. Батышында коён, түлкү, кемирүүчөлөр кездешет. Бийик тоолордо тоо эчки, илбирс, аркар, аюу ж. б., суучул куш — өрдөк, ак куу, ызгыт, чулдук, көл жээгинде кыргоол, кекилик, тоолордо улар, чөкө таан, бүркүт, жору, кузгун ж. б. кездешет. Өрөөндүн тоо-деңиз климаты, жаратылышынын өтө кооздугу, минералдуу ысык суу менен дары баткакка байлыгы, абанын жогорку деңгээлинде иондошкон - дугуж. адамдын организми жагымдуу таасирин тийгизген жаратылыш шарттары дүйнөлүк маанидеги курорт зонасын айландырды. Негизги курорт жана санаторийлери: «Жетөгүз», «Аксуу «Жыргалаң », «Тамга », «Көгүлтүр Ысык-көл» ж.б . Өрөөндө дан жана малчарбасы өнүккөн. Анда республиканын калкынын 13 %и отурукташкан. Кара Кол, Балыкчы, Чолпон ата шаары Каракол, Кажысай, Жыргалаң, Акбулак, Ортотокой ж. б. шаарчалар, көптөгөн кыштактар жайгашкан О. эле к. Ысык-Көл, Ысык-Көл курорт зонасы, Ысык-Көл облусу жана анын райондору жөнүндөгү макалаларды жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]