Дүйшөмбү (шаар)

Wikipedia дан
(Душанбе барагынан багытталды)
Шаар
Дүйшөмбү
таж. Душанбе
Герб
Герб
Өлкө Тажикстан
Координаттар 38°34′23″N 68°47′11″E / 38.57306°N 68.78639°E / 38.57306; 68.78639Координаттары: 38°34′23″N 68°47′11″E / 38.57306°N 68.78639°E / 38.57306; 68.78639
Ички бөлүнүшү 4 район
Шаардын төрагасы Махмадсаид Убайдуллоев
Негизделген күнү XVII кылым
Биринчи белгиленген 1676
Мурунку аталышы Сталинабад
Шаар статусу 1925
Аймагы 126,6 км²
Борборунун бийиктиги 706 м
Калкы 793 000 адам (2015)
Жыштыгы 6253 адам/км²
Агломерация 1 473 400 (2015)
Улуттук курамы тажиктер, өзбектер, орустар
Диний курамы мусулмандар, христиандар
Этнохороним дүйшөмбүлүк, дүйшөмбүлүктөр
Убакыт аралыгы UTC+5
Телефон коду +992 37
Почта индекси 734000
Автоунаа коду 01TJ, 05TJ
Расмий сайты http://www.dushanbe.tj
Дүйшөмбү (шаар) (Тажикстан)
Locator Dot2.gif

Дүйшөмбү (таж. Душанбе, 1929-1961 жылдарында Сталинабад) — Тажикстандын борбор калаасы, өлкөнүн эң ири илимий, саясий, маданий, экономикалык, өнөр-жай жана административдик борбору. Дүйшөмбүдө өлкөнүн мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары жайгашкан, анын ичинде Президенттик сарайдагы Тажикстан Республикасынын Президентинин резиденциясы.

Калкынын саны 2016-жылдын 1-январына карат 802,7 миң адамды түздү, жалпы Душанбе алгомерациясынын саны — 1485,1 миң адам.

2017-жылдын 12-январынан баштап шаар башчысы — Рустами Эмомали.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйшөмбү шаары Ысар өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 750—930 метр бийиктикте жайгашкан. Аймагы  — 127 км². Шаар аркылуу түндүктөн түштүккө карай Варзоб (Дүйшөмбү-дарыя) суусу агып өтөт. Ал дарыя шаардын борборундагы "Комсомол" көлүнө суу берет. Чыгыштан батышка карай Кафирниган дарыясы агып өтөт. Шаардан түндүккө карай Варзоб капчыгайы жагашкан — ал жерде көптөгөн эс алуу жайлары жайгашкан.

Дүйшөмбү шаарынын сейсмикалуулугу бир топ жогору. XX кылымдын 30-40-жылдарынын куруу нормалары боюнча 7-8 балл деңгээлиде бааланган. Жер титирөөлөрдү Дүйшөмбү сесмологиялык станциясы байкоо жүргүзүп турат.

Дүйшөмбүдө жай мезгили узак жана ысык, жаан-чачын чанда болот. Кыш мезгили салыштырмалуу кыска. Кышкысын абанын нымдуулугу көтөрүлгөндүктөн, кыш абдан көп жаан-чачын менен коштолот. Жаз мезгили салыштырмалуу узак, тез-тез чагылгандуу жаан жаап турат. Эрте күз кургак, бирок кийин күз жамгырдуу жана нымдуу болот. Кургак (июнь-октябрь) жана нымдуу (декабрь-май) деп эки мезгилге бөлүнөт. Январь айынын орто температурасы — 1 °С, июлдуку — 28 °С.

Расмий символдору[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйшөмбү шаарынын расмий кабыл алынган символу — Герб. Гербдин авторлору С. Курбанов жана А. Н. Заневский.

Административдик-аймактык бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Дүйшөмбү — Тажикстандагы райондорго бөлүнгөн жалгыз шаар. Ошондуктан, шаардык элдик депутаттар Кеңеши жана аткаруучу бийлиги (Хукумат) областтык статуска ээ. Райондордо аткаруучу бийликтин өкүлдөрү болуп район башчылары эсептелет.

2013-жылдын 18-июлунда шаар аймагын үч эсе кеңейтүү пландары жарыяланган.

Дүйшөмбү шаары төрт районго бөлүнөт, ар бир райондун өз администрациясы бар (райондук хукумат).

Райондун аталышы Мурунку аталышы Аймагы,
км²
Калктын саны,
адам (2016)
Район башчысы
1. Исмоили Сомони району Октябрь району 25,8 141 500 Курбонов Аламхон Джамилович
2. Сино району Фрунзе району 43,8 307 300 Сафаров Зафар Абдуллоевич
3. Фирдавси району Борбордук район 29,1 198 300 Алиев Саиднуриддин Акрамович
4. Шохмансур району Темир-жол району 27,9 155 100 Бобоев Самандар Бобоевич

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Тажикстан Республикасынын Президенти алдындагы Статистика агенттигинин 2016-жылдын 1-январына карата маалыматы боюнча, Дүйшөмбүнүн туруктуу калкынын саны 802 700 адамды түзгөн. Калкынын жыштыгы — 6366 адам/км². Дүйшөмбүдө республиканын калкынын 9% жашайт.

Өнөр-жай[оңдоо | булагын оңдоо]

Борбор шаарынын өнөр-жай комплекси 230 өнөр-жай ишканаларын камтыйт. Бул ишканаларда 19 миң шаар тургундары иштейт. Ишканаларда 300дөн ашык продукциянын атылышы өндүрөлөт. Дүйшөмбүдө өндүрүлгөн, экспортко чыга турган негизги продукция — бул пахтадан жасалган жиптер жана кездемелер, чулки-байпак продукциясы, кабелдик буюмдар, арматура, айыл-чарба азыктарын өндүрүүчү буюмдар, соода жабдыктары жана башкалар.