Орто Азия
Орто Азия | |
Аянты |
1 281 475 км² |
---|---|
Калкы |
58 млн. ашуун адам |
Жыштыгы |
45 адам/км² |
Курамында |
4 өлкө |
Убакыт аралыгы |
+5 — +6 |
Интернет-домени |
.kg, .uz, .tg, .tm |
Ири шаарлары |
Орто Азия — Азиядагы тарыхый-географиялык аймак. Заманбап түшүнүгүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды камтыйт.
Орусиялык чыгыш тануучулар үчүн «Орто Азия» (орус. Средняя Азия) менен «Борбордук Азия» (орус. Центральная Азия) түшүнүктөрү бирдей болгон эмес.
Орусиялык тарыхчы С.М. Соловьёвдун 1851-жылкы тарых китебинде «Орто Азия» (орус. Средняя Азия) термини Чыгыш Европа түздүгүнөн түштүк-чыгышта жана Каспий деңизинен чыгыш тараптагы дала географиялык чөлкөм деп түшүнүлүп, колдонулган[1].
Түшүнүк алгач Орусия империясында Орус Түркстанды белгилөө үчүн колдонулган. Анын чегинде Закаспий, Сыр-Дарыя, Жети-Суу, Фергана жана Самарканд облусу курамындагы Түркстан генерал-губернаторлугу жана Орусия империясына көз каранды Бухара эмирлиги менен Хива хандыгы жайгашкан. 1917-жылы улам революциялардан Орусия империясы кулагандан кийин мурдагы Түркстан крайында (1886-жылына чейин Түркстан генерал-губернаторлугу) 1918-жылы Советтик Орусиянын курамында Түркстан АССР түзүлөт. Советтер Союзу учурунда 1924-жылы улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшү өткөндөн кийин жана 1936-жылына чейинки советтик мамлекеттүүлүк өнүгүшүнүн жыйынтыгында төрт биримдик республикасы калыптанат: Кыргыз ССР, Өзбек ССР, Тажик ССР, Түркмөн ССР. Алар Орто Азиялык экономикалык аймакты түзүшкөн. Мындан аларды «Орто Азия республикалары» деп айтып калышкан. 1924-жылындагы улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшүндө Орто Азиянын айрым аймактары Казакстанга өтүп кеткен. Бирок совет доорунда Казакстан Орто Азия бөлүгү катары эсептелген эмес. Беш республиканы камтыган аймакты «Казакстан жана Орто Азия» деп аташкан.
«Орто Азия» түшүнүгүн көп маанилүү «Борбордук Азия» түшүнүгү менен адыштырбоо керек. 1990-жылдардын башында «Орто Азия» ордуна «Борбордук Азия» колдоно баштайт. Азыркы учурда ал түшүнүктөр бир бирин коштоп колдонуп келгендиги үчүн туура түшүнүү боюнча күмөн жаратып келет.
1992-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Орто Азия саммитинде «Борбордук Азия» түшүнүгү пайдасына «Орто Азия жана Казакстан» түшүнүгүнөн баш тартууну сунуштаган[2]. ЮНЕСКО «Борбордук Азия» түшүнүгүнө башка аныктама берген. Ага ылайык Борбордук Азия айтылган өлкөлөрдөн тышкары Монголия, Батыш Кытай жана Түштүк Сибирди камтыйт. Бул аныктама география илиминде да колдонулат.
Манас эпосунда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Манас, Семетей, Сейтек эпосторунда Орто Азия/Борбор Азия чөлкөмүндө жүздөгөн топонимикалык жер-суу аталыштары байма-бай жолугуп турат. Манастагы Орто Азия топоними Түндүк Сибирь, Түштүк Сибирь жерлеринин генеалогиялык байланышын камтыган окуяларды чагылдырат. Бул топоним илимий чөйрө менен тааныш манасчылардын варианттарында гана жолугат[булак?]. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында: «Орто Азия жерибиз Орчун кыргыз элибиз». Анткени бул термин европалык окумуштуулардын эмгектеринде 19-кылымдын 1-жарымынан тартып гана колдонула баштаган[булак?].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
Дүйнө макроаймактары | |
---|---|
Европа | Батыш • Чыгыш • Түштүк-Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Батыш • Батыш • Түндүк-Батыш • Борбордук |
Азия | Түндүк • Сибирь • Түштүк-Батыш • Жакынкы Чыгыш • Ортоңку Чыгыш • Түштүк Кавказ (жарым-жартылай) • Борбордук • Орто Азия • Чыгыш • Ыраакы Чыгыш • Түштүк • Түштүк-Чыгыш |
Африка | Түндүк • Батыш • Борбордук • Чыгыш • Түштүк |
Америка | Түндүк • Вест-Индия • Латын • Борбордук • Түштүк |
Океания | Австралия жана Океания • Меланезия • Микронезия • Полинезия |
Полярдык аймактар | Арктика • Антарктика |
Океандар | Атлантика океаны • Инди • Түндүк Муз • Тынч • Түштүк |