Арча
Арча (лат. Juniperus) — кээ бир булактарда *joini-parus* «бүчүр байлоо», ал эми кельт сөзүнөн Jeneprus — «саюучу» дегенди түшүндүрөт. Бул жалбырактарынын ийне сымал болушу менен түшүндүрөт. Өсүмдүктөрдүн кипаристер тукумунун уруусу, дайыма жашыл ийне жалбырактуу дарак же бадал. Бийиктиги 10-12, кээде 20-30 м. Эки үйлүү, айрымдары бир үйлүү; жаш өркүндөрүнүн жалбырагы ийне сымал, бара-бара түрпүгө айланат. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт. Тобурчактары эттүү, жемишке окшош, ичинде үчтөн уругу бар. Өтө жай, 500-1000 жыл өсөт. Жыгачы катуу, көпкө чирибейт. Арча жарыкчыл, кургакчыл, суукка чыдамдуу, тамыры терең жана жайылып өсүп, жер алдындагы сууну жана азык заттарды сиңирет. Ал туздуу деңиз жээктеринен тартып бийик тоо сырттарына, Түндүктүн саздуу токойлоруна, акиташтуу бийик тоо кыркаларына чейин кездешет. Кыргызстанда 10 түрү өсөт.
Таралышы жана экологиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул ууруга киргендер Түндүк жарым шарда, Арктикадан тарта субтропикалык тоолуу аймактарга чейин таралышкан. Бир гана Африкада өскөн батыш-африка арчасы (Juniperus procera), 18° түштүктө байырлайт. Көпчүлүк түрлөрү майда ареалдарды түзүшүп тоолу өлкөлөрдүн тоо системаларында бири-бирин толуктап өсұп келишет. Баарыбызга белгилүү болгон кадимки арча — Juniperus communis, чоң ареалды ээлейт. Дарак сымал арчалар, бийиктиги 10—15 м жетет. Мындай арчалар чакан токойлорду түзүп келишет. Буларды көбүнчө Борбордук Азиядан (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан ж.б.) жана кургак чөлкөмдүү Мексикадан, ошондой эле Түштүк Американын түштүк бөлүгүнөн жолуктурса болот. Арчанын башка түрлөрү майда бадалчалар болуп саналышат жана тоо этектерде чакан токойчолорду түзүп өсүшөт. Бойлору кичине болгон жайылып өскөн арчаларды тоо-таштуу жайлардан кезиктиребиз. Булар көбүнчө токойлодон жогору жайланышып аска тектүү кургак жайларда өсүшөт.
Арчалардын баардык түрлөрү күнөстүү жайларды сүйүүчү өсүмдүктөр, көпчүлүгү субстрат тандабайт жана ысыкка, туздуулукка, минералдык заттардын жетишсиздигине чыдамдуу келишет. Суукка чыдамдуулугу боюнча арчалар жогору турушат, кээ бир түрлөрү арктикалык зонада да өсүшөт.
Арчалардын көбөйүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Уруктар менен көбөйүшөт. Бирок уруктарын сепкенден кийин бир жылда өнүп чыгышат; Калемчелер менен көбөйүшөт; Тамырлары менен көбөйүшөт — көбүнчө жайылып өскөн арчалар; Кыйыштыруу менен көбөйүшөт — декоративдик арчаларды өстүрүүдө. Арчалар 600 жылга дейре жашашат. Жаратылышта калыбына келүүлөрү кыйынчылык менен жүрөт.
Ботаникалык мүнөздөмө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бүчүрлөрү кабырчыксыз, (Кадимки арча - Juniperus communis) кээ бир учурларда эки жагынан кичинекей жалбыракчалар менен капталган. Ал эми сөөктү арчанын (Juniperus drupacea) бүчүрлөрү көптөгөн кабырчыктар менен оролгон. Жалбырактары үч - үчтөн биригип турат, ийне сымал, учтуу келишет, узун-ланцеттүү, үстүнкү жагында үттөр менен кошо тарамыштар орун алышкан.
Арчалардын тизмеги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Урууда 50 - 67 чейин түрлөр бар.
- Juniperus angosturana R.P.Adams
- Juniperus ashei J.Buchholz — Мексика арчасы
- Juniperus barbadensis L. — Барбадосс арчасы
- Juniperus bermudiana L. — Бермуд арчасы
- Juniperus blancoi Martinez — Бланко арчасы
- Juniperus brevifolia — Азорий арчасы
- Juniperus californica Carriere — Калифорния арчасы
- Juniperus caucasica Fisch. ex Gordon — Кавказ арчасы
- Juniperus cedrus Webb & Berthel. — Жыгач арча, же кедр арчасы
- Juniperus chinensis L. — Кытай арчасы
- Juniperus coahuilensis (Martinez) Gaussen ex R.P.Adams
- Juniperus comitana Martinez
- Juniperus communis L. typus[8]* — Кадимки арча
- Juniperus conferta Parl. * — Суу жээктеген арча
- Juniperus deppeana Steud. — Калың терилүү арча
- Juniperus drupacea Labill. — Данектүү арча
- Juniperus durangensis Martinez
- Juniperus excelsa M.Bieb. * — Бийик арча
- Juniperus flaccida Schltdl.
- Juniperus foetidissima Willd. — Сасык арча
- Juniperus formosana Hayata — Формоз арчасы
- Juniperus gambona Martinez
- Juniperus gracilior Pilg.
- Juniperus grandis R.P.Adams — Чоң арча
- Juniperus horizontalis Moench — Жайылган арча
- Juniperus indica Bertol. — Индия арчасы
- Juniperus jaliscana Martinez
- Juniperus komarovii Florin — Комаров арчасы
- Juniperus macrocarpa Sm. — Чоң жемиштүү арча
- Juniperus maritima R.P.Adams — Примор арчасы
- Juniperus martinezii Perez de la Rosa — Мартинеса арчасы
- Juniperus monosperma (Engelm.) Sarg. — Бир уруктуу арча
- Juniperus monticola Martinez — Нагор арчасы
- Juniperus morrisonicola Hayata
- Juniperus mucronata R.P.Adams
- Juniperus navicularis Gand.
- Juniperus occidentalis Hook. — Батыш арчасы
- Juniperus osteosperma (Torr.) Little — Катуу жемиштүү арча
- Juniperus oxycedrus L. * — Саюучу арча же кызыл арча
- Juniperus phoenicea L. — Кызыл дандуу арча
- Juniperus pinchotii Sudw. — Пинчот арчасы
- Juniperus pingii W.C.Cheng
- Juniperus poblana (Martinez) R.P.Adams
- Juniperus polycarpos K.Koch * — Көп жемиштүү арча
- Juniperus procera Hochst. ex Endl. — Түндүк-африка арчасы
- Juniperus procumbens — Жатып өсүүчү арча
- Juniperus przewalskii Kom. — Пржевальский арчасы
- Juniperus pseudosabina Fisch. & C.A.Mey. * — Казацкий сымал арча
- Juniperus recurva Buch.-Ham. ex D.Don — Ийилген арча
- Juniperus rigida Siebold & Zucc. * — Катуу арча
- Juniperus sabina L. * — Казацкий арчасы
- Juniperus saltillensis M.T.Hall — Салтилло арчасы
- Juniperus saltuaria Rehder & E.H.Wilson
- Juniperus saxicola Britton & P.Wilson
- Juniperus scopulorum Sarg. — зоо арчасы
- Juniperus semiglobosa Regel * — Жарымшар арчасы
- Juniperus sheppardii (hort. Veitch) Melle — Шеппард арчасы
- Juniperus squamata Buch.-Ham. ex D.Don — Кабырчыктуу арча
- Juniperus standleyi Steyerm. — Стенли арчасы
- Juniperus taxifolia Hook. & Arn. — Тисс сымал арча
- Juniperus thurifera L. — Ладан арчасы
- Juniperus tibetica Kom. — Тибет арчасы
- Juniperus virginiana L. * — Виргин арчасы
- Juniperus wallichiana Hook.f. & Thomson ex Brandis — Валлиха арчасы
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1